Орусиянын Ханты-Мансы автономдук округундагы Нижневартовск шаарында көп кабаттуу үй жарылып, кеминде төрт адам өлдү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар тиешелүү мамлекеттик кызматтарга таянуу менен кабарлады. “Азаттыктын” орус кызматы жазгандай, алгач беш адам өлгөнү айтылып жаткан. Бир адам реанимацияда аман куткарылып калганы белгиленди. Жарылуудан улам имараттын бир бөлүгү кулап түшкөн. Урандылардын астында дагы кишилер бар экени белгилүү. Он чакты адам жабыр тартканы, бир нечеси оор абалда экени айтылды. Читать дальше...
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, актёр Азиз Мурадилаевдин боорун алмаштыруу үчүн жетпей жаткан 42 миң долларды президент Садыр Жапаров бөлүп берди. Бул тууралуу акча чогултуу акциясын уюштуруп жаткан алып баруучу Ассоль Молдокматова Фейсбуктагы баракчасында кабарлады. Ал буга чейин актердун боорун алмаштыруу үчүн тез арада чет өлкөдө операция жасалышы керектигин, ага 45 миң доллар сарпталарын белгилеген. Акциянын алкагында калктан 3 миң доллардай топтолгону айтылган. Мурадилаев оор абалда Бишкектеги ооруканага түшүп... Читать дальше...
Ашлямфу - крахмал менен камырдан жасалган муздак жана ачуу тамак. Ал эчак эле Каракол шаарынын визиттик картасына айланган. Ашлямфунун эң даамдуусу "Ак-Тилек" базарында сатылат. Базарга ашлямфунун даамын татып көрүү үчүн келген туристтердин да, жергиликтүү элдин да аягы үзүлбөйт экен.
Кытайдын үч астронавты "Тяньгун" ("Асмандагы хансарай") космостук станциясынын курууда өздөрүнүн алты айлык миссиясы аяктап Жерге кайтып келди. Бул тууралуу Кытайдын мамлекеттик телеканалдары кабарлады. Командир Чен Донг жана астронавттар Лю Ян менен Цай Сюжэ түшкөн капсула жекшемби күнү Кытайдын түндүгүндөгү Гоби чөлүнө келип конду. Алар июнда учуп кетишкен. "Тяньгун" Кытайдын бийлиги өз алдынча куруп жаткан космостук станция. Аны куруу иштери былтыр башталган. Андан бери бир нече миссия станциянын ар кайсы бөлүктөрүн алып чыкты. Читать дальше...
Оштогу тергөө абагында 14 жаштагы өспүрүм кыз Айдай Кочкорованын өлүмүнө шек саналган эки адам каза болду. Жазаларды аткаруу кызматы алар өз жанын кыйган деген маалымат таратты. Каза тапкан шектүү жарандар Кадамжайдан Оштогу тергөө абагына 1-декабрда которулган. Башкы прокуратура окуянын чоо-жайын иликтей баштады. Баткен облусунун Кадамжай районунда 14 жаштагы Айдайдын өлүмүнө шек саналып кармалгандардын экөө 4-декабрга караган түнү Ош шаарындагы №5 тергөө абагында каза тапкан. Жазаларды аткаруу... Читать дальше...
Иранда уланып жаткан нааразылык акцияларында мерт болгондор 500гө жакындады. Студент кыздын өлүмүнөн кийин тутанган демонстрациялар бийликке каршы жүрүшкө айланган. Митингчилер диний негиздеги катаал чараларга каршы чыгышкан. Расмий Тегеран Адеп-ахлак полициясын жоюп, хижабды милдеттүү кийүү жөнүндө мыйзамды кайра карап чыгарын кыйытты. Курмандыктар жана бийликтин убадасы Норвегияда жайгашкан ирандыктардын укуктарын коргоо маалымат агенттиги (Human Rights Activists News Agency – HRANA) жаңы... Читать дальше...
Ирандын башкы прокурору Мохаммад Жафар Монтазери өлкөдө адеп-ахлак полициясы жоюлганын билдирди. Мындай чечим Иранда эки айдан ашык убакыттан бери уланып жаткан массалык нааразылык акцияларынын фонунда кабыл алынды. Монтазери ошондой эле өкмөт аялдардын хижаб кийүүсүн талап кылган мыйзамды кайра карап чыгышы мүмкүн экенин кошумчалады. Анын айтымында, бул маселени парламент менен Юстиция министрлиги талкуулап жатат, бир-эки жуманын ичинде чечим кабыл алынышы мүмкүн. Буга чейин Ирандын бийлиги... Читать дальше...
"Сыябан- маектин" кезектеги коногу - белгилүү кинорежиссер, сценарист, продюсер, актер, кино тармагындагы эл аралык көптөгөн сыйлыктардын ээси, Кыргыз Эл артисти Актан Арым Кубат. Ал "Бешкемпир", "Маймыл", "Свет-аке", "Кентавр" өңдүү кинотасмалары менен таанымал.
“Kумтөр Голд Компани” ишканасынан 2022-жылдын 10 айында (январь-октябрь) бюджетке 28,7 миллиард сом түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелерди болжолдоо башкармалыгынын жетекчиси Алмазбек Кочкоров билдирди. “Анын ичинен 25 млрд. 486 млн. сом салыктан түштү. Калганы салыктык эмес социалдык төлөмдөр, Ысык-Көлдү өнүктүрүү жана жаратылышты өнүктүрүү фонддоруна которулган каражат”, - деди ал. Ноябрь айынын башында “Kумтөр Голд Компани” тогуз айдагы ишинин жыйынтыгын жарыялаган. Читать дальше...
Бекмамбет Атаканов жаштыгын сталиндик абакта өткөргөн. Миллиондордун башын жуткан ал апаат жазуучунун романдарында чагылдырылган. Бул ирет сүрөткердин “Мадылбек” аңгемеси тууралуу кеп кылaбыз. "Ал акчага эки кап жүгөрү келчү" Мезгилдүү басма сөздө берген маектеринин биринде Бекмамбет Атаканов кантип жана кандайча сталиндик абакка түшүп калышынын себебин мындайча түшүндүргөн: “Мен 1929-жылы Миң-Булак айылында туулгам. Чалдыбар мектебинде 14 жашка чейин окудум. Ал кезде мугалимдер тартыш болгондуктан... Читать дальше...
Казакстандын Павлодар облусунун Экибастуз шаарындагы өзгөчө кырдаалды жөнгө салуу боюнча ыкчам штаб жылуулук түтүктөрүн калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди. “Азаттыктын” казак кызматынын маалыматы боюнча, Экибастузда жекшемби күнгө карата көп кабаттуу 11 үй жылуулук борборуна кошула элек. Шаарда баш-аягы 689 көп кабаттуу үй бар. Оңдоо-калыбына келтирүү иштерине 500гө жакын адам тартылган. Казакстандын түндүгүндө жайгашкан Экибастуз шаарында 27-ноябрда Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) агрегаттын түтүктөрү жарылган. Читать дальше...
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси Сирожиддин Камолидинов Ош шаарындагы №5 тергөө абагында шектүүлөрдүн өлүмү боюнча териштирүү иштери башталганын билдирди. Анын сөзүнө караганда, камакта жаткандардын экөө 4-декабрга караган түнү саат экилерге жакын дааратканада шейшептерине асынып алган. “Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлери боюнча материалдар катталып, текшерүү иштери башталды. Биринчи кароо жүргүзүлүп, каза болгондордун денесинен эч кандай залал аныкталган жок. Денелери таза. Читать дальше...
Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 5-декабрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз -3…+2, Талас жергесинде түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 0…5, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5, Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…-5, Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -20…-25, күндүз -7…-12. Читать дальше...
Кыргызстанда зомбулук көргөн аялдар менен иштеген ондогон кризистик борборлор бар. Аларга кимдер кайрылат? Борбордун адистери өзүлөрү кандай жардамга муктаж, зомбулукту алдын алууда кандай иш-аракеттер аткарылат?
Баткен облусунун Кадамжай районунда 14 жаштагы кыздын өлүмүнө шек саналып кармалгандардын экөө 4-декабрга караган түнү Ош шаарындагы №5 тергөө абагында каза тапканы белгилүү болду. Бул тууралуу маалыматты Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова 4-декабрда “Азаттыкка” ырастап, эки шектүү асынып алганын билдирди. Анын айтымында, териштирүү иштери жүрүп жатат. Быйыл 5-сентябрда Кадамжай районунда киши колдуу болгон 14 жаштагы кыздын сөөгү табылган. Факт боюнча Кылмыш-жаза... Читать дальше...
Бишкекте бир катар көчөлөрдө нааразылык акцияларын өткөрүүгө тыюу салган чечимдин мөөнөтү жаңы жылга чейин узарды. Жарандык коомдун өкүлдөрү бул чечимди адам укугун чектөө, сөз эркиндигин кысымга алуу катары баалап жатышат. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту жыл аягына чейин митинг өткөрүүгө тыюу салууну мыйзамдуу деп тапты. 31-декабрга чейин тынч митингдерди өткөрүүгө тыюу салынган жайлардын катарына "Эркиндик" бульвары да кошулду. Бул жерде акыркы убакта тынч жүрүштөр өтүп жаткан. “Биринчи... Читать дальше...
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, актёр Азиз Мурадилаев оор абалда Бишкектеги ооруканага түшүп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Бул тууралуу алып баруучу Ассоль Молдокматова Фейсбуктагы баракчасына жазып, операция үчүн жардам чогултулуп жатканын билдирди. Ага акчалай көмөк керек экенин башка маданият кызматкерлери да билдирип, коомчулукту кайдыгер карабоого чакырып жатышат. Маалыматка караганда, актердун боорун алмаштыруу үчүн тез арада чет өлкөдө операция жасалышы керек. Ага 45 миң доллар сарпталат. Читать дальше...
Баткен районунун Ак-Сай айылында 3-декабрда социалдык шаарча пайдаланууга берилип, муктаж 10 үй-бүлөгө турак жайлар тапшырылды. Бул тууралуу Баткен райондук администрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Шаарчанын чыгымын толугу менен Бириккен Араб Эмираттарынын “Human Appiel International” гуманитардык уюму көтөрдү. Курулушу бир жыл мурун башталып, быйыл бүткөрүлгөн социалдык шаарчада 12 турак жай бар. Алардын ар бири төрт бөлмөдөн турат. Шаарчанын айланасына ФАП, бала бакча, тигүүчү цех жана мечит салынат. Читать дальше...
4-декабрда Кыргызcтанда “Манас” эпосунун күнү белгиленип жатат. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды куттуктап, эпосту жайылтуу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, 2021-жылы “Манас” театры ачылып, ушул жылы ага “улуттук” деген макам ыйгарылып, манасчылар, дастанчылар жана төкмө-акындар үчүн шарттар түзүлгөн. “Манас” эпосу “Манас”, “Семетей” жана “Сейтек” үчилтигинен турат. Эпостун манасчы Сагымбай Орозбаковдон... Читать дальше...