Прокурор парламенттеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду күнөөлүү деп таап, аны жазадан бошотууну сураганы кабарланды. "Ихсандын" үлүшчүлөрү камакка алынган эсептерден акча чыгарылып кеткенин айтып чыкты. Мамлекет аларга жардам бериле турганын кыйытты. Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарына абадан сокку уланууда. Израил армиясы эл аралык басымдан улам калаада жердеги операциясын баштай элек.
Жогорку Кеңеш өткөн аптада “Чет элдик өкүл” деп таанылган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору талкуусуз кабыл алынды. Мыйзамга президент кол коюп, күчүнө кирсе бейөкмөт уюмдарга бир топ талаптар катаалданып, жарандык коомго сокку болот деген чочулоо бар. Жарандык коом, эл аралык коомчулук тынчыздануусун билдирүүдө. Бирок анын авторлору мыйзам коммерциялык эмес уюмдардын ачык-айкындыгы үчүн иштелип чыкканын белгилешет.
Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарына абадан сокку уланууда. Израил армиясы эл аралык басымдан улам бул калаада жердеги операциясын баштай элек. АКШнын президенти Жо Байден Рафахтагы операция "чоң ката" болорун эскертти. Ал арада кыргыз бийлиги эл аралык коомчулукту Газадагы согушту токтотууга көмөктөшүүгө чакырды.
Бишкектин административдик соту Маданият министрлигинин Kloop сайтын жабуу жана ага негиз болгон материалды өчүрүү тууралуу чечимин жокко чыгарды. Эгерде министрлик кийинки инстанцияга арызданбаса, сайттагы бөгөт алынат.
Президент Садыр Жапаровдун өлкөдөгү диний кырдаал, айрым жат көрүнүштөр тууралуу пикири талкууга түштү. Анда президент исламдын салттуу баалуулуктарына туура келбеген айрым көрүнүштөргө тынчсыздануусун билдирген.
Чехиядагы “Ала-Тоо” уюму бул өлкөнүн ар кайсы аймагында иштеген, окуган кыргызстандыктардын башын бириктирип, жардам көрсөтүү максатында беш жыл мурда түзүлгөн. Уюмдун жетекчиси Айжан Байшүкүрова "Азаттык" менен болгон мекгинде мигранттар туш болгон тоскоолдуктарга токтолуп, борбор азиялык форум өткөрүүнүн камын көрүп жүргөнүн айтты.
Бутуңузга каз таман жабдык байланып, тоого чыктыңыз беле? Калың карды жиреп баскан туризмдин бул түрүн өнүктүрүү аракети башталды. "Азаттыктын" кабарчысы Швейцариядан келген гид баштаган топ менен тоого чыгып келди. Адистер Ысык-Көлдө туризмдин бул түрүн жайылтуу маанилүү экенин белгилешет.
Кыргыз бийлиги эл аралык коомчулукту Газадагы согушту токтотууга көмөктөшүүгө чакырды. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов АКШ Израилдин "башкы демөөрчүсү" деп атап, Вашингтон биринчи кезекте аракет кылышы керектигин белгиледи.