Жалал-Абад шаарынын авто бекет тарабынан кире бериште, Ленин көчөсүнүн жээгинде өсүп турган, ар жазда кыпкызыл болуп гүлдөгөн дарактар шаардын көркүнө көрк кошуп, адамдын көңүлүн өзүнө бурат.
"Евразиялыктар - жаңы толкун" фондунун" иликтөөсүнө караганда Кыргызстандагы социалдык тармактарды колдонуучулардын 46 пайызга жакыны "Фейсбукка" кирет.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын мүчөлөрү менен жолугушат. Жолугушуу мамлекеттик резиденцияда болоору тууралуу интернетте тараган маалыматты фракция мүчөсү Эльвира Сурабалдиева ырастады: - Саат ондо биз Социал-демократтар партиясынын лидери менен жолугабыз. Мен партиянын мүчөсү катары жолугушууга барам. Сурабалдиеванын маалыматы боюнча, жолугушуу тууралуу жума күнү кабарланган. Кыргызстан социал-демократтар партиясынын лидери, экс президент... Читать дальше...
Мелдеште 18 жаштан жогорку курактагы спортчулар беш салмактык категория арасында күч сынашат
14-апрелде "Ар.Рух.Хак" укук коргоо уюмунун жетекчиси Бахытжан Торегожина Казакстандагы "саясий туткундардын" жаңыланган тизмесин жарыялады. Тизме эл аралык Amnesty International жана Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясы уюмдарынын критерийлеринин негизинде жергиликтүү укук коргоочулардын эксперттик кеңеши тарабынан 4-апрелде кабыл алынган. Ага 2016-жылы соттолгон укук коргоочулар Макс Бокаев менен Талгат Аян, 2017-жылы соттолгон кесиптик кошуун лидерлери Амин Елеусинов менен Нурбек Кушакбаев... Читать дальше...
Өзбекстан Улуттук телерадиокомпаниясынын коопсуздук боюнча төрага орун басары Абдусалом Шодмонов кызматтан алынды. Ал компания жумушчуларын көзөмөлдөө, ошондой эле кызматкерлерди жумушка алуу жана кетирүү иштери менен алектенип келген. Маалыматка караганда, Абдусалом Шодмоновдун иштен алынышы менен ал ээлеп турган кызмат дагы жоюлду. Улуттук телерадиокомпанияда 21 жыл иштеген ташкенттик журналист Малохат Эшанкулованын айтымында, Шодмоновдун жетекчилиги менен телеканалда "оппозиция өкүлдөрүн,... Читать дальше...
Орусияда окуган түркмөнстандык студенттер банк карталарынан ата-энеси жөнөткөн акчаны ала албай, түрдүү кыйынчылыктарга туш болуп жаткандыгын билдиришти. Буга байланыштуу алардын көбү окуу акысын төлөй албай, университеттен чыгарылганы турат. "Деканаттан семестр аяктаганга чейин акча төлөнбөсө окуудан чыгарыла турганыбызды эскертишти. Орусияда өтө турган футбол боюнча дүйнө биринчилигине байланыштуу сессия алдыга жылдырылган. Мындан улам окуу акысын убагында төлөө үчүн түркмөнстандык студенттердин көбү күнү-түнү иштеп жатышат"... Читать дальше...
Орусияда окуган түркмөнстандык студенттер банк карталарынан ата-энеси жөнөткөн акчаны ала албай, түрдүү кыйынчылыктарга туш болуп жатканын билдиришти. Буга байланыштуу алардын көбү окуу акысын төлөй албай, университеттен чыгарылганы турат. "Деканат семестр аяктаганга чейин акча төлөнбөсө окуудан чыгарыла турганыбызды эскертти. Орусияда өтө турган футбол боюнча дүйнө биринчилигине байланыштуу сессия алдыга жылдырылган. Ушундан улам окуу акысын убагында төлөш үчүн түркмөнстандык студенттердин көбү күнү-түнү иштеп жатышат"... Читать дальше...
Өкмөт башчы жаңы мектептерди куруудан баштап, пайдаланууга өткөрүп берүүгө чейинки сапатына толук көңүл бурууну өкмөт мүчөлөрү менен жолугушууда талап кылды. 13-апрелде бир катар мамлекеттик мекемелердин жетекчилери менен жолугушкан учурда, премьер-министр Сапар Исаков курулуш компаниялардын каржылык мүмкүнчүлүгүнө жана абийиринин тазалыгына көңүл буруу зарылдыгын айтты: - Курулган объекттер толук көлөмдө өткөрүлүп берүүгө тийиш. Эң башкысы - сапатын текшергиле. Бардык жаңы курулган мектептерди текшергиле... Читать дальше...
Өткөн жылы өлкөдө ымыркайлардын өлүмү мурдагы жылдагы көрсөткүчтөн 6% азайып, миң баланын 15ине туура келген. Ал эми энелердин өлүмү тескерисинче көбөйгөн. 2017-жылы жүз миң аялдын 31и төрөт учурунда көз жумган. Бул мурдагы жылдагы көрсөткүчтөн дээрлик 3% көп. 2015-жылы Кыргызстанда 63, ал эми 2014-жылы 80 аял төрөт учурунда көз жумган. Энелердин өлүмү Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарында көп катталган. Буга ички жана тышкы миграция, витаминдүү тамак-аштарды жебегендик, аз кандуулук себеп болуп жатканы белгиленет. Читать дальше...
Алдын ала маалыматтар боюнча, президенттик шайлоодо башкаруучу Демократиялык партиянын лидери Мило Джуканович добуштардын 55,1 пайызын алганы кабарланды. Анын негизги атаандашы, европачыл Младен Боянич 35 пайыз добушка ээ болгон. Черногориянын мамлекет башчылыгына жети талапкер ат салышкан. Мурдагы шайлоолордон айырмаланып, бул жолу талапкерлердин арасында аял да бар. Драгиня Вуксановичти оппозициялык Социал-демократиялык партиясы көрсөткөн. Өлкөдө 532,599 шайлоочу катталган. Байкоочулардын... Читать дальше...
16-апрелде борбор калаанын Так пландаштыруу планынын демилгечилери Биринчи Май районунун тургундары менен жолугушат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады. Бишкек шаарынын Так пландаштыруу планы коомдук талкууга өткөн айда чыгарылган. Бишкектеги долбоорлоо институтунун жетекчиси Жыргалбек Асаналиевдин маалыматы боюнча, баш калааны Так пландаштыруу планына шаар борборундагы 3 540 гектар жер камтылган. Борбордук бөлүктө 53 бала бакча, 47 мектеп, ал эми 250 гектар жерди парк ээлейт дешет авторлор. Читать дальше...
АКШнын Финансы министрлиги 16-апрелде Орусияга карата жаңы санкциялардын тизмесин жарыялайт. Бул тууралуу АКШанын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли CBS News телеканалына курган маегинде билдирди. Анын айтуусунда, жаңы санкциялар Сириянын президенти Башар Асадды химиялык курал колдонууга байланыштуу жабдыктар менен жабдууга тиешеси бар бардык ишканаларга киргизилет. АКШнын Орусиядагы элчиси Жон Хантсман Орусиянын Тышкы иштер министрлигине Башар Асадды колдогону үчүн жаңы санкциялар болоору тууралуу... Читать дальше...
Парламенттеги социалдык саясат жана билим берүү комитети окуучуларга мектепте смартфон алып жүрүүгө тыюу салуу боюнча токтом долбоорун карайт. Авторлор бл долбоор мектеп окуучуларынын адеп-ахлагын сактоо менен билим алуусун жакшыртууга багытталганын айтышты. Алардын белгилөөсү боюнча смартфондор аркылуу балдар интернеттеги терс таасири көп дүйнөгө азгырылып жатышат, алар телефондорун мектепте сабакка көңүл бурбай колдонгон учурлар көп катталууда. Долбоор авторлору смартфондорду мектеп аймагында колдонууга тыюу салууну сунуштап жатышат. Читать дальше...