АКШнын Финансы министрлиги 16-апрелде Орусияга карата жаңы санкциялардын тизмесин жарыялайт. Бул тууралуу АКШанын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли CBS News телеканалына курган маегинде билдирди. Анын айтуусунда, жаңы санкциялар Сириянын президенти Башар Асадды химиялык курал колдонууга байланыштуу жабдыктар менен жабдууга тиешеси бар бардык ишканаларга киргизилет.
АКШнын Орусиядагы элчиси Жон Хантсман Орусиянын Тышкы иштер министрлигине Башар Асадды колдогону үчүн жаңы санкциялар болоору тууралуу эскерткен кат жолдогонун "Коммерсант" гезити 15-апрелде жазды.