Кыргызстанда кызматынан мөөнөтүнөн мурда кеткен экс-президенттерди мамлекеттик күзөттөн ажыратуу же кайсы бир убакытка гана берүү сунушталууда. Бүгүн 1-декабрда Жогорку Кеңеште экс-президенттердин макамы тууралуу мыйзам талкууланып жатканда бул маселени депутат Дастан Бекешев көтөрдү:
“Азыркы мыйзамда экс-президентке мамлекеттик күзөт өмүрүнүн аягына чейин берилери, азыркы президентке төлөнүүчү айлыктын 75 пайызынан кем эмес маяна төлөөнөрү жазылып турат. Мейли, медициналык камсыздандыруу керек, ал кала берсин. Ал эми мамлекеттик күзөттү мөөнөтүнөн мурда кетсе алып салбайлыбы. Мамлекеттик бюджетти сактайлы. Кайсы бир мөөнөткө деп аныктап берели, өмүр бою дебей. Бир эле киши каршы болбосо, бүтүн эл колдойт. Азыр 200 миң сомдук пенсияны ким эле алып жатыптыр? Социалдык адилеттик болушу керек да”.
Айрым депутаттар Бекешевдин мындай сунушун колдой турганын айтса, кээ бирлери каршы экенин билдиришти.
Юстиция министринин орун басары Бактияр Орозов билдиргендей, бүгүнкү күндө экс-президент деген макамы бар мурдагы жетекчилерди өкмөт өмүр бою мамлекеттик күзөт менен, өзүн жана үй-бүлө мүчөлөрүн акысыз медициналык тейлөө, азыркы президенттин эмгек акысынан 75 проценттен кем эмес маяна, санитардык-курорттук тейлөө менен камсыздоого милдеттүү. Ошондой эле аларга мамлекеттик дача берилиши керек.
Кыргызстан эгемендик алган 1991-жылдан бери өлкөнү беш президент башкарды. “Экс-президент” деген расмий макам алардын экөөндө гана – Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековдо бар. Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев “экс” деген макамдан 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн декреттеринин негизинде, Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин 2019-жылдын 27-июндагы токтому менен ажыратылган. Бешөөнүн арасынан кызматынын аягына чейин чыккандар Отунбаева менен Атамбаев. (RK)