Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун “Бизнести ирилетүү жана чакан орто ишканаларды өнүктүрүү” долбоорунун алкагында Жалал-Абад JIA бизнес ассоциациясынын алдында ишкерлерди колдоо борбору ачылды.
Борбор ишкерлерге бизнес маалыматтарды жайылтуу, кеңеш берүү, ишкердикти уюштурууга жана өркүндөтүүгө көмөктөшүүгө кызмат көрсөтөт. Долбоор “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылында президенттин жарлыгынын аткарылышына салым кошот дешет уюштуруучулар.
Ишкердикти колдоо борборунун ачылышына ЕККУнун Бишкектеги бюросунун жетекчиси Пьер фон Аркс, экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ишкерлер катышты. Мындай борбор ЕККУнун колдоосу менен былтыр Ошто жана жакында эле Баткенде ачылган.
JIA бизнес-ассоциациясы 2006-жылы Бишкек шаарында демилгелүү жана идеялуу ишкерлердин аракети менен түптөлгөн. Ассоциация өлкөнүн ири облустарындагы чакан жана орто бизнес өкүлдөрүнүн башын бириктирет жана миңден ашык мүчөсү бар. Анын өкүлчүлүктөрү АКШ, Жапония, Кытай, Украина, Монголия жана Индия мамлекеттеринде жайгашкан. Жалал-Абадда 2013-жылы ачылган ассоциацияга 120 ишкер мүчө. (RsK)