Кытайда жапырт куугунтукталып жатат деген этникалык казактардын көйгөйү Астанада өкмөттүк саатта көтөрүлдү.
Еревандагы толкундоолорго карабай бүгүн Армения парламентинин эки фракциясы - Республикалык фракция жана Армян революциясынын федерациясы (Дашнакцутюн) бир добуштан мурдагы президент Серж Саргсяндын талапкерлигин премьер-министрликке көрсөттү. Парламентте добуш берүү 17-апрелде болору күтүлүүдө. Экс-президенттин бийликке кайра келишине каршы чыккан миңдеген армяндар төрт күндөн бери баш калаада нааразылык акциясын улантышууда. Дүйшөмбүдө алар жолдорду, метролордун кире беришин жана айрым көпүрөлөрдү торошту. Читать дальше...
Теракт уюштурууну көздөгөн деген шек менен камакка алынган Украинанын Жогорку Радасынын депутаты Надежда Савченко кайрадан ачкачылык кармоого киришти. Бул тууралуу "Украинская правда" агенттиги жазды. Савченко кармалгандын эртеси эле, 23-мартта ачкачылык кармап баштаган. 13-апрелде сурак берип жатканда ал эсин жоготконуна байланыштуу үч күн токтото турууга макул болгон. Март айында Киев соту аны 20-майга чейин камакта кармоо чечимин чыгарып, күрөө менен үй камагына чыгуусуна бөгөт койгон. Эгер... Читать дальше...
Беш тилде эркин сүйлөгөн, тайбокс менен машыккан Айбийкенин Таиланддагы жеңиши, америкалык ырчы Жина Чавездин Аравандагы концерти, чет элдиктер сүйүп жеген Бишкек лагманы жана башка баяндар “Данисте” телетоптомуна кирди.
Премьер-министр Сапар Исаков 16-апрелде кол койгон буйрукка ылайык Азамат Араев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, өкмөттүк аппараттын жетекчисинин орун басары, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Өкмөт башчынын ушундай эле буйругу менен өкмөттүк аппараттын жетекчисинин орун басары, эл аралык кызматташтык жана интеграция бөлүмүнүн башчысы болуп Айбек Айдарбеков дайындалды. Ал ошондой эле Кыргызстандын ЕАЭБдеги өкүлү кызматын да аркалайт. Бул тууралуу... Читать дальше...
Премьер-министр Сапар Исаков 16-апрелде кол койгон буйрукка ылайык Азамат Араев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, өкмөттүк аппараттын жетекчисинин орун басары, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Өкмөт башчынын ушундай эле буйругу менен өкмөттүк аппараттын жетекчисинин орун басары, эл аралык кызматташтык жана интеграция бөлүмүнүн башчысы болуп Айбек Айдарбеков дайындалды. Ал ошондой эле Кыргызстандын ЕАЭБдеги өкүлү кызматын да аркалайт. Бул тууралуу... Читать дальше...
14-апрелде Түп районунун Балбай айылындагы жол кырсыгынан улам чыккан чыр боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.
Жакында эле өлкөнүн Маданият министрлиги чыгарган "Тажикстанда кийим кийүү боюнча сунуштар" деген китепте аялдарга европалык стилдеги кийимдерди кийүүгө тыюу салынбай тургандыгы, анткен менен жергиликтүү аялдар тизеден 15-20 см өткөн юбкаларды кийүүгө тийиш экени жазылган. Ошондой эле тыюу салынган кийимдердин тизмесине тор көйнөктөр, ийинди жана көкүрөктү ачкан кийимдер, кара узун кийимдер жана кара жоолуктар кирген. Иранда кыска көйнөктөрдү кийүүгө 1979-жылдагы Ислам революциясынан кийин тыюу салынган. Читать дальше...
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, ырчы Бермет Байкелова алты жылдан бери Американын Нью-Йорк штатында турат. “Азаттык” менен болгон маегинде ал Филармониядагы жумушун таштап алыска кетип калышына эмне себеп болгонун, учурда океандын ары жагында эмне менен алектенерин айтып берди.
Башкы прокуратуранын Соттордун ыйгарым укуктарын камсыздоо башкармалыгынын башчысы Улан Чалбаев кармалганы тууралуу интернетке тараган маалыматты УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов "Азаттыкка" бышыктады: - Башкы прокуратуранын башкармалык башчысы 200 миң доллар алып жаткан жеринен кармалды. Бул иш боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Улан Чалбаевди 16-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери колго түшүргөн. Айрым маалыматтар боюнча, ал азырынча... Читать дальше...
Химиялык куралга тыюу салуучу уюмдун өкүлдөрү Дума шаарчасына кире албай атышат. Бул тууралуу Гаагада бүгүн өтүп жаткан Химиялык куралга тыюу салуучу уюмдун аткаруучу комитетинин жыйынында британ делегациясы билдирди. Жыйында Сириянын Дума шаарчасында 7-апрелде болгон болжолдуу химиялык чабуул маселеси каралууда. Бул маалыматты уюмдун баш катчысы да ырастап, өткөн аптада Сирияга барган уюмдун эксперттер тобу ушул күнгө чейин иликтөө иштерин баштай электигин билдирди. Британиянын делегациясы... Читать дальше...
Арменияда экс-президенттин премьерлик дымагы нааразылык жаратты. Сирияга жасалган соңку ракеталык соккулардан кийин АКШ бул өлкөдөгү аскерлерин мурда жарыялангандай алып кетеби же калтырабы деген маселе күн тартибине чыкты. Француз президенти Эммануэл Макрон кызматка киришкенинин бир жылдыгын утурлай көлөмдүү интервью берди.
Серж Саргсяндын президенттиктен кетери менен премьер-министрликке умтулушу өлкөдө нааразылык толкунун жаратты. 9-апрелде башталган майдараак митингдер дүйшөмбүдө миңдеген адам катышкан жүрүшкө өсүп жетти. Полиция менен кагылышууда бир нече демонстрант жана оппозиция лидери жаракат алды.
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды. Президенттик аппарат кабарлагандай, алар өлкөнүн шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу боюнча иштерди жана жергиликтүү кеңештерге жакында өтө турган шайлоо процесстерин талкуулашты. Шайлдабекова 13-майга белгиленген жергиликтүү кеңештерди шайлоого даярдыктын жүрүшү жөнүндө маалымат берди. Ал шайлоо дайындалган алты жергиликтүү кеңештин ичинен Жалал-Абад облусунун Аксы... Читать дальше...
Экс-президент, Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасы Алмазбек Атамбаев азыркы мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун кадр саясатына нааразы.
Казакстандын соту 2016-жылкы жер маселесине байланыштуу митингдердеги ролу үчүн камакка алынган активист Талгат Аянды абактан бошотуу жөнүндө дүйшөмбүдө чечим чыгарды. Бул тууралуу активисттин атасы Тенгизбай Аянов "Азаттыктын" казак кызматына билдирди. Анын айтымында, өлкөнүн түндүк-батышында жайгашкан Актөбө шаардык соту 13-апрелде активистти бошотуу тууралуу чечим чыгарган. Соттун чечими 29-апрелде күчүнө кирет. 2016-жылдын апрелинде Казакстандын бир катар шаарларында апрелдин соңунда жерди... Читать дальше...
20-апрелге чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт, бул күндөрү мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү түшөт. 17-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Чүй өрөөнүндө жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет. Читать дальше...
«Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин лицейлери Кыргызстанда өз ишин улантат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун Түркиядагы жана Бельгиядагы сапары тууралуу маалымат берип жатып президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди. Анын айтымында, бул мектептердин негиздөөчүлөрү кыргыз жарандары болуп эсептелет жана жабууга эч кандай негиз жок. Сыдыков лицейлерде азыр 11 миңден ашык окуучу билим алып жатканын, алар Кыргызстандын мыйзамдарына жана Билим берүү... Читать дальше...
Сирияга өткөн ишембиде ракеталар менен сокку урулгандан кийин АКШ эми бул өлкөдөгү аскерлерин мурда жарыялангандай алып кетеби же калтырабы деген маселе күн тартибине чыгууда. Химиялык куралдан улам өткөн ишемби күнү абадан урулган соккуларды НАТО, Түркия, Жапония, Израил колдосо, БУУнун Коопсуздук кеңешинде Орусиянын бул аракетти айыптаган резолюция долбоору четке кагылды.
Москвадан анча алыс эмес жайгашкан Волоколамск шаарчасында 15-апрелде митингге чыгып, "Ядрово" таштанды полигонуна барган жолду торошкон тургундардын он чактысын полиция кармап кетти. Бул тууралуу "Интерфакс" агенттиги демилгечи топтун өкүлдөрүнө таянып жазды. Полиция бул окуя боюнча үн ката элек. Жүздөгөн тургундар шаар башчыларынын убадасына карабай, таштанды чогултулуп жаткан "Ядрово" полигонуна жолду торошкон. Ал жакка барган полициячылар менен демонстранттардын ортосунда кагылышуу болгон. Читать дальше...
Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын катчылыгы депутат Рыскелди Момбековдун бүгүнкү билдирүүсүнө тактоо киргизди. Партиянын берген маалыматына ылайык, бүгүн экс-президент Алмазбек Атамбаев КСДП фракциясынын мүчөлөрү менен жолугушууда Ниязов партиянын төрага орун басарлыгынын кетери жөнүндө гана айткан. Ниязов саясий кеңештин курамында кала берет деп билдирди партиянын катчылыгы. Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаев менен КСДП фракциясынын мүчөлөрүнүн жолугушуусуна катышкан депутат... Читать дальше...
Серж Саргсяндын президенттиктен кетери менен премьер-министрликке умтулушу өлкөдө нааразылык толкунун жаратты. 9-апрелде башталган майдараак митингдер дүйшөмбүдө миңдеген адам катышкан жүрүшкө өсүп жетти.
Чүй облусунда “Арсенал” операциясынын алкагында 52 адам мергенчилик мылтыктарды мыйзамсыз алып жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады. Маалыматта айтылгандай, курал ээлерине сактоо жана каттоо эрежелерин бузганы үчүн да эскертүү берилди. Алардын баарына протокол толтурулуп, айыппул салынды. Апрель айынын башынан бери өтүп жаткан операция учурунда Чүй облусунда жалпысынан 2200 үйрөнчүк жана адис мергенчилер текшерүүгө алынган. Аларды Чүй облустук ИИБнын 114 кызматкери текшерип чыккан. Читать дальше...
АКШнын мурдагы биринчи айымы Барбара Буштун абалы оор. Ал кошумча дары-дармектен баш тартып, үйүндө, жакындарынын кароосунда экенин үй-бүлөнүн маалымат катчысы Жим МакГраз маалымдады. - Жакында эле ооруканага жатып чыгып, үй-бүлө мүчөлөрү жана дарыгерлер менен кеңешкенден кийин 92 жаштагы Буш айым кошумча дарылануудан баш тартып, анын ордуна тынч эс алууну тандады, - деди ал 15-апрелде жасаган билдирүүсүндө. Барбара Буш-1989-1993-жылдары өлкө башында турган Американын 41-президенти Жорж Буштун... Читать дальше...
Премьер-министр Сапар Исаков Ош базарындагы өрттөн жабыркаган соодагерлер менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Андан алынган маалыматка ылайык, жолугушууда Исаков азыр өрттүн кесепетин эсептөө боюнча комиссия түзүлүп, учурда жабыркаган соодагерлердин тизмеси түзүлгөнүн билдирди. Ошондой эле өкмөт башчы тиешелүү органдарга салык жана социалдык төлөмдөрдү төлөөгө кошумча мөөнөт берүү боюнча тапшырмалар берилгенин билдирген. Премьер базардагы кырсыкты иликтөө өз көзөмөлүндө экенин белгилеп... Читать дальше...