Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин кичүү инисинин уулу сегиз жылга шарттуу соттолду. Кезинде Улуттук коопсуздук комитетинде экинчи адам болуп турган Самат Абиш 2022-жылдагы кандуу Каңтар окуясына байланыштуу «кызмат абалынан аша чапкан» деп айыпталган.
“Ихсан” кооперативи аркылуу батир алууга акча салган жарандар бийликке кайрылып, алардын көйгөйүнө көңүл бурууну суранды. Алар кооперативдин банк эсебиндеги акчанын бир бөлүгү чыгарылып кеткенин, жабыркагандарга бирдей мамиле жасалбай жатканын айтып даттанууда.
21-март Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чаралар Кыргызстандын бардык аймактарында өтүп жатат.
Сокулукта 13 жаштагы кызды зордуктады деп шектелген эки жаран 48 саатка камалды. Ал эми кыздын жакындары кордук көрсөткөндөрдүн саны 10го жете турганын айтып жатат. Алар милиция ушуга чейин чара көрбөй койгонуна, окуя коомчулукка жарыялангандан кийин гана тергөө жанданганына нааразы.