Чет өлкөдө жашаган кеминде бир таанышыңыз болушу мүмкүн. Себеби расмий статистикага ылайык, Кыргызстандын ар бир алтынчы жараны чет жакта жүрөт. Алардын арасында алыста туруп, Ала-Тоонун алдыга жылышына акысыз салым кошуп жаткан жигердүү кыргызстандыктар бар. “Азаттыктын” “Биз жана дүйнө” берүүсүндө Германия, Швейцария жана Франциядагы мындай мекендештер тууралуу айтып беребиз.
Кытай бийлигинин Шинжаңдагы уйгурларга жана башка мусулман азчылыктарына жасаган мамилеси "адамзатка каршы кылмышка" барабар болушу мүмкүн. Мындай кортунду Бириккен Улуттар уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча башкармалыгынын көптөн бери күтүлүп жаткан баяндамасында чыгарылган. Бээжин отчетту "жалган маалыматтын топтому" деп атады. Кытай буга чейин документтин жарыяланышына караманча каршы чыгып келген. 31-августта жарык көргөн документте БУУнун Адам укуктары боюнча башкармалыгы расмий Бээжинди... Читать дальше...
Бишкектеги балдардын тез жардам ооруканасынын жаңы имаратынын курулушунун башталышына президент Садыр Жапаров катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады. Президент Жапаров балдар үчүн заманбап жогорку технологиялык медициналык жабдуулар менен жаңы оорукана 2025-жылга чейин курулуп бүтөрүн билдирген. Төрт кабаттуу хирургиялык имараттын курулушу Сауд өнүктүрүү фондунун жеңилдетилген насыясынын эсебинен салынып жатат. Бирок, курулушка алына турган насыянын суммасы айтылган жок. Читать дальше...
Кыргызстанда беш адам жогорку мамлекеттик наамга татыды. "Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку наамы менен экс-спикер Медеткан Шеримкулов, экс-премьер-министр Апас Жумагулов, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, маркум мамлекеттик ишмер Арстанбек Дүйшеев жана кинорежиссер Болот Шамшиев сыйланды. Көзү өткөн ишмерлерден сырткары жогорку наам алган инсандар тууралуу коомчулукта эки ача пикирлер айтылууда. Бул жогорку наамдар тарыхый баа менен эмес, саясий ыңгайга жана маанайга жараша берилген учурда... Читать дальше...
Чүйдүн Аламүдүн райондук сотунда президенттик аппараттын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнө шек саналып жаткан Санжар Сапарбековдун сот иши уланууда. Бул тууралуу жактоочуларынын бири маалымдады. 1-сентябрдагы өткөн сот отурумунда күбөлөр суралган. 7-февралда шектүү Санжар Сапарбековго Кылмыш жаза кодексинин (2021-жылдагы редакциясы боюнча) бир нече беренеси менен айып тагылган. Ал тагылган күнөөлөрдү моюнуна албай турганын билдирген. Сапарбеков былтыр ноябрь айында кармалып, Бишкектин... Читать дальше...
Польшанын бийлиги Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы жоготуулар үчүн Германиядан 1,3 триллион доллар компенсация талап кылаарын билдирди. Польшанын президенти Анджей Дуданын мурдагы партиясы “Мыйзам жана адилеттик” саясий уюму 2015-жылы бийликке келгенден бери бул маселеде Германиянын моралдык жоопкерчилиги бар экенин билдирип, согуштагы чыгымдын ордун толтуруу маселесин көтөрүп келет. Экинчи дүйнөлүк согуш маалында 6 миллионго жакын поляк, анын ичинде 3 миллион поляк жөөттөрү өлтүрүлгөн. 1944-жылы... Читать дальше...
БУУ Шинжаңдагы окуялардан улам Кытай бийлигин "адам укуктарын одоно бузуп жатат" деп айыптады. Жогорку Кеңеште Кумтөрдүн алтыны боюнча маселе көтөрүлдү. Өлкө боюнча керектүү кийим-кече, окуу куралдары менен өз убагында камсыз болбой калган 453 окуучу бүгүн мектепке барган жок.
31-августта Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата жана эл артисти, төкмө акын Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдыгына арналган XV эл аралык кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышынын финалдык бөлүгү жыйынтыкталды.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жарыялады. Мындай чечимин "адилеттүү Казакстанды куруу үчүн жаңы реформалар керектиги" менен түшүндүрдү. "Мен үчүн мамлекеттин кызыкчылыгы баарынан жогору. Ошондуктан кызматтык мөөнөтүмдү кыскартып, кезексиз президенттик шайлоого барууга даярмын", - деди Токаев. Ал президентти жети жылга бир гана мөөнөткө шайлоо боюнча сунуш берди. Казакстанда азыр иштеп жаткан Конституцияга ылайык, мамлекет башчысы беш жылдык мөөнөттөн эки жолу шайлана алат. Читать дальше...
Орусиянын президенти Владимир Путин СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачёв менен 1-сентябрда өлүкканада коштошту. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Путин буга чейин пландалган ишине байланыштуу Калининградга учуп кеткендиктен акыркы сапарга узатуу зыйнатына катыша албай турганын билдирди. Михаил Горбачёв менен коштошуу зыйнаты 3-сентябрда Москвада Кремлдин Колонналар залында болот жана сөөгү Новодевичье көрүстөнүнө коюлат. Михаил Горбачёв CCCРди жетектеп турганда “кансыз согуш” токтоп... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) “Соцсервис” мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчиси А.А.Т мамлекеттик органдарды санариптештирүүдөгү кымырылган каражаттарга шектелип кармалганын маалымдады. Басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, “Санарип Кыргызстан 2019-2023” долбоорун ишке ашырууда “Соцсервис” мамлекеттик ишканасына Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Билим берүү жана илим министрлигине... Читать дальше...
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) Пакистандагы адам курмандыктарына алып келген суу ташкындарынан кеминде 888 медициналык мекемеге зыян келтирилгенин кабарлады. Уюм кырсыктан кийин өлкөнүн саламаттык сактоо тармагына келтирилген олуттуу чыгымга тынчсыздануусун билдирип, мындай учурда бейтаптарды тейлөө аксап, оорулардын жайылышы күчөй турганын кошумчалады. Пакистандын түндүк тоолорундагы жааган жаандын жана мөңгүлөрдүн эришинен улам сел жүрүп, акыркы апталарда 1191 адам, анын ичинде 399 бала каза тапты. Читать дальше...
Лейлек районунун Жаңы-Жер айылында мамлекеттик мүлктүн мыйзамсыз менчиктештирилгени боюнча иштерди айтып чыккан Бекжан Жалилов менен Саатбек Эгембердиевдин иши сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. Башкы көзөмөл орган тараткан маалыматта, Баткен облустук прокуратурасы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Саатбек Эгембердиев, анын мурдагы орун басары Акжол Абдуллаев жана мурдагы бухгалтери Бекжан Жалилов сапатсыз курулуштарга акчаны мыйзамсыз которуу боюнча айыпталып жатканы айтылат. Читать дальше...
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Январь окуясында кармалгандарга бир жолку мунапыс берилерин убада кылды. Ал 1-сентябрда парламенттеги кайрылуусунда мындай жеңилдик оор кылмышка айыпталбагандарга колдонула турганын айтты. “Башаламандыкты уюштуруунун башында тургандарга, мамлекеттик чыккынчылыкка жана бийликти күч менен алмаштыруу аракетине айыпталгандарга мунапыс берилбейт”, — деди Токаев. Касым-Жомарт Токаев канча адамга мунапыс берилерин жана “негизги айыпталуучулардын” аты-жөнүн тактаган жок. Читать дальше...
Бүгүн,1-сентябрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын кезектеги сессиясынын ачылышы өттү. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да катышты. Жайкы тыныгуудан кийинки биринчи жыйында депутаттар Кумтөр боюнча маселе көтөрүп, сыртка сатылган алтын боюнча айтылып жаткан сөздөргө кызыгышты.
Кыргызстанда мектептер 1-сентябрда окуучуларга эшигин ачты. 2020-жылы пандемияга байланыштуу мектептерде окуу токтотулуп, 2021-жылы окуу 15-сентябрда башталган эле.
Кытай бийлигинин Шинжаңдагы уйгурларга жана башка мусулман азчылыктарын күчтөп камап, кыйноого алып, катаал мамиле жасаганы “адамзатка каршы кылмышка” барабар болушу мүмкүн. Мындай корутунду Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча башкармалыгынын көптөн бери күтүлүп жаткан баяндамасында чыгарылган. 31-августта жарык көргөн документте уюм расмий Бээжинди соңку жылдары адам укуктарын одоно бузганы үчүн айыптаган. Кытай БУУдан отчетту жарыялабоону талап кылып, аны “Батыш державалары уюштурган... Читать дальше...
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 31-августта репрессиялардын курмандыктарын эскерип, СССРде 100 миң өзбекстандык репрессияга кабылганын билдирди. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин сайты жазды. “Эгемендик алганыбызга 31 жыл болду, бирок биздин аталар буга 100 жылдан ашык убакыт мурда эле жетүүгө аракет кылган. Эгемендик алганга чейин 100 миң мекендешибиз репрессияга кабылып, 13 миңи атылып кеткен”, – деди Мирзиёев. Шавкат Мирзиёев өткөн жылы Өзбекстандын Жогорку соту репрессиянын... Читать дальше...
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачёвдун каза болгонуна байланыштуу орус президенти Владимир Путинге көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. “Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге мамлекеттик жана коомдук ишмер Михаил Горбачевдун каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү”, – деп айтылат маалыматта. СССРдин биринчи жана акыркы президенти... Читать дальше...
1-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 29…34; Талас жергесинде түнкүсүн 7…12, күндүз 26…31; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27; Нарын облусунда түнкүсүн 3…8... Читать дальше...
Мамлекеттик салык кызматы Кыргызстандын эгемендик күнүнө карата өлкөдөгү эң мыкты салык төлөөчүлөр аныкталганын билдирди. Анда бир канча тармакта 13 компания тандалганы, сыйлыктар тапшырылганы айтылат. Ага ылайык, өндүрүш жаатында – "Бессер-Центральная Азия" жана "Viva Tex" компаниялары; курулуш жаатында – "Интегра Хотел Инвестмент", "Курулуш материалдарынын түштүк комбинаты", жана "Түштүк-кыргыз цемент" ишканасы; соода жаатында – "Газпром Кыргызстан", "Гласслэнд Компани", "Ак-Бата" жана "Прод Импекс" компаниялары; тейлөө жаатында ... Читать дальше...
Талас облустук соту Талас мамлекеттик университетинин ректорунун бөгөт чарасын карап, аны милициянын тергөө абагына бир айга камоо тууралуу чечим чыгарды. Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) 30-агустта аталган окуу жайда коррупциялык схема аныкталганын билдирген. Атайын кызмат тараткан маалыматта университеттин "кызмат адамдары бюджеттик акчаны мыйзамсыз пайдаланып келген көрүнүш" аныкталганы жазылган. "Козголгон кылмыш ишинин алкагында, университетин ректору У.А.Ш. жана башкы эсепчиси К.Г.Ж.... Читать дальше...
СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачёв менен коштошуу зыйнаты 3-сентябрда Москвада Кремлдин Колонналар залында болот. Бул тууралуу Михаил Горбачёв атындагы фонд кабарлады. Анын сөөгү Новодевичье көрүстөнүнө коюлат. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков президент Владимир Путиндин Михаил Горбачёв менен коштошуу зыйнатына келер-келбеси азырынча аныктала электигин билдирген. Буга чейин Путин Горбачёвдун үй-бүлөсүнө көңүл айтуу телеграммасын жиберген. Михаил Горбачёв CCCРди жетектеп турганда “кансыз согуш” токтоп... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасынан ондогон бодо малды мыйзамсыз айдап өтүүгө аракет кылган факт катталганын билдирди. Ага ылайык, окуя Чүй облусуна караштуу Кемин районунун аймагында болгон. Алдын ала эсепке ылайык, кармалган малдын баасы 4,5 милилон сом деп эсептелген. Буга чейин бодо мал аткезчилиги кыргыз-өзбек чек арасында да бир канча жолу катталган. Чек ара кызматы Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда 13-августта кыргыз-өзбек чек арасын бузуп... Читать дальше...