Экс-президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын мүчөлөрү менен жолугушат. Жолугушуу мамлекеттик резиденцияда болоору тууралуу интернетте тараган маалыматты фракция мүчөсү Эльвира Сурабалдиева ырастады:
- Саат ондо биз Социал-демократтар партиясынын лидери менен жолугабыз. Мен партиянын мүчөсү катары жолугушууга барам.
Сурабалдиеванын маалыматы боюнча, жолугушуу тууралуу жума күнү кабарланган.
Кыргызстан социал-демократтар партиясынын лидери, экс президент Алмазбек Атамбаев менен парламенттеги фракция мүчөлөрү жолугушары тууралуу партиянын штабынан маалымат алууга мүмкүн болбоду.
Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын президенти кызматынан 2017-жылы, ноябрда мөөнөтү аяктаганына байланыштуу кеткен. Мамлекет башына анын партиялашы, мурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков шайлоо жолу менен келген. Экс-президент Социал-демократтар партиясына төрагалык кылууну 31-марттан тарта улантууда. (ZKo)