Ирандагы аялдардын хижабын чечүү жана чачын кыркуу менен коштолгон каршылыгынын түпкүрүндө эмне жатат жана мындай козголоңго алып келген басымдын натыйжасы кандай болот? "Эже-сиңдилер" бул жолу ушул темада кеп курат.
Кыргызстандагы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) өлкөлөр тобу гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүктүн алкагында кайрылуу таратты. Анда аталган топ "ар бир адамды, коомду зомбулуктун бул пандемиясына каршы биригүүгө жана өлкөдө күчтүү аялдардын лидерлик салттарын сактоо менен аялдардын жана кыздардын ролун күчөтүүгө чакырат" деп жазылган. Кайрылууда "аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту токтотуу үчүн күчтүү улуттук иш-аракеттердин планы керектиги, зордук-зомбулукту четке каккан күчтүү коомдук кампаниялар... Читать дальше...
Кыргызгидромет борборунун билдиришинче, 11-декабрда Кыргызстанда кар жаабайт, жолдор тоңголок жана тайгак болот. Айрым аймактарды маал-маалы менен туман капташы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши ыктымал. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -13…-18, күндүз -3…-8, Талас облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -1…-6, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5, Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониянын жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасованын депутат Аида Исатбек кызы тууралуу билдирүүсүнө жооп кайтарды. Анда эл өкүлү парламентте аталган маданий жайдын абалы тууралуу маселе көтөргөнү, Садыбакасовага жеке таарынычы жоктугу белгиленген. "Аида Исатбек кызы тармактык комитеттин Ош шаарындагы көчмө жыйынынын алкагында филармониянын абалы менен таанышкан. Бул жайдын жагдайы тууралуу парламентте кеп кылып, 22 жылдан... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев 9-декабрда Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вон Жэ менен жолукту. Анда тараптар эки өлкөнүн алакасын, кызматташтыкка байланыштуу маселелерди талкуулады. Ага Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) Бишкектеги өкүлү Ли Жонгсу да катышты. "Азыгалиев Түштүк Кореяга KOICA уюму аркылуу Кыргызстанда мамлекеттик башкаруу, айыл чарба жана санариптештирүү багытында бир катар долбоорлорду ишке ашырып жатканы үчүн ыраазычылык билдирди. Читать дальше...
Биз Кыргызстан футбол биримдигинин Калыстар комитетинин төрагасы, ФИФАнын мурдагы калысы Бахадыр Кочкаров менен Катардагы чемпионат тууралуу маек курдук.
Чүйдүн Кемин районундагы Орловка шаарынын айрым тургундары жылуулуксуз калганын айтып, “Азаттыктын” “Эл үнү” берүүсүнө кайрылды. Жергиликтүү тургун Сейне Жакшыбаева шаарда жылуулук берилгенден кийин куурлар жарылып, авария болуп жатканын айтты. Ал суук түшкөндөн бери эл кыйналып жатканына токтолду. “Жылуулукту ноябрдан баштап бере баштаган. Бирок туура эмес кошуп алышыптыр, ошондон бери авария болуп, куурлар жарылып жатат. Орловканын эли чогулуп, жылуулук менен камсыздаган ишканага барганбыз. Читать дальше...
Түркмөнстанда мамлекеттик "Ватан" телеканалы коррупцияга шек саналып кармалган, күнөөсүн мойнуна алып, элден кечирим сураган аткаминерлерди көрсөттү. Мунун алдында, 8-декабрда президент Сердар Бердымухамедов Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөргөн жана анда башкы прокурор Сердар Мяликгулыев дан сактаган айрым ишканаларда жана "Түркмөн аба жолдору" агенттигинде "коррупциялык кылмыштар" аныкталганын билдирген. Мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдиришинче, дан мекемесинде иштегендерди сот 12 жылга эркинен ажыратты. Читать дальше...
Мурда угуп жүргөн эле чыгарманы жаңылап ырдап чыгып, эл оозуна алынып, күйөрман топтой алгандарды тааныйсызбы? “Азаттык+” кавер аткарып таанылган жаштарды көрсөтөт.
Биз бүгүн зордук-зомбулукка узак жыл чыдап жашап, кийин ызы-чуусу жок жашоону тандаган Назгүл (аты өзгөртүлдү) аттуу каарманды кепке тарттык. Ал кыз-келиндерге зомбулуксуз тандагандан кийин өзүн бактылуу сезе баштаганын айтып берди. Ош облусунун тургуну Назгүл мектепти бүтүп эле өзү кыялданган акушер-гинеколог адистигине тапшырат. Бирок анын ата-энеси кызынын билим алуусуна каршы чыккан. Ушундан улам кызды көп өтпөй айылдашына эле кудалап, турмушка узатышат. "Ата-энем мени жакшы көрүп эле чоңойткон. Читать дальше...
Беларуста камактагы оппозициячыл саясатчылар Мария Колесникова менен Сергей Тихановскийдин адвокаттары Владимир Пыльченко менен Виктор Мацкевичтин лицензиялары жокко чыгарылды. Бул тууралуу Zerkalo.io басылмасы жазды. Ага ылайык, Пыльченко Минск шаардык адвокаттар коллегиясынын курамынан чыгарылды. Мындан кийин бул адвокаттар сот жараяндарына катыша албайт жана түрмөдө жаткан саясатчыларга киргизилбейт. Ушул айдын башында квалификациялык комиссия Пыльченко менен Мацкевичти аттестациядан өткөргөн эмес. Читать дальше...
Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунда төрт баласы майып Жанузак Калбаевдердин үй-бүлөсүнөн өкмөт өкүлдөрү азырынча кабар ала электигин алардын жакын тууганы "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, райондук ооруканадан гана телефон чалып, майыптыгы бар балдарды дагы бир сыйра медициналык кароодон өткөрүү тууралуу айтышкан. Мунун алдында "Азаттык" бул үй-бүлө тууралуу атайын берүү даярдаган. Анда төрт жеткинчекке тең сколиоз же омуртка тутуму кыйшайган деген диагноз коюлганы айтылган. Аларды... Читать дальше...
Кыргызстандын Орусиядагы элчиликтин консулу Манас Жолдошбеков 8-декабрда Москва шаарындагы медициналык жайлардын өкүлдөрү менен жолукту. Маалыматка ылайык, анда кыргызстандык мигранттар жугуштуу ооруларга байланыштуу кошумча текшерүүгө жиберилип жаткан учурлар көбөйгөнү талкууланды. "Консул мекендештер мындай текшерүүнүн жыйынтыгынын тактыгынан күмөн санап жатканын айтып, буга байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Ал бул жагдай кыргыз жарандарынын укугунун сакталышына терс таасирин тийгизип жатканын белгиледи. Читать дальше...