23-24-сентябрда Европанын бир катар шаарларындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү тынчтык митингине чыгышты. Алар Баткенде чек арадагы айылдардын талкаланып, ондогон киши набыт кетип, миңдеген тургундардын үй-жайын таштап качууга аргасыз болушуна кошуна өлкөнүн бийлигин күнөөлөштү. Быйыл 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Тажикстан да ушундай эле мазмундагы билдирүү тараткан.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Орусиянын оюнчулары менен алгачкы жолу беттешти. Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болгон жолдоштук оюнда орусиялык команда 2:1 эсебинде жеңишке жетишти.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Бишкекте өткөн жолдоштук беттеште Орусиянын футбол боюнча улуттук курама командасына жеңилди. Оюн бүгүн, 24-сентябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, 1:2 эсебинде орусиялыктардын пайдасына аяктады. Беттештеги алгачкы голду 25-мүнөттө Кыргызстандын чабуулчусу Алимардон Шүкүров киргизди. 30-мүнөттө орусиялык чабуулчу Александр Соболев айып тобун дарбазага таамай тээп, эсепти теңеди. Беттештин бүтөрүнө аз калганда калганда, 88-мүнөттө орусиялык... Читать дальше...
16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты."Эже-сиңдилер" берүүсүндө үйүн таштап, коопсуз жайга көчүп кеткенгенге аргасыз болгон баткендик жарандардын психологиялык абалы тууралуу сөз кылабыз.
2022-жылы жети ай ичинде Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соода 3,2 миллион долларды гана түздү. Жыл ичинде өз ара соода агымы 7 эсеге азайды. Акыркы жылдардагы мамиленин курчушу жалпы 16 миллион кишилик базары бар кошуна эки мамлекеттин соода жана экономикалык алакасын дээрлик токтотууга алып келди. Баарынан да бир кездерде соода-сатыгы күргүштөп турган эки өлкөнүн чек ара аймактары көп жабыр тартууда. Кыргызстан пахта жибин, жашылча-жемиш алып, ордуна күйүүчү-сыйпоочу май, курулуш материалдарын... Читать дальше...
Германиянын Түндүк Рейн-Вестфалия аймагында жашаган кыргызстандыктар Көлн шаарында тынчтык акциясын өткөрүштү. “Мурас" маданий коому менен аймактагы диаспора өкүлдөрү уюштурган иш-чарага 30дан ашуун мекендеш катышты. Алар Баткенде чек арадагы айылдардын талкаланып, ондогон киши набыт кетип, миңдеген тургундар үй-жайын таштап качууга аргасыз болушуна кошуна өлкөнүн бийлигин күнөөлөштү. Кыргызстандыктар тынчтык каалай турганын белгилеп, курман болгондордун элеси түбөлүк сакталарын айтышты. Ушундай эле акциялар Германиянын Берлин... Читать дальше...
Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери камакта жаткан активист Ырыс Жекшеналиевден кабар алышты. Мекеме 23-сентябрда тараткан кабарга ылайык, Жекшеналиев 22-сентябрда кезектеги сурак учурунда кан басымы көтөрүлүп кеткенин айткан. Ал медициналык кароодон өткөнүн, омуртка жана жүрөк-кан тамыр оорулары дарылоону талап кылып жатканын билдирген. Камакта кыйноо же ырайымсыз мамилеге туш болгону тууралуу арызданган эмес. Фейсбуктагы "Полит Узник" баракчасынын администратору, 19... Читать дальше...
Кыргызгидромет кызматы 25-сентябрда тоолуу райондордо өткүн өтөт деп кабарлады. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан жел согуп турат. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10...15, күндүз 27...32, Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 23...28, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12...17, күндүз 27...32, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 7...12, күндүз 20...25, Нарын облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 21...26, Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 0...-5, күндүз... Читать дальше...
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткен облусуна жалпысынан миң тоннадан ашык гуманитардык жардам жеткирилгенин маалымдады. Ал арада жардамды бөлүштүрүү иштери аксап жатканын, муктаждардын баарына бирдей жетпегенин айткандар бар. Баткенден келген 40ка жакын аял балдары менен эки күн мурун Чүйдүн Байтик айылындагы кесиптик лицейдин жатаканасына жайгаштырылган. Бул жайда төшөк, жуурканы жок, керебеттер эле турганы тартылган сүрөттөр социалдык тармактарга тарап, нааразылык жараткан. Андан көп өтпөй... Читать дальше...
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгон кыргызстандыктардын саны 62ге жетти. Бул тууралуу 24-сентябрда Баткен облусу боюнча саламаттык сактоо координатору Арзыбек Бөрүбеков билдирди. Ал жараат алгандар 198 киши экенин, аларга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатканы айтты. Жабыркагандардын 171и эркектер, 14ү аялдар, 13ү балдар. Бишкектеги Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө үч киши жатат. Бөрүбеков кагылыш болгон аймактардагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, фельдшердик-акушердик... Читать дальше...
Баткенде кырдаал салыштырмалуу туруктуу экенин облустук администрация 24-сентябрда билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, түн тынч өттү. 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Тажикстан да ушундай турумду карманууда. Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 59 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Кыргыз... Читать дальше...
Бишкек милициясы 24-сентябрда өтө турган Кыргызстандын жана Орусиянын футбол боюнча курама командаларынын жолдоштук беттешине карата эскертүү жарыялады. Анда оюндун катышуучулары, күйөрмандар жана фанаттар коомдук тартипти сакташы керектиги, эгер улут аралык кастыкты козутуу жана башка кандайдыр бир чагымчыл аракет көрүү фактылары же ээнбаштык аныкталса, күнөөлүүлөр Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жазага тартылары белгиленди. Коопсуздукка коркунуч жараткан жагдай түзүлсө же шектүү буюмдар аныкталса... Читать дальше...
Кыргызстандын жана Тажикстандын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев менен Сирожиддин Мухриддин 23-сентябрда Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысынын саясий жана тынчтык орнотуу маселелери боюнча орун басары Розмари Дикарлонун катышуусунда жолугушуу өткөрүшкөнүн Кыргызстандын тышкы саясий мекемеси билдирди. Маалыматта айтылгандай, жолугушууда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу сөз болуп, тараптар маселени мындан ары тынчтык жолу менен чечүүгө даярдыгын билдиришти. Сүйлөшүүгө... Читать дальше...
Иранда бийлик укук коргоочу кыздын өлүмүнөн кийин тутанган нааразылык акцияларына каршы уюштурган демонстрациялар бир нече шаарда өттү. Өкмөттүк IRNA маалымат агенттиги 23-сентябрда “Адамдар ыйык Куранды мазактагандарды, мечиттерди өрттөгөндөрдү жана ислам дресс-кодун бузгандарды айыптоо үчүн чыгышты” деп билдирди. Демонстранттар өкмөткө каршы чыккандарды “Израилдин аскерлери” деп айыптап, “Америкага өлүм”, “Израилге өлүм” деп кыйкырып жатышканын мамлекеттик телеканалдар түз эфирде көрсөттү. Адатта... Читать дальше...
Баткенде чек арадагы каргашада талкаланган үйлөрдүн ордуна ар бири 100 чарчы метрлик үйлөр салына турганын мамлекет башчынын администрациясынын президенттин жана өкмөттүн чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы Айбек Жунушалиев билдирди. Бул тууралуу маалымат 23-сентябрда Баткендеги окуяга байланыштуу түзүлгөн Медиа-штабдын Телеграмдагы баракчасына жарыяланды. Жунушалиев курулуш иштерин 2-3 айда жыйынтыктоо пландалып жатканын айтты: “Ар бир айылды кыдырып, изилдөө жүргүзүп жатабыз. Үйлөр 100 чарчы метрден өйдө болот. Читать дальше...
Германиянын түштүк-батышында жайгашкан Баден-Вюртемберг федералдык аймагында жашаган кыргызстандыктар Штутгарт шаарында тынчтык жүрүшкө чыгышты. "Данек" коомдук уюмунун демилгеси менен уюштурулган акцияга 60тан ашуун мекендеш катышты. Алар Баткенде чек арадагы айылдардын талкаланып, ондогон киши набыт кетип, миңдеген тургундардын үй-жайын таштап качууга аргасыз болушуна кошуна өлкөнүн бийлигин күнөөлөштү. Кыргызстандыктар тынчтык каалай турганын белгилеп, курман болгондордун элеси түбөлүк сакталарын айтышты. Читать дальше...