Москвадан анча алыс эмес жайгашкан Волоколамск шаарчасында 15-апрелде митингге чыгып, "Ядрово" таштанды полигонуна барган жолду торошкон тургундардын он чактысын полиция кармап кетти.
Бул тууралуу "Интерфакс" агенттиги демилгечи топтун өкүлдөрүнө таянып жазды. Полиция бул окуя боюнча үн ката элек.
Жүздөгөн тургундар шаар башчыларынын убадасына карабай, таштанды чогултулуп жаткан "Ядрово" полигонуна жолду торошкон. Ал жакка барган полициячылар менен демонстранттардын ортосунда кагылышуу болгон.
Жекшембиде бир гана Волоколамскта эмес Москва облусундагы сегиз шаарда бийликтен экологияга көңүл бурууну талап калган митингдер өттү.
Эки күн мурда полиция Волоколамск шаарынын мэри Петр Лазаревдин кеңсесинде тинтүү жүргүзгөн. Ушундай эле тинтүүлөр жергиликтүү гезиттин кеңсесинде, митингдердин уюштуруучусу Артем Любимовдун үйүндө болгон. Любимов өзү азыр "полицияга баш ийбеди" деген кине менен камакта жатат.
Март айынан бери Волоколамск шаарынын тургундары нааразылык иш-чараларын уюштуруп, "Ядрово" полигонун жабууну бийликтен талап кылып келатышат. Буга 50дөй баланын башы айланып, кусуп, алсырап ооруканага түшүшү себеп болгон. 29-мартта таштандыдан чыккан күкүрттүү суутек жана башка зыяндуу газдардын көлөмү белгиленген чектен ашканы аныкталган.