25-мартта Тажикстандын бийлиги Москвадагы терактка шектелген төрт кишинин бири Фаридун Шамсиддиндин жакындарын суракка тартты. "Крокус Сити Холлго" жасалган кандуу чабуулга шектелгендерди кармоо, суракка алуу учурундагы кыйноолор Орусиянын социалдык тармактарында талкууланып жатат.
Кыргыз бийлиги издөөдө жүргөн мурдагы бажычы Райымбек Матраимовду Бакудан алып келүү боюнча аракеттер жүрүп жатканын билдирди. Буга чейин былтыр өлкөдөн чыгып кеткен Матраимовдун кайда экени белгисиз болуп келген.
25-мартта Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.
“Крокус Сити Холлдогу” терактка шектүү төрт кишини Москванын Басман райондук соту эки айга камады. Алардын баары коюлган айыптарды мойнуна алганы кабарланды. 22-марттын кечинде болгон куралдуу кол салуу 137 кишинин өмүрүн алды, жабыркагандардын саны 180ге жетти. Алардын көбүнүн абалы оор.
Кыргыз бийлиги издөөдө жүргөн экс-бажычы Райымбек Матраимов Бакуда экени аныкталганын билдирди. УКМК Бишкекте азербайжандык кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалып, алардын Матраимов менен байланышы бардыгы, Кыргызстандын жетекчилерине кол салууну пландаганы айтылды. Баку расмий комментарий бере элек.
“Крокус Сити Холлдогу” терактка шектелген төрт киши эки айга камалды. Куралдуу кол салууда 137 киши каза болуп, жабыркагандардын саны 180ге жетти. Атайын кызмат издөөдө жүргөн мурдагы бажычы Райымбек Матраимов Бакуда экенин, ал Кыргызстандын жетекчилерине кол салууну пландаганын билдирди. Бул маалымат боюнча Азербайжандын расмий органдары, Матраимовдун жакындары үн ката элек. Өзбекстанда кримтөбөл атыккан, “Салимбай байбача” деген каймана аты бар Салим Абдувалиев алты жылга кесилди.
Каракол шаарынын Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынан бир учурда беш анестезиологдун иштен кетиши медицинадагы көйгөйлөрдү ачыктады. Соңку кезде мамлекеттик ооруканаларда ординаторлордун саны кыскарып, жаш адистер өлкөдөн чыгып кеткен учурлар да көп. “Азаттык+” жаштар берүү жаш дарыгердин ой-санаасы менен бөлүшөт.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусияда терроризмге каршы иш-чаралар жүрүп жатканын белгилеп, зарыл иши болбогондор ал өлкөгө барбай турганы оң деп эскертти. Кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү мекендештерди топтошуп ооз ачтыруу жана башка жамааттык иш-чараларды өткөрбөй турууга чакырып жатат.
Москванын Басман райондук соту 22-марттагы “Крокус Сити Холл” концерттик залындагы кол салууга шектүү делген төрт кишини 22-майга чейин камакка алды. Далержон Мирзоев, Муродали Рачабализоде, Мухаммадсобир Файзов жана Шамсидин Фаридун терроризмге айыпталууда. Шектүүлөрдүн айыбы далилденсе өмүрүнүн аягына чейин соттолушу мүмкүн. Соттук жараян жабык өттү.
Кыргызстанда мамлекеттик ооруканаларга дары-дармек жеткирүү маселеси чечилбей жатат. Айрым аймактардагы ооруканаларда да ушундай көйгөй жаралды. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев мындай маалыматты төгүндөп, өлкөдөгү ооруканалардын баары дары-дармек менен 100% камсыздалганын айтты.