Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин аппарат башчысы болгон Фарид Ниязов, атайын кызматтын мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиев менен Жарандык маселелер комиссиясынын мурдагы катчысы Эрнис Апилов кыргыз паспортун Орхан Инанды баштаган теги түркиялык он адамга "мыйзамсыз берүү" ишинде акталды.
20-мартта Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.
Кыргызстанда жашы жете элек кыздар менен балдар зомбулукка кабылып, бирок алардын бети ачылбай калган учурлар арбын. Сокулуктун тургуну Болот Жаныбек уулунун жалгыз карындашы, 13 жаштагы Адинай зордукталып, өз жанын кыйган.
Кара-Балта шаарында күч органдарынын операциясы учурунда качып кеткендер милиция кызматкерлери экенин жергиликтүү басылмалар жазды. Алар качып баратып белги коюлган акчаны көчөгө чачып ийгенин күбөлөр айтып берди. Окуя боюнча расмий маалымат бериле элек. Атайын операция учурунда качып кеткендердин кармалып же кармалбаганы да белгисиз.
Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун иши боюнча жараян жыйынтыктоочу бөлүккө жакындады. Мамлекеттик айыптоочулар коюлган айып боюнча саясатчыны күнөөлүү деп таап, бирок кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткендиктен ишти кыскартууну өтүнүштү.
Койдун жүнүндө өсүмдүккө өтө керектүү элементтер бар. Учурда Батыш өлкөлөрү жүндөн жасалган жер семирткичтин пайдасын көрүүдө. Кыргызстан дагы ушул ыкмага өтсө болобу?