26-сентябрда Тажикстандын Сомониён айылына кыргыз тараптан миномет атылганы тууралуу маалыматты Кыргызстандын Чек ара кызматы төгүндөдү. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы чек арада абал туруктуу экенин маалымдап, маалымат каражаттарына чыккан кабарды четке какты. 26-сентябрда "Озоди" радиосу Исфара шаарынын Чорку айыл аймагынын Сомониён айылынын тургундарына шилтеме кылып, кыргызстандык аскерлер миномет атканын, андан жергиликтүү тургун жарадар болгонун жазган. Читать дальше...
Кыргызстан менен Тажикстандын бийликтери эки тараптан төрттөн чек ара постун алууну макулдашты. 26-сентябрга карата куралдуу кагылыштан кийин коопсуз жайларга көчкөн 92 521 адам өзүнүн үй-жайына кайтты. Орусиянын Иркутск облусунда согушка каршы чыккан жаран Зинин Руслан аскер комиссарын атып салды.
Иранда студент кыздын өлүмүнө байланыштуу тутанган элдик толкундоолордо кеминде 57 киши өлгөнүн өлкөдөгү Адам укуктары уюму билдирди. Уюмдун 25-сентябрдагы маалыматына караганда, Иранда интернет чектелгендиктен каза болгондордун санын так аныктоо мүмкүн эмес. Расмий маалыматтарга караганда, демонстранттар жана күч түзүмдөрүнүн кагылышуусунан 41 киши каза болду. 22 жаштагы Махса Амини аттуу студенттин өлүмүнө байланышуу тутанган башаламандыктар он күндөн бери уланып келет. 13-сентябрда Тегеранда... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров чек ара тууралуу жалган маалымат тараткандарды топтоп, Баткенге кызмат өтөөгө жөнөтүүнү тапшырды. Кыргызстан менен Тажикстан чыр чыккан аймактардан төрттөн чек ара постту алып салууну макулдашканы белгилүү болгон соң коомчулукта сын-доомат көбөйдү. Президенттин эскертүүсүн анын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жарыялады. Анда Садыр Жапаров коргоо министрине буга байланыштуу атайын тапшырма бергени көрсөтүлгөн. "Президент Жапаров коргоо министрине... Читать дальше...
Кыргызстан менен Тажикстан эки тараптан төрттөн чек ара бекетин алууну макулдашты. Мындай чечим чек арадагы жаңжалдарды токтотуу максатын көздөйт деген түшүндүрмө берилди. Ошол эле маалда Ворух анклавынын айланасындагы чек ара постторунун алынышы коомчулукта суроо жаратууда. Ондогон адам өмүрүн алып, эгемендик жылдардагы эң масштабдуу куралдуу жаңжал деп сыпатталган 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы кол салуудан кийин эки өлкөнүн бийлик жетекчилери кезектеги документке кол койду. ... Читать дальше...
Орусияга караштуу Удмуртия республикасынын баш калаасы Ижевскидеги мектепте болгон ок атуудан 15 киши, анын ичинде он бир баланын өмүрү кыйылды. Орусиянын Тергөө комитети 26-сентябрда билдиргендей, кол салган адамдын тек-жайы аныкталды. Ал окуя болгон № 88 мектептин бүтүрүүчүсү, 34 жаштагы Артем Казанцев болуп чыкты. Ал мектепке кирип барып, алгач күзөтчүнү өлтүргөн. Андан кийин класстардын бирине кирип барып, туш келди ок чыгарган. Казанцев андан соң өз өмүрүн кыйган. №88 мектепте миңге чукул окуучу билим алат. Читать дальше...
Түштүк Кореянын борбор шаары Сеул - дүйнөдөгү тездик менен өнүгүп жаткан мегаполистердин бири. Бул калаада ондогон жылдар мурун келип, отурукташып калган кыргызстандыктар бар. "Данисте" бул жолу Түштүк Кореядагы журтташтардын жашоо-турмушун көрсөтөт.
Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын биргелешкен протоколуна 26-сентябрда Бишкекте кол коюлду. Протокол чек аранын айрым тилкелери жөнүндө жаңы келишимдин долбоорун макулдашуу жол-жобосун баштоого мүмкүндүк бере турганын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Документке кыргыз тараптан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев... Читать дальше...
Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси Кайрат Сатыбалды алты жылга эркинен ажыратылды. 26-сентябрда Астана шаардык соту аны "Казахтелеком" жана "ЦТС" акционердик коомдорунан ири өлчөмдө акча кымырып алган деп тапты. Сатыбалды “Алдамчылык же ишенимге кирүү менен мүлккө зыян келтирүү” жана “Ишенип берилген мүлктү уурдоо же өзүнө ыйгарып алуу” беренелери боюнча айыпталды. Ошондой эле ага он жыл мамлекеттик кызматка барууга тыюу салынды. Буга чейин прокурорлор Сатыбалдыдан "Күрмет"... Читать дальше...
Кыргызстанда Эл аралык кылмыш сотунун Рим статутун ратификациялоо демилгесинин алкагында иштер башталды. 26-сентябрда Юстиция министрлиги тийиштүү мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Мыйзам долбоорунун максаты Кыргызстандын өзүнүн жана жарандарынын эл аралык аренадагы кызыкчылыктарын эл аралык укук механизмдери аркылуу коргоону камсыздоо экени, Рим статуту Кыргызстандын коопсуздугун камсыз кылып, өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн коргоо механизми болуп калары белгиленди. Рим статуту – Эл аралык кылмыш сотунун негизги документи. Читать дальше...
Равшанбек Сабиров Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы кызматынан кетишине соңку күндөрү өзүнүн дарегине социалдык түйүндөрдө көбөйгөн сын-пикирлер себеп болгонун айтты. Бул тууралуу ал "Азаттыкка" комментарий берген учурда билдирди. "Менин айымдан өлкө жетекчилигинин дарегине көлөкө түшүшүн каалабадым", - деген Сабиров конкреттүү кандай сын-пикирлер экенин айткан жок. Кызматтан кетүү тууралуу чечимди өз каалоосу менен кабыл алганын кошумчалады. Быйыл 11-марттан бери президентке... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кагылыш жана бир күн мурун Тажикстан менен кол коюлган протокол боюнча 26-сентябрда журналисттердин суроолоруна жооп берди. Ташиев 16-17-сентябрдагы окуяларды "чек арачылардын жаңжалы эмес, чек аранын бардык периметри боюнча Кыргызстанга жасалган пландуу агрессия" экенин айтты. Ошондой эле кыргыз аскерлери кошуна өлкөнүн чек арасынан өтпөгөнүн белгилеп, жоокерлер Кыргызстандын аймактарын... Читать дальше...
Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта ондогон адам там-ташынан айрылды.
Медиа коомчулук өкүлдөрү иликтөөчү журналист Болот Темиров Кыргызстандан чыгарыла турган болсо аскердик мобилизация жүрүп жаткан Орусияда анын өмүрүнө коркунуч жаралышы ыктымал деген кооптонуусун билдиришти. “Медиа полиси институту” уюму баштаган медиа өкүлдөрүнүн ачык кайрылуусу бүгүн 26-сентябрда жарыяланды. Анда эгер Темировдү өлкөдөн чыгарса мамлекет анын коопсуздугун чоң тобокелге салган болору белгиленди. “Кыргызстандын Конституциясынын 56-беренесинде адамды жасаган кылмышы үчүн гана чектесе болору жазылган. Читать дальше...
Макаланын автору Жолдош Турдубаев - адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык сынактарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia долбоорунун алкагындагы адам укуктары боюнча макалалардын Борбордук Азия журналисттеринин арасында жарыяланган сынактын экинчи байгесине ээ болгон. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт. Баткендеги согуш өртү убактылуубу же чындаппы, басылды. Жалын өчүп, түтүн быкшып жатат. Бирок... Читать дальше...
Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин экс-спикери Акматбек Келдибековду “Коррупция” жана “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча актады. Бул тууралуу “Азаттыкка” соттун басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматта Келдибеков күнөөсүз деп табылып, кылмыштын курамы жок болгондуктан акталганы айтылат. 2011-жылы Салык кызматын жетектеп турганда Акматбек Келдибековго “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ошол эле жылы парламенттин спикери болуп иштеп... Читать дальше...
Орусиянын Ижевск шаарындагы №88 мектепте белгисиз адам туш келди ок чыгарып, 13 киши, анын ичинде жети бала мерт кетти. Жыйырмадан ашык адам жаракат алды. Удмуртиянын башчысы Александр Бречаловдун айтымында, ок аткан киши өз өмүрүн да кыйган. "112" Телеграм-каналы он киши мерт болгонун жазды. Окуя 26-сентябрдын таңында болгон. Азырынча ок чыгарган кишинин тек-жайы аныктала элек жана эмне себептен мындай кадамга барганы белгисиз. Ал алгач мектептин күзөтчүсүн атып, андан кийин класстардын бирине кирип барып туш келди ок чыгарган. Читать дальше...
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салууда талкаланган жана зыян тарткан турак жайлардын короолорун тазалап, жаңы имараттарды салуу аракети башталды. Бул тууралуу 26-сентябрда "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын башчысы Асан Сулайманов билдирип, Баткен районунун Ак-Сай, Капчыгай айылдарына, Лейлек районун Борбордук жана Максат айылдарына министрликтен төрт тайпа адистер тийиштүү техника менен жөнөтүлгөнүн айтты. Сулаймановдун белгилешинче... Читать дальше...
Орусиянын Иркутск облусунун Усть-Илимск шаарындагы аскердик комиссариаттардын биринде аскерге чакырылган адам ок чыгарды. Андан аскерге чакыруу комиссиясынын башчысы Александр Елисеев жаракат алып, учурда оорукананын жандандыруу бөлүмүндө экени кабарланды. Социалдык тармактарга тараган видеодо, ок аткан адам өзүн 25 жаштагы Руслан Зинин деп тааныштырып жатканын көрүүгө болот. Маалыматка караганда, ага согушка чакыруу келген. Күбөлөрдүн айтымында, ал ок чыгарардын алдында «азыр баарыбыз үйгө кетебиз» деп кыйкырган. Читать дальше...
Кыргызгидромет кызматы 27-сентябрда жаан-чачын болбой турганын кабарлады. Абанын температурасы: Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11...16, күндүз 23...28, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10...15, күндүз 18...23, Талас жергесинде түнкүсүн 5...10, күндүз 16...21, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 7...12, күндүз 18...23, Нарын облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 19...24, Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1...-6, күндүз 4...9°. Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 13…15, күндүз 21…23°.
Италияда 25-сентябрда өткөн парламенттик шайлоодо оңчул-борборчул коалиция жеңишке жетти. Баарынан көп добушту "Италия агайындары" ашынган оңчул партиясы топтой алды. Эми анын лидери, 45 жаштагы Жоржа Мелони өкмөт башына келсе, Италиядагы эң алгачкы аял премьер-министр болуп калышы мүмкүн. "Италия агайындары" сексуалдык азчылыктардын баш кошуусуна каршы чыгып келет, ошондой эле мигранттарга каршы так саясаты бар. Демократиялык партия башында турган солчулдар добуштардын 26%, ал эми «Беш жылдыз» кыймылы 15% алды. Читать дальше...
Бүгүн 26-сентябрда Бишкекке иш сапары менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келди. Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, иш сапары алкагында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча өкмөттүк делегациялардын биргелешкен жыйыны өтөт. Абдулла Арипов менен президент Садыр Жапаров да жолугушат. Өзбек премьер-министри быйыл апрель айында Ошто иш сапары менен болуп, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек аралаш аймак башчыларынын жыйынына катышкан. Читать дальше...
Бүгүн, 26-сентябрда "Ата Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде 16-17-сентябрь күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда курман болгон үч аскер кызматкери - Шерали Анаркулов, Санжарбек Анаркулов жана Жаңыбай уулу Тилектин сөөгү жерге берилди. Алар аткылоонун натыйжасында танктын ичинде тирүүлөй күйүп кетишкен. Сөөктөрдү аныктоо үчүн тийиштүү экспертизалар жасалган. Сөөк коюу зыйнатына маркумдардын жакындары, мамлекет башчы Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана башка бийлик өкүлдөрү... Читать дальше...
26-сентябрга карата кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан улам коопсуз жакка убактылуу чыгып кеткен 92 521 адам өзүнүн үй-жайына кайтты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, 14-17-сентябрдагы куралдуу кагылышуунун кесепетинен Баткен облусунда 136 770 жаран эвакуацияланган. Анын ичинен 36 242 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө жайгашкан, 4 207 адам атайын уюштурулган эвакуациялык жайларда турушат. Алардан тышкары 3 800 жаран... Читать дальше...
Акыйкатчынын кеңсесиндеги кошумча маяна маселесине байланыштуу бул мекеменин мурдагы үч жана азыр иштеп жаткан бир кызматкеринин атынан Жогорку Кеңешке, президенттик администрацияга, өкмөткө, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) жана Башкы прокуратурага кат жөнөтүлгөнүн бүгүн 26-сентябрда «Азаттык» радиосуна мурдагы жетектөөчү адис Азим Акматов билдирди. Анын айтымында, нааразылык мурдатан бери төлөнүп келген кошумча акы боюнча кабыл алынган жаңы чечимге байланыштуу болууда: «Иш күнү кечки алтыга чейин. Читать дальше...