Аскер Сакыбаева - журналист. Бир катар басылмаларда эмгектенген. Соңку кезде эркин медиалар менен кызматташып келет. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт! Кокусунан эле аз убакыт мурда тартылып бүткөн режиссер Эрнест Абдыжапаровдун “Сагынбай манасчы” аттуу көркөм тасмасынын бет ачарына катыштым. Тасманы көрүп бүткөн соң, эки анжы ойдо калдым. Албетте, киносынчы эмесмин, бирок катардагы көрүүчү катары оюмду айтууга укугум бар го деп ойлойм. Эми тасманын өзөгүнө келсек, 1922-26-жылдардагы... Читать дальше...
Француз жазуучусу Ги де Мопассан кыска чыгармачылык өмүрүндө жыйырмадан ашуун аңгемелер жыйнагын жарыялаган. Бир нече романдардын автору. Бул ирет сүрөткердин “Шуру” деген аңгемесине токтолобуз. Жазуучулукка жол “Шуру” аңгемеси 1884-жылы жазылган. Мопассандын чыгармачылыгы Европа адабиятында көлөмдүү романдардын заманы өтүп, окурман журту кыска аңгемелерге, окуясы кызыктуу чакан баяндарга кызыга баштаган кезге туш келген. Жалаң эле аңгеме, новелла, повесть жазуунун кыныгын албай, таланттуу сүрөткер алты роман жараткан. Читать дальше...
Кыргызстанда педофилия сыяктуу өзгөчө мыкаачылык менен жасалган кылмыштар үчүн өлүм жазасын киргизүү сунушталууда. Кадамжайда 14 жаштагы мектеп окуучусу зомбулук менен өлтүрүлгөн окуяга байланыштуу айрым депутаттар балдарга жана аялдарга зордук-зомбулук күчөгөнүн, ошондуктан педофилдерге, зордукчуларга өкүмдү катаалдаштырып, өлүм жазасын колдонууга уруксат берүү демилгесин көтөрүштү. Бирок башка бир депутаттар менен эксперттер жазаны катуулатуу менен эмес, кылмышкердин жазадан качып кутулушуна жол бербөө маанилүү экенин белгилешти. Читать дальше...
9-сентябрда Түркиянын баш калаасы Анкарада Кыргызстандан уурдалган теги түркиялык Орхан Инандынын кезектеги соту өттү. Бул тууралуу "Хабертүрк" басылмасы билдирди. Анда Инандынын адвокаты айыпталуучу колунан операция болгонун, андыктан отурумга келе албай калганын айтты. Сот Абдуллах Көксал суракка чакырылган күбөлөр чет өлкөдө болгондуктан алардын көрсөтмөлөрү алынбай турганын билдирди. Прокурордун бүтүмүндө Орхан Инанды дин ишмери Фетхуллах Гүлендин кыймылын террордук уюм катары тааныбаганын... Читать дальше...
Улуу Британиянын падышасы Карл III элге биринчи кайрылуусун жасады. Анын сөзү бир нече саат мурда Букингем сарайындагы Көгүш конок бөлмөсүндө жазылган. Анын кайрылуусу дээрлик толугу менен анын апасы, ханыша Елизавета II арналган. Ал Елизавета IIнин өмүрү британиялыктарга кызмат кылуу менен өткөнүн айтты. Анын кайраттуулугу менен өз милдеттерине берилгендиги адамдык жылуулугу, тамашакөйлүгү жана адамдардын ар дайым жакшы жактарын көрө билгендиги менен айкалышып турганын белгиледи. Карл III... Читать дальше...
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин алдындагы "Кыргызсериал" чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмеси” мамлекеттик мекемеси түзүлдү. Тиешелүү чечим Министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынганын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Мындай чечим улуттук киноискусствону өнүктүрүү жана улуттук кинематографияны сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүү, кинематографияны мамлекеттик колдоо системасын өркүндөтүү максатында кабыл алынган. Эми “Кыргызсериал” өзүнүн уставын иштеп чыгып... Читать дальше...
АКШнын Кыргызстандагы элчилиги виза алуу убактысын кыскартууга бардык аракеттер жумшалып жатканын билдирди. Дипломатиялык өкүлчүлүк бул аракеттер эки өлкө ортосундагы карым-катнашты чыңдоо үчүн жасалып жатанын белгилеген. "АКШ элчилиги виза алуу убактысын кыскартып, АКШ менен Кыргыз Республикасынын элдеринин ортосундагы карым-катнашты чыңдоо үчүн бардык күч-аракетин жумшоодо. Ошол эле учурда биз ачык болуп, Кыргызстандын бардык жарандарынын виза алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоого аракет кылып жатабыз. Читать дальше...
23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнүнүн 33 жылдыгына жана 9-сентябрь - Комуз күнүнө карата Жалал-Абад шаарындагы 15 жаштан 25 жашка чейинки комузчулар арасында "Жаш талант-2022" сынагы өттү. Кароо-сынакка шаар аймагындагы жогорку жана орто окуу жайларынын, кесиптик лицейлердин студенттери, шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу орто мектептин окуучуларынан жалпы 19 комузчу катышты. Жыйынтыгында Жалал-Абад маданият техникумунун студенти Бекназар Тажибаев 1-орунду ээлеп, беш миң сом акчалай сыйлык жана диплом берилди. Читать дальше...
“Элдик” депутаттык тобу Бишкек шаарындагы таштанды төккөн полигонунда 9-сентябрда көчмө жыйын өткөрүп, борбор калаанын экологиясына жана шаар тургундарынын ден соолугуна терс таасир тийгизип жаткан жагдайды чечүү маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, жыйынга мэр Эмилбек Абдыкадыров баштаган Бишкек шаарынын тиешелүү жетекчилери, Башкы прокуратуранын жана башка мекемелердин өкүлдөрү катышты. Депутаттык топтун лидери Акылбек Түмөнбаев... Читать дальше...