Өкмөт башчы жаңы мектептерди куруудан баштап, пайдаланууга өткөрүп берүүгө чейинки сапатына толук көңүл бурууну өкмөт мүчөлөрү менен жолугушууда талап кылды.
13-апрелде бир катар мамлекеттик мекемелердин жетекчилери менен жолугушкан учурда, премьер-министр Сапар Исаков курулуш компаниялардын каржылык мүмкүнчүлүгүнө жана абийиринин тазалыгына көңүл буруу зарылдыгын айтты:
- Курулган объекттер толук көлөмдө өткөрүлүп берүүгө тийиш. Эң башкысы - сапатын текшергиле. Бардык жаңы курулган мектептерди текшергиле, аныкталган мүчүлүштүктөрдү жойгула.
Өкмөт башчы ошондой эле мектеп имараттарын камсыздандыруу зарылчылыгын да белгиледи.
Курулуш жана архитектура агенттигинин жетекчиси Бактыбек Абдиевдин өкмөт башчыга маалымдаганы боюнча, 2016-2017-жылдары курулган 100 мектептин ичинен 13үндө кемчиликтер табылган, бирок калыбына келтирилген.
2012-жылдан тартып Кыргызстанда 243 мектеп курулуп, пайдаланууга берилген. Бул мектептердин курулушуна 10,7 млрд сом сарпталган.(ZKo)