Жалал-Абад шаарында спорт мектептеринин окуучуларынын арасында спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча "Келечек" республикалык спартакиадасы башталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Спорттук оюндардын ачылышы 15-майдын кечинде “Курманбек” атындагы борбордук стадионда өттү.
“Уюштурулуп жаткан олимпиада республикабыздын түрдүү облустарынан келген окуучулардын ынтымагын чыңдоо менен бирдикте чоң ийгиликтерди жаратууга өбөлгө болот деп ойлойм. Силер өлкөнү дүйнөгө спорттогу ийгилигиңер аркылуу тааныта аласыңар”, - деди өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Ислам Масабиров.
15-20-май күндөрү өтө турган спартакиадага бардык облустардан келген 1400гө чукул спортчу катышты. Өспүрүмдөр спорттун тогуз түрү (грек-рим күрөшү, эркин күрөш, волейбол, баскетбол, футбол, жеңил жана оор атлетика, бокс, дзюдо) боюнча күч сынашат. (RsK)