Израил мамлекетинин негизделишинин 71 жылдыгына байланыштуу өткөн нааразылык акциялар маалында Газа тилкеси менен чектеш жерде 50гө жакын палестиналык жаракат алды. Бул тууралуу "Reuters" агенттиги жазды.
Израилдин Коргонуу армиясынын маалыматына караганда, нааразылык акцияларга 10 миңге жакын киши катышууда.
«15-майда демонстранттар дөңгөлөктөрдү өрттөп, израил аскерлерин көздөй таш ыргытышкан. Күбөлөрдүн айтымында, аскерлер жооп катары согуштук жана желим октор менен атып, көздөн жаш агызчу газдарды колдонушту. Израил Коргонуу армиясы алардын операциясы коргонуу мүнөзүнө ээ экенин билдирүүдө», — деп жазды Reuters.
Мындан тышкары палестиналыктар Батыш жээкте дагы бир нече нааразылык акцияларын өткөргөнү кабарланууда. Ал аймакта израил аскерлери менен олуттуу кагылышуулар болгону тууралуу маалыматтар жок.
Палестин автономиясынын Саламаттык сактоо министрлиги жабыркагандардын жаракаттары тууралуу так маалымат тарата элек.
Израил менен Палестина автономиясынын ортосундагы жаңжал быйыл майдын башында кайрадан курчуган. Анда палестин көзгө атары эки израил аскерин жарадар кылган. Жооп катары израил аба күчтөрү ХАМАСтын позицияларына чабуул жасап, эки палестиналык каза болгон. Андан соң Газа тилкесинен Израилди көздөй жүздөгөн ракета учурулуп, төрт израилдик мерт болуп, ондогон киши жаракат алган. Израил соккуларынын жыйынтыгында 20га жакын палестиналык мерт болгон. Арасында аскерлештирилген топтордун мүчөлөрү менен катар жай тургундар дагы болгон. Жалпысынан соккулар ХАМАС жана «Ислам жихады» топторунун 300дөн ашык объектисине урулган.
1948-жылы май айында айрым араб өлкөлөрү Израил мамлекетинин түзүлгөндүгү тууралуу БУУнун чечими менен макул болбой, израил куралдуу күчтөрүнө каршы аскердик операцияларды башташкан. Израил чабуулдун мизин кайтарып, араб аймактарынын бир бөлүгүн басып алган. Аскердик аракеттердин жүрүшүндө араб калкы Израилдин карамагына өткөн аймактардан жапырт чыгып кете баштаган.
Түрдүү маалыматтар боюнча палестин качкындарынын саны 600 миңге чейин жеткен. Кийин бул окуялар араб дүйнөсүндө "Накба" деген аталышка ээ болгон. 1949-жылы согуш аяктагандан кийин 800 миңден ашык еврей араб өлкөлөрүнөн Израилге жана башка өлкөлөргө качкан.