Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген шек менен кармалгандардын баарынын камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узартты. 13-декабрда райондук сот бул иш боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаеваны, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаевди, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Кубанычбек Кадыровду, Асия Сасыкбаеваны, “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовду, мурдагы элчи Мамбетжунус Абыловду... Читать дальше...
Беларуста саясатчы Светлана Тихановскаяга, күч түзүмүнүн мурдагы кызматкерлери Александр Азаровго жана Валерий Сахащикке "экстремисттик уюм түзгөн же ага катышкан" деген айып менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги кабарлады. Кеп Тихановская жана анын санаалаштары түзгөн "Посполитое рушение" уюму жөнүндө болуп жатат. Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү комиссиясы аны “аскерлештирилген экстремисттик уюм” деп эсептейт. Беларустун Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда... Читать дальше...
Абакта ачкачылык жарыялагандар 16-декабрда президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту. “Кемпир-Абадды коргоо комитетинин” мүчөлөрү - Кеңешбек Дүйшөбаев, Равшан Жээнбеков, Бектур Асанов, Таалайбек Мадаминов, Улукбек Маматаев, Жеңиш Молдокматов, Али Шабдан, Айданбек Акматов, Акылбек Айтбаев, Атай Бейшенбек, Эрлан Бекчоро уулу, Айбек Бусурманкулов, Марат Баязов, Азимбек Бекназаров жана Илгиз Сарылдык уулу (Шаменов) президент Садыр Жапаровго кайрылуу кылды. Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековдун... Читать дальше...
Кемпир-Абад иши боюнча камалып, абакта ачкачылык кармагандардын саны көбөйүүдө. Алардын арасындагы активист аялдар 14-декабрда эл аралык жана жергиликтүү укук коргоочуларга, уюмдарга кайрылуу жолдошкон. 15-декабрда абакта ачкачылык кармагандардын саны 19га жеткени кабарланды. "14-декабрда камакта жаткан жети киши ачкачылык жарыялоо боюнча Жаза аткаруу кызматына расмий билдирүү берген. Бүгүн, 15-декабрда аларга дагы 12 киши кошулду. Жалпы 19 адам ачкачылык жарыялап жатат, расмий билдирүүнү алардын адвокаттары даярдоодо"... Читать дальше...
Бишкектин Биринчи май райондук соту 12-13-декабрда “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деп шек саналып жаткан 20дан ашык саясатчы, блогер, активисттердин камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узартты. Кармалгандардын арасынан мурдагы судья Клара Сооронкулова, активист Перизат Суранова, саясатчы Бектур Асанов, укук коргоочу Рита Карасартова сот чечимине нааразылык иретинде 14-декабрдан тартып ачкачылык акциясын баштай турганын жарыялашты. Аларды быйыл 23-28-октябрь аралыгында Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жапырт кармап... Читать дальше...
13-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү, журналисттер жана жарандык коом өкүлдөрү баштаган 120дан ашуун инсан президент Садыр Жапаров баштаган өлкө жетекчилигине кайрылуу жолдошту. Алар кыргыз бийлигин “Азаттык” радиосунун толук иштөөсүнө шарт түзүүгө үндөштү. Академик Абдыганы Эркебаев, Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев, коомдук ишмерлер Тилектеш Ишемкулов, Роза Айтматова, Эмилбек Каптагаев, Аалы Карашев, Каныбек Иманалиев... Читать дальше...
Бишкектин 1-Май райондук сотунда Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалгандардын бөгөт чарасы каралды. Бишкек абанын сапаты боюнча дүйнөдөгү эң булганыч делген үч шаарга кирди. Жоон топ саясатчы, коомдук ишмерлер президенттен “Азаттык” радиосунун толук иштөөсүнө шарт түзүүнү суранышты.
Сасык тумоодон улам окуучулардын сабакка келбей жатканына байланыштуу Бишкекте сегиз мектеп 14-декабрдан тарта карантинге жабылып, онлайн окууга өтөт. Бул тууралуу 13-декабрда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору Билим берүү башкармалыгы менен 13-декабрда 50 мектепте балдардын окууга келүүсүн текшерди. Жыйынтыгында борбордогу №6, 60, 28, 54, 59, 72, 95, 103чү билим берүү мекмелеринде окуучулардын 20% мектепке келбей жатканы аныкталган. Читать дальше...
13-декабрда Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Грузиянын, Литванын, Молдованын бир катар журналисттери, баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан “Журналисттерди коргоо комитети” жана “Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму кыргыз бийлигине кайрылды. Анда Кыргызстанда сөз эркиндигине басым күчөп, демократиялык баалуулуктардан артка чегүүнү болуп жатканын билдирип, өлкөдө жалпыга маалымдоо каражаттарын жабууга, мыйзамсыз кармоолор жана токулган иштер менен сайттарды бөгөттөө үчүн мыйзамдар кабыл алынып жатканын сынга алышты. Читать дальше...
13-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деп шек саналып жаткан Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулованы 2023-жылдын 20-февралына чейин камакта калтырды. Мунун алдында Клара Сооронкулова камактагы мөөнөтү узартылса, 14-декабрдан тартып ачкачылык кармай турганын билдирген. 13-декабрда райондук сот ушул эле иш боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаеваны, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаевди... Читать дальше...
Ирандын бийлиги 30дан ашык кишиге жана уюмга каршы санкцияларды киргизди. Арасында "Азаттыктын" иран кызматы - "Фарда" радиосу да бар. Иран өкмөтү мындай чечимди Европа Биримдиги (ЕБ) Тегеранга каршы санкциялардын жаңы топтомун киргизет деп күтүлүп жатканда кабыл алды. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Насер Канаани "Европа Ирандын ички ишине кийлигишип жатканын" белгилеп, "өлкөдөгү азыркы кырдаал үчүн Европа жооптуу экенин" билдирди. Санкциялык тизмеге MI5 деп аталган британ ички чалгын кызматынын башчысы Кен МакКаллум... Читать дальше...
“Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деп шек саналып жаткан Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев 2023-жылдын 20-февралына чейин камакта калтырылды. Мындай чечимди 13-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. Ушул эле күнү райондук сот Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыровдун, “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовдун жана активист Эрлан Бекчоро уулунун камактагы мөөнөтүн эки айга узарткан. Читать дальше...
Германия Тажикстан Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөсүнүн уулун мекенине депортациялоону көздөп жатат. Бул тууралуу чет өлкөдөгү тажик оппозициячыл топтордун башын бириктирген Тажикстандын Улуттук альянсынын өкүлдөрү билдиришти. Альянстын мүчөсү Махмуджон Файзрахмон санаалашы Шамсиддин Саидовдун 32 жаштагы уулу Абдулло Шамсиддин 13-декабрда Германиядан Тажикстанга жөнөтүлөрүн Твиттерге жазды. "Тажикстанда аны 2020-жылы Австриядан депортацияланып, Тажикстанда 20 жылга эркинен ажыратылган Шовализода сыяктуу кыйнап... Читать дальше...
Улуттук статистика комитетинин маалыматында, 2021-жылы кедейчиликте жашаган калктын саны 33 пайыздан ашты. Бул 2 миллион 244 миң киши дегенди билдирет. Арасында кепилденген мамлекеттик жөлөк пулга жетпей жүргөндөр саны арбын. Жөлөк пул алалы десе, түрдүү бюрократиялык тоскоолдуктар көп.
Канатбек Мидин уулу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров 6-декабрда кол койгон. 32 жаштагы Канатбек Мидин уулу 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо “Республика” партиясы менен катышкан. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясын 2012-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев түзгөн. Ушул тапта комиссияны Тойгонбай Абдыкаров жетектейт. (BTo)
Мексиканын полициясы барымтага алынган өзбекстандык жети кишини бошотконун El Siglo de Torreon басылмасы 12-декабрда жазды. Арасында эркектер, аялдар жана бала бар. Маалыматка караганда, автобус менен Төмөнкү Калифорния штатына бараткан өзбекстандыктар Гомес-Паласио шаарындагы фермалардын биринде эс алуу үчүн токтогон. Ошол жерден АКШга өтүп кетүүнү пландаган өзбекстандыктарды ал жердегилер барымтага алып, 1200 доллар күрөө талап кылышкан. Аларда мындай акча болбогондуктан, аны тапканга чейин фермада кармап турушкан. Читать дальше...
13-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деп шек саналып жаткан активист Эрлан Бекчоро уулун 2023-жылдын 20-февралына чейин камакта калтырды. Ушул эле күнү райондук сот Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыровдун, “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовдун да камактагы мөөнөтүн эки айга узарткан. Буга чейин ушул иш боюнча саясатчы Азимбек Бекназаров 23-февралга чейин, активисттер Илгиз Шаменов, Улукбек Маматаев, Али Шабдан... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев атасы ооруп жаткандыктан эмгек өргүүсүнө чыкты. Бул тууралуу 13-декабрда парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында анын төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков билдирди. “Эмил Жамгырчиев эмгек өргүү сурап Жогорку Кеңештин төрагасына кат менен кайрылыптыр. Атасы катуу ооруп жатканына байланыштуу спикерге кат жиберип жыйынга катыша албай жатат”, - деди Өмүрзаков. Жамгырчиевди 27-ноябрда фракциялашы... Читать дальше...
Кыргызстанда такси айдоочуларынын баарын лицензия менен иштөөгө милдеттендирүү каралууда. Бүгүн 13-декабрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде Ички иштер министрлиги сунуштап жаткан “Кыргызстандагы лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Эгер мыйзам колдоо тапса, фирма өзү үчүн лицензия алат, баасы бир жалга 1 миң сом болот. Ал эми ошол фирмага кирген жеке таксилер лицензияны бир жылга 500 сом төлөп сатып алат.... Читать дальше...
11 жылдан бери 12-декабрда өлкөдө Улуттук адабият күнү белгиленип келет. Бул дата залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү жана таланттуу акын Алыкул Осмоновдун көзү өткөн күнү болгондуктан символикалуу түрдө тандалып алынган. "Азаттык" адабият күнүн утурлай бул тармактагы көтөрүлгөн көйгөйлөргө саресеп салды. Публицист-жазуучу Мундузбек Тентимишовдун айтымында, адабият күнү улут сыймыгы аталган жазуучу Чыңгыз Айтматов менен таланттуу акын Алыкул Осмоновго байланыштуу болгону менен бул эки... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү, журналисттер жана жарандык коом өкүлдөрү президент Садыр Жапаров баштаган өлкө жетекчилигине кайрылуу жолдоп, “Азаттык” радиосунун толук иштөөсүнө шарт түзүүгө үндөштү. 120га жакын ага кол койгон инсандардын арасында академик Абдыганы Эркебаев, Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев, коомдук ишмерлер Тилектеш Ишемкулов, Роза Айтматова, Эмилбек Каптагаев, Аалы Карашев, Каныбек Иманалиев, Муратбек Мукашев... Читать дальше...
13-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деп шек саналып жаткан “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовду 2023-жылдын 20-февралына чейин камакта калтырды. Ушул эле күнү райондук сот Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыровдун да камактагы мөөнөтүн эки айга узарткан. Буга чейин ушул иш боюнча саясатчы Азимбек Бекназаров 23-февралга чейин, активисттер Илгиз Шаменов, Улукбек Маматаев, Али Шабдан, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов... Читать дальше...
Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 14-декабрда Кыргызстанда кар жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…+3, Талас жергесинде түнкүсүн -9…-14, күндүз -3…+2, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7, Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -4…-9, Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -22…-27, күндүз -5…-10. Бишкекте абанын түнкү төмөнкү температурасы -10…-12°, күндүз -1°…+1° болот.
Кыргыз гидрометеорология институтунан "Азаттык" радиосуна кабарлашкандай, 6-12-декабрда жүргүзүлгөн изилдөөдө Бишкектин абасында күкүрт кош кычкылы, азот кычкылы жана азот кош кычкылы, формальдегид заттары нормадан ашык экени аныкталды. Ага чейин Улуттук статистика комитетинин "2017-2021-жылга карата Кыргыз Республикасындагы айлана-чөйрө" аттуу отчету чыгып, анда 2021-жылы Бишкектин абасындагы күкүрт кош кычкылы (SО2) баштаган уулуу заттар 54,5 миң тоннаны түзгөнү көрсөтүлгөн. Расмий маалыматта... Читать дальше...
Кыргызстанда Ишенаалы Арабаевдин 140 жылдык мааракеси белгиленип, эскерилүүдө. Биз ХХ кылымдын 30-жылдарындагы ыраймысыз репрессия, анын азыркы сабагы тууралуу сөз кылабыз. Талкууга тарых илимдеринин кандидаты Аида Кубатова, коомдук ишмер, тарыхчы Алмаз Кулматов катышты.