16-апрелде борбор калаанын Так пландаштыруу планынын демилгечилери Биринчи Май районунун тургундары менен жолугушат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.
Бишкек шаарынын Так пландаштыруу планы коомдук талкууга өткөн айда чыгарылган. Бишкектеги долбоорлоо институтунун жетекчиси Жыргалбек Асаналиевдин маалыматы боюнча, баш калааны Так пландаштыруу планына шаар борборундагы 3 540 гектар жер камтылган. Борбордук бөлүктө 53 бала бакча, 47 мектеп, ал эми 250 гектар жерди парк ээлейт дешет авторлор. Алардын айтымында, Так пландаштыруу планы Бишкек шаарын бийикти көздөй өстүрүү жана жер үстүнөн жүрүүчү метро линиясын куруу максатын көздөйт.
Бишкекте Так пландаштыруу планын буга чейин жарандык активисттер сындап чыгышкан. Алар долбоорго мектеп, бала бакча, парктар аз киргизилип, негизинен соода жана көңүл ачуу жайлары ээлеп калганын айтып келишет. (ZKo)