1-декабрда Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда Июнь окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин, саясатчылар Бектур Асановдун, Кеңешбек Дүйшөбаевдин, Исмаил Исаковдун иши карала баштады. Сот президент Садыр Жапаровду, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары Акматбек Келдибековду жана Талант Мамытовду күбө катары чакыруу өтүнүчүн канааттандырды.
Бүгүн 2010-жылдагы Июнь окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин, саясатчы Бектур Асановдун, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин үстүнөн сот иши уланды. Атамбаев темир торду тепкилегенден кийин сот залынан чыгарылып, процесс ал жок өттү. Оппозициялык "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын парламенттеги үч кызматкери иштен кетти. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет “жасалма документ колдонуу” беренеси менен кылмыш ишин козгоду. - Орусиянын президенти Владимир Путин менен... Читать дальше...
Кытайда COVID-19га байланыштуу катаал карантинге каршы акциялар уланууда. Анда саясий талаптар да жаңырып жатат. Айрым эксперттердин айтымында, бул тоталитаризмге каршы чыккан жаштардын Тянанмен козголоңунан кийинки ири нааразылык болуп калды. Нааразылык толкуну 24-ноябрда Шинжаңдын башкалаасы Үрүмчүдө 10 кишинин өмүрүн алган өрттөн кийин ого бетер күчөдү. Маалыматтарга караганда, карантинден улам катуу бекитилген ал турак-жайдан айрым тургундар сыртка чыга албай калган. Үрүмчүдөгү трагедия ошондой... Читать дальше...
Дача СУ кырсыгынын себептерин жана шарттарын изилдеген коомдук комиссиянын корутундусу менен бүгүн 1-декабрда Жогорку Кеңеш таанышып чыкты. Депутаттарга комиссиянын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов маалымат берип, Boeing-747 учагынын кыйрашына экипаждын көзөмөлүнүн жоктугу себеп болгонун, андагы жүктүн аткезчиликке тиешеси жок деген бүтүм чыкканын айтты. Аткезчилик темасы бул окуянын негизги саясий өңүтү болгонун депутат Жанарбек Акаев белгиледи: “Дача СУ маселеси саясатташып, оппозиция ошол жүк Атамбаевдики жана анын үй-бүлөсүнүкү болгон... Читать дальше...
Ооганстанда талибдер жетектеген өкмөт “Америка добушу” (VOA) жана "Эркин Европа/Азаттык радиосунун" ооган кызматынын уктурууларына тыюу салды. Талибан муну жалпыга маалымдоо каражаттарынын мазмунуна каршы даттануулар менен түшүндүрдү. "Талибан" кыймылынын маалымат министрлигинин өкүлү "Азади" радиосунун уктуруусу 13 шаарда токтотулганын билдирди. "Америка добушу" да эфирлери чыкпай калганын маалымдады. "Талибандын" өкүлү мындай кадам "журналисттик принциптер сакталбай, окуялар бир тараптуу чагылдырылганы үчүн" жасалганын билдирди. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировдун иш бөлмөсүнө байланыштуу маселени караган депутаттык комиссия ишин жыйынтыктап, анын корутундусун бүгүн 1-декабрда парламент жабык талкуулады. Натыйжада кабыл алынган токтомдо Министрлер кабинетинин төрагасына президенттин Иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Элмира Усенованы иштен алуу маселесин кароо сунушталды. Ошону менен катар Иш башкармалыгынын жетекчилери Өмүрбек Бакировдун депутаттык кол тийбестигин одоно бузгандыгы белгиленип, Башкы прокуратурага... Читать дальше...
Республикалык ВИЧ/СПИД борборунун жетекчиси Үмүткан Чокморова борбор жылына 700-800 жаңы учурду каттоого алып жатканын “Азаттыкка” билдирди. Бул 2016-жылдарга салыштырмалуу илдетке чалдыккандардын саны эки эсеге көбөйдү дегенден кабар берет.
Прокуратуранын ишин сындаган Жогорку Кеңештин эки депутаты - Шайлообек Атазов менен Жеңишбек Токторбаев Башкы прокуратурада сурак берип чыкты. Алар муну басым деп баалап, депутаттардын Конституция, мыйзам менен корголгон укуктары бузулуп жатканын айтышууда. Акыркы эки апта ичинде бир катар парламентарийлер укук коргоо органдарынын куугунтугуна арызданышты. Парламенттеги билдирүүдөн кийинки сурак Депутат Шайлообек Атазов Жогорку Кеңештин 1-декабрдагы жыйынында Башкы прокуратурадагы сурак боюнча маалымат берди. Читать дальше...
Ирандын түштүгүндөгү Систан жана Белужистан провинциясынын суннит диниятчылары Ислам жумуриятынын бийлигине кайрылып, демонстранттарды кандуу куугунтуктоону токтотууга чакырган видео таратты. 29-ноябрда жарыяланган видеодо билдирүүгө кол койгондордун мечитте чогуу отурганын көрүүгө болот. Иранда 22 жаштагы активист Махса Амини аттуу кыз хижабсыз жүргөнү үчүн полиция кармап кеткенден кийин каза болгон соң өлкөдө жапырт нааразылыктар жаралган. Иран бийлиги эркиндикти талап кылган митингдерди күч менен басууда. Читать дальше...
Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин төрайымы болуп 1-декабрдагы жалпы жыйында депутат Чолпон Султанбекова шайланды. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында ага 81 депутат макул болуп, экөө каршы добуш берди. Өз сөзүндө Султанбекова моюнуна абдан чоң жоопкерчилик коюлуп жатканын белгилеп, Конституциянын бир да беренесин бузбай иштөөгө убада берди. Султанбекова 53 жашта. Ал 2010-жылы Жогорку Кеңешке "Республика" партиясынан... Читать дальше...
Кыргызстанда кызматынан мөөнөтүнөн мурда кеткен экс-президенттерди мамлекеттик күзөттөн ажыратуу же кайсы бир убакытка гана берүү сунушталууда. Бүгүн 1-декабрда Жогорку Кеңеште экс-президенттердин макамы тууралуу мыйзам талкууланып жатканда бул маселени депутат Дастан Бекешев көтөрдү: “Азыркы мыйзамда экс-президентке мамлекеттик күзөт өмүрүнүн аягына чейин берилери, азыркы президентке төлөнүүчү айлыктын 75 пайызынан кем эмес маяна төлөөнөрү жазылып турат. Мейли, медициналык камсыздандыруу керек, ал кала берсин. Читать дальше...
2-декабрда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерелеринде, Чүй облусунун тоолорунда кар жаайт. Күндүз Ош облусунун көпчүлүк аймактарында, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Чүй облустарынын тоолорунда кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз -2…+3; Талас жергесинде түнкүсүн -4...-9, күндүз -2…+3; Баткен... Читать дальше...
Бүгүн, 1-декабрда Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунда Июнь окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин, саясатчы Бектур Асановдун, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин иши карала баштады. Атамбаев отурум башталганда сотту "цирк" деп атап, ишти өзүнүн катышуусу жок эле кароону өтүндү. "Мени бул соттон бошотуп эле өзүңөр өткөрө берсеңер. Мага барып-келиш да кыйын болуп жатат, Мени бул "циркке" катыштырбай эле өткөргүлө", - деди. Атамбаев темир торду тепкилегенден кийин аны залдан алып чыгып кетишти. Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын айрым мүчөлөрү Жогорку Кеңешке кызматка мыйзамсыз алынганына байланыштуу кылмыш ишин козгоп, териштирүү жүргүзгөнүн бүгүн 1-декабрда мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта айтылгандай, партиянын парламенттеги фракциясынын лидеринин кеңешчиси менен жардамчысынын жана катчылыгынын экспертинин “Эмгек китепчесинен” жалган маалыматтар аныкталган. Кылмыш иши “жасалма документ колдонуу” беренесинин негизинде козголуп... Читать дальше...
Бишкектик сүрөтчү Татьяна Зеленскаянын чыгармалары саясий репрессиялардан согушка жана спорттук жеңиштерге чейин бардыгын чагылдырат. Кыл калем чебери тууралуу Крис Риклтондун макаласын сунуштайбыз. Өңү-түсү таанылгыс, бийлик белгиси катары погон тагынган, сот адилеттигинин таразасын колуна алган, өкүмчүл мамлекеттин жогорку даражалуу өкүлү жарык багытталган кишинин кичинекей тулкусуна өйдөтөн эңилип турат. Көңүл чөктүргөн бул сүрөттүн четтеринде коюу туман арасынан кийимдеринен гана таанылгыдай... Читать дальше...
Дүйнөлүк футбол чемпионатында кечээ D жана C тобундагы жыйынтыктоочу беттештер өтүп, төрт курама команда плей-офф баскычына чыкты. D тобунда буга чейин эки оюнду катары менен уткан Франция акыркы айлампада Туниске утулуп (1:0) калды. Дидье Дешам команданын экинчи курамын чыгарды. Бирок Тунис баардык күчүн жумшап, оюндун 58-минутасында Вахби Хазри эсепти ачты. Ошондон кийин Дешам талаага мыкты оюнчуларын биринен сала бирин чыгара баштады. Мбаппе, Гризманн, Усман Дембелле оюнга аралашты. Тунисттин дарбазасы кайра-кайра камоолго алынып... Читать дальше...
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 1-2-декабрда катуу жааган жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү коркунучу жаралганын эскертти. Аталган министрликтин басма сөз кызматы бүгүн, 1-декабрда тараткан маалыматка ылайык Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымында жайгашкан Төө-Ашуу ашуусунда, 198-231-чакырымындагы Ала-Бел ашуусу менен Чычкан капчыгайында кар көчкү коркунучу бар. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Айдоочуларга 500 метр аралыкты сактоо, коопсуздук талаптарын аткаруу... Читать дальше...
Ушу тапта 80 жылдыгын белгилеп жаткан тирүү классик Кубатбек Жусубалиевдин “Жижи үчүн жомоктор” деген аңгемелер циклы бар. Ошол топтомго кирген “Аска” деген аңгемесин окурмандар менен чогуу окуп чыгуунун сааты келип турат. "Ырадиага ыракмат" Аңгеме Ыбыш чал жөнүндө, кудуңдаган сырдуу адам кадим Гималайдын алыскы бир айылында жашайт. Ал жагы да тоо, бул жагы да бийик аскалар менен курчалган чөйчөктөй жер. Сокудай башына элдик эски ырларды, жомокторду, баяндарды чыпчыргасын коротпой сактап келаткан өнөрлүү адам. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин 1-декабрдагы жыйынында өлкөдөгү эл аралык аба майдандарга мамлекеттик төлөмдөрдү төлөө үчүн терминалдарды орнотуу сунушталды. Депутат Сүйүн Өмүрзаков ар кандай насыясы бар жарандар чет өлкөгө чыга албай жатканын билдирди. "Көп жарандар өзүнүн карызы бар экенин да билбей калып жатат. Автоунааны тилкат менен бирөөгө өткөрүп берип, карызы бар экенин учарда билип жатышат. Бул карыздар бир гана автоунаага эмес, светке жана башка кызматтарга тиешелүү. Ошого аэропортко терминалдарды орнотуп берсеңиздер", - деди Өмүрзаков. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин 1-декабрдагы жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев прокуратурага сурак бергенин билдирди. Ал "элден келген арызды айткандан кийин көзөмөл органы суракка чакырганына" нааразы болду. Токторбаев парламент төрагасы Нурланбек Шакиевге кайрылып, бул маселени карап коюуну сунуштады. "Башкы прокурорубуздун Жээнбековдор менен кандай байланышы бар, билбейм. Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду айткандан кийин ушундай "сыр-бор" башталды. Сооронбай Жээнбековду да камаш керек. Ал... Читать дальше...
Өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атап алган жана дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө террордук деп табылган топ 30-ноябрда өзүнүн лидери Абу Хасан аль-Хашими аль-Курашинин өлгөнүн жарыялады. Социалдык тармактардагы "ИМ" тобуна таандык аккаунттарда Абу Хасан аль-Хашими согушта набыт болгону жазылган. Анын качан, кайсы жерде өлгөнү тууралуу так маалымат жок. Reuters агенттиги социалдык тармактардагы билдирүүлөргө таянып, анын ордуна Абу ал-Хусейн аль-Хусейни аль-Кураши аттуу адам топтун башчысы болгонун жазды. Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн жана автоунаасынан аудио, видео жаздыруучу аппараттар табылганы тууралуу "Альянс" фракциясынын жетекчиси Жанар Акаевдин сөзүнөн кийин текшерүү жүргүзгөн. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады. "Жанар Акаевде Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн жана автоунаасынан качан аудио-видео жазуу жабдыктары табылганы тууралуу маалыматы жок экени аныкталды. Мындан тышкары, ал жеке өзү сөз болуп жаткан техниканы көргөн эмес. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин 1-декабрдагы жыйынында депутат Шайлообек Атазов прокуратурага суракка чакырылганын билдирди. Аны 30-ноябрда иш бөлмөсүнөн үч прокуратура кызматкери чакырып кеткенин, суракта шайлоочулардан келген кайрылуулар боюнча маалымат бергенин айтты. "Дордойдогу" контейнерден ишкердин 120 миң доллар алып кеткенин айттым эле. Ал айыл өкмөттө үч жолу соттолгон шылуун экен. Ошол эле күнү кечке чейин таап келе турган болушту. 24 миң доллар алган (Жаныбектики) боюнча чакырып, арыз жаздырып, ишти баштады. Читать дальше...
1-декабрь Бүткүл Дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнү. Республикалык СПИД борборунун маалыматына караганда, соңку үч жылда ВИЧти жыныстык жол менен жугузуп алгандардын саны көбөйдү. 2022-жылдын 10 айында 819 жаңы учур катталса, анын 710у жыныстык катнаш учурунда жуккан. Ооругандардын 62,9% эркектер. Азыр Кыргызстанда 120 39 кишиден ВИЧ/СПИД аныкталган. Алардын 11344ү Кыргызстандын жараны, анын ичинде оорусу СПИДге өткөн 1231 адам каттоодо турат. Дагы 695 чет элдик жаран Республикалык СПИД борборунун тизмесинде ВИЧ катары катталган. Читать дальше...
1-ноябрга карата Кыргызстанда ВИЧ инфекциясына чалдыккан 12 039 адам расмий катталды. Республикалык СПИД борборунун маалымдашынча, бул - өлкөдө оорунун жайылып баратканынан кабар берет. Илдет акыркы беш жылда жыныстык катнаш аркылуу жуккан учурлар көбөйгөн. "Акыркы жылдары оорунун жыныстык жол аркылуу жугушу күч алганын байкадык. Илдетке кабылгандардын 40% өтүшүп кеткенден кийин аныкталууда. Бул бейтапта иммунодефицит оорлоп, дары-дармектер оңой менен жардам бере албай калган учур болот. ВИЧке... Читать дальше...