Орусиянын президенти Владимир Путин уюшкан кылмыш топторунун лидерлери өз ыктыяры менен кылмыштуу иштерден баш тартса жана ага бөгөт коюуга көмөктөшсө, аларды жазадан бошотууну сунуштады. Путин мындай демилге менен Мамлекеттик думага кайрылды. Кылмыш кодексине сунушталган тактоолор орус парламентинин расмий сайтына жарыяланды. Орусия лидери кылмыштуу топторго катышкандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзам долбоорун да сунуш кылды. Анда негизинен уюшкан кылмыштуу топтордун башчыларын 15 жылга... Читать дальше...
Орусиянын Магнитогорск шаарындагы көп кабаттуу үйдөгү жарылуудан кийин урандылардын алдынан табылып, аман калган наристе ооруканадан чыкты. Куткаруучулар урандылардын алдынан таап чыккан Иван Фокин бир жарым айдай бейтапканада жатып, 14-феврада чыгарылды. Магнитогорск шаарындагы өздөрү жашаган көп кабаттуу турак жай жарылуудан урап түшкөндө Фокин он айлык болчу. Аны куткаруучулар жардыруу болгондон 35 сааттан кийин табышкан. Наристенин мээси чайкалып, сөөктөрү сынган, ички органдары жабыркап, катуу үшүп калганы айтылган. Читать дальше...
Тажикстандын Бажы кызматы баптист чиркөөсүнүн буйрутмасы менен өлкөгө алынып келинген 5 миң жылнаама өрттөлгөнүн ырастады. Мекеменин маалыматына караганда, жылнаамалар Душанбе аэропортунан 2018-жылдын 18-декабрында конфискацияланган. 13-февралда Тажикстанда каттоодон өткөн «Евангелий христиан-баптисттери» аттуу христиан уюмунун өкүлдөрү бийлик алар алып келген жылнаамаларды мыйзамсыз тартып алып, өрттөп салганын билдиришкен. Аларды алып келгени үчүн уюмга 420 доллар айыппул салынган. Уюмдун өкүлдөрүнүн айтымында... Читать дальше...
Германиянын контрчалгын милдетин аткарган Конституцияны коргоо боюнча федералдык мекемеси (BfV) ашынган оңчул партиялар менен Орусиянын байланышын иликтеп жатат. Бул тууралуу бейшембиде чалгындагы булактарга таянуу менен Германиядагы "Madsack" медиа тобуна кирген бир нече гезит жазып чыкты. Маалыматка караганда, 12-февралда Потсдамда Конституцияны коргоо боюнча федералдык мекеменин жетекчилери аймактык бөлүмдөрдүн өкүлдөрү менен жолугушкан. Анда Москва быйыл майда Европада боло турган шайлоого... Читать дальше...
Казакстан менен Кыргызстандагы турак үйлөрдүн өрттөнүшү социалдык оор көйгөйдү ачыкка чыгарды. Казакстандык энелер жөлөкпулду көтөрүүнү жана башка маселелерди чечүүнү талап кылып жатышат.
Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Ихтиёр Абдуллаев коррупция боюнча айыпталып камакка алынганы кабарланууда. Бул тууралуу "Азаттыктын" өзбек кызматы өз булактарына таянып жазып чыкты. Алардын маалыматына караганда, Абдуллаев бир айга камалып, Мамлекеттик коопсуздук кызматынын тергөө абагында сурак берип жатат. Буга чейин өзбекстандык маалымат каражаттары Ихтиёр Абдуллаев ден соолугуна байланыштуу 11-февралда кызматтан кеткенин жана ошол эле күнү кармалганын жазышкан. Читать дальше...
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Өзгөчө маанилүү иштерди тергөө боюнча башкармалыгынын Ж.Н. аттуу тергөөчүсү, милициянын подполковниги 1700 доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди. Маалыматка караганда, тергөөчү кылмыш ишинин фигурантынан пара алып жаткан. - Миилциянын подполковнигин кармоо иштери Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча өндүрүштө... Читать дальше...
Башкы прокуратура Бишкек ЖЭБин модернизациялоого кеткен Кытай насыясынан мамлекет 111 миллион доллар зыян тартканы тергөөдө аныкталганын билдирди.
Бээжин менен Вашингтон соода сүйлөшүүлөрүнүн акыркы айлампасын өткөрүүдө. Москвада нормадан ашык иштегени үчүн акы талап кылган мигранттар айыпка жыгылышты. Тажикстанда баптист чиркөөсүнүн буйрутмасы менен өлкөгө алынып келинген беш миң календарь өрттөлдү.
Кыргызстанда экс-президентти кол тийбестик макамынан ажыратуу боюнча мыйзам долбоору баштагыдан кыйла өзгөртүлүп, парламент аны экинчи окууда жактырды.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия диний теманы чагылдырган журналисттерди кылдат болууга чакырып жатат.
14-февраль - Ыйык Валентин күнү же Махабат күнү.
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигине караштуу мектеп жана студенттик спортту өнүктүрүү дирекциясынын жетекчиси Эркин Абдылдаев ЖОЖ окутуучулары арасындагы спартакиада жыл сайын өтөрүн айтты.
11-февралда Бишкектин четиндеги Келечек жаңы конушунда үй өрттөнүп, үч бала иске ууланып ооруканага түштү. Тилсиз жоо тутанган учурда үйдө эч ким болгон эмес. Балдардын атасы жумушта болсо, апасы догдурга көрүнгөнү кеткен. Өрттү көчөдөн өтүп бараткан кыз байкап калып, кошуналарды чакырган. Алар үч бир тууган наристени алып чыгып, ооруканага жеткиришкен.
“Түндүк Македония Республикасына кош келиңиздер”. Мындай жазуулар Грекия менен мурдагы Түндүк Македониянын чек арасына орнотула баштады.
Конституциялык палата Жер кодексинин 11-беренеси боюнча ишти карагандан кийин 13-февралда ушундай чечим чыгарды. Ага ылайык, Жер кодексинде "чет өлкөлүк уюм же ишкана" түшүнүгү чет өлкөдө түптөлүп, катталган гана ишканалар эмес, чет өлкөлүктөрдүн катышы менен Кыргызстанда түптөлүп катталган ишканаларга да тиешелүү. Чечимде жер кыргыз элинин негизги жашоосу менен ишмердигинин негизи болгондуктан, мамлекет тарабынан өзгөчө коргоого алынганы белгиленип, чет өлкөлүк ишканалар жерге ээлик кылышына тыюу... Читать дальше...
“Саат” деген сөздүн маанисин чечмелейли. “Жамгыр саат болуп, талаадагы чөбүм тартылбай калбадыбы” дейт. Бул жерде жамгыр жаап, чөбү тартылбай калганына кейип жатат.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Жакынкы Чыгыштагы кыйынчылыктарга каршы туруу үчүн "кызматташтыктын жаңы доорун" баштоого үндөдү. Бул тууралуу Помпео бейшемби күнү Варшавада өтүп жаткан Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жана коопсуздук маселеси талкууланган конференцияда билдирди. Өз сөзүндө ал Жакынкы Чыгыштагы Сирия менен Йемен сыяктуу өлкөлөрдө өкүм сүрүп жаткан жаңжалдар өзүнөн-өзү чечилип калбай турганын, ал үчүн өнөктөштөр чогуу иш алып барышы керектигин белгиледи. Ошондой эле Иранга каршы... Читать дальше...
Оштун Араван районунда жазгы талаа иштери быйыл жылдагыдан эрте башталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Араван районунун акимининин биринчи орун басары Топчубай Сатыбалдиев маалымдады. Учурда айдоо аянттарындагы арыктарды тазалоо сыяктуу жазгы талаа иштери жүрүп жатат. Райондогу Тепе-Коргон, Нургат, Чек-Абад, Юсупова, Алиянаров айыл өкмөттөрүндө бүгүнкү күндө 500 гектар жерге картөшкө, 100 гектар жерге капуста эгилди. Жылдагыга салыштырмалуу быйыл жазгы талаа иштери 10 күн эрте башталып жатат. (TSh/ErN)
Электрондук паспорт даярдай турган компанияны тандоо боюнча тендерден чыр чыкты.
15-февралда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз -1…+4; Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -15…-20, күндүз -6…-11; Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз -1…+4; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 5…10; Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10... Читать дальше...
Орусиянын, Түркиянын жана Ирандын президенттери Сириядагы соңку кырдаалды талкуулаш үчүн Сочи шаарына чогулууда. Кремль маалымдагандай, тараптар 14-февралдагы жолугушууда согуштан кийин Сириянын жаңы Конституциясын жазып чыгуучу комитетти түзүү маселесин талкуулашмакчы. Расмий Анкара бул жолу Жакынкы Чыгыштагы жети жылдан бери токтобогон кризиске туруктуу чечим табуунун жолу ортого салына турганын маалымдады. Владимир Путиндин, Режеп Тайып Эрдогандын жана Хасан Роуханинин бул жолку кездешүүсү... Читать дальше...
Үч жашар бала менен бир жашар баланын абалы дагы эле оор, эки жашар бала өзүнө келген, анын абалы ага-инисине караганда жакшыраак. Бул тууралуу "Азаттыкка" эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин кеңешчиси Дайырбек Орунбеков билдирди. Анын айтымында, 11-февралдагы өрттө болгон мүлкүнөн ажырап калган үй-бүлө жакыр жашаган үй-бүлөлөрдүн тизмесине киргизилди. - Эми мамлекет тарабынан төлөнүүчү жөлөкпул берилет, - деди ал. - Министрликте акчалай жардам берүүгө мүмкүнчүлүк жок, атайын фонд жок. Ошондуктан башка жардам бергиси келген уюмдардын... Читать дальше...
Тажикстандын Аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча комитетинин төрайымы Махбуба Азимова кийинки президенттик шайлоодо аялдардын талапкерлигин коюшуна каршы экенин билдирди. - Бизге эмне жетишпейт? Биз эл тарабынан шайланган, эң татыктуу улут көсөмүнө чакырык ташташыбыз керекпи? - деп жооп берди шаршемби күнү Азимова аялдардын шайлоого катышуусу тууралуу "Азаттыктын" тажик кызматынын суроосуна. Ал «тажик аялдары коомдогу аялдардын ролун жогорулаткандыгы үчүн мамлекет башчы Эмомали Рахмонго чексиз ыраазы болушу керек» деп кошумчалады. Читать дальше...
Аялдар абагында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 350 аялдын жүздөйү "киши өлтүрүү" беренеси менен соттолгон. Бул жалпы соттолгондордун 25% түзөт. Алардын жарыманан көбү арасында күйөөсүн же зомбулук көрсөткөн башка адамды өлтүрүп алгандар. Мыйзамда зордукчул, кызыл камчы күйөөнү кокустан өлтүрүп алган учурда "өзүн коргоо" беренеси болгон менен бул көп учурда тергөөдө же соттук териштирүүдө эске алынбай калат. "Аялзат" берүүсүнүн бул жолку чыгарылышы ушул маселеге арналат.