Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин кичүү инисинин уулу сегиз жылга шарттуу соттолду. Кезинде Улуттук коопсуздук комитетинде экинчи адам болуп турган Самат Абиш 2022-жылдагы кандуу Каңтар окуясына байланыштуу «кызмат абалынан аша чапкан» деп айыпталган.