АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Жакынкы Чыгыштагы кыйынчылыктарга каршы туруу үчүн "кызматташтыктын жаңы доорун" баштоого үндөдү.
Бул тууралуу Помпео бейшемби күнү Варшавада өтүп жаткан Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жана коопсуздук маселеси талкууланган конференцияда билдирди. Өз сөзүндө ал Жакынкы Чыгыштагы Сирия менен Йемен сыяктуу өлкөлөрдө өкүм сүрүп жаткан жаңжалдар өзүнөн-өзү чечилип калбай турганын, ал үчүн өнөктөштөр чогуу иш алып барышы керектигин белгиледи.
Ошондой эле Иранга каршы турмайынча Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу кыйын болоорун кошумчалады.
Расмий Тегеран чөлкөмдөгү кырдаалды талкуулаган Варшавадагы конференцияны "Иранга каршы кастык жыйын" деп атаган.
13-февралда башталып, 14-февралда жыйынтыктала турган иш-чарага 60тай өлкөдөн өкүлдөр, дипломаттар чакырылган. Ага Европа мамлекеттеринин министрлери, анын ичинде Орусиянын башкы дипломаты да катышкан жок.