Беларус дээрлик жыйырма күндөн бери тынчыбай жатат. Түмөндөгөн эл президент Александр Лукашенконун отставкасын талап кылууда. Курал кармаган Лукашенко демонстранттарга сөөмөй кезеп турат. Мындай кырдалдан чыгуунун жолу барбы? Кыргызстан менен Казакстан сыяктуу бир катар пост-советтик өлкөлөр Лукашенкону жеңиши менен куттуктап жатканда Евробиримдик Беларустагы шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартты. Москва болсо Лукашенкого жардам көрсөтөөрүн кыйытты. Беларус маселесинде эл аралык оюнчулардын, анын ичинде Орусиянын көздөгөнү эмне? Читать дальше...
Беш жыл мурунку шайлоодо үчүнчү орун алган «Кыргызстан» партиясы шайлоого катышпай калса, өлкөдөгү саясий абалга кандай таасирин тийгизет?
Кыргызстанда карантин чаралары жумшарып, бардык мамлекеттик бала бакчалардын иштешине уруксат берилди.
Кочкордо жумушсуз жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү аялдарга сүттү үй шартында кайра иштетип, пайда көрүү боюнча тренинг башталды. Адистер аймактагы 26 аялга сүт азыктарын жасап ишкерлик кылуунү үйрөтүп жатышат. 24-августта башталган бир апталык окутууну «Глобалдык өзгөрүүлөр фонду» «Fair and Sustainable Development Solutions» (FSDS) коомдук фондунун колдоосунда уюштурду. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин 2019-жылдагы маалыматы боюнча, Кыргызстанда ири ишкерлик менен алектенгендердин 2% гана аялдар. Читать дальше...
Кыргызстанда парламенттик шайлоого даярдык күчөгөнү менен жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо качан өтөрү белгисиз бойдон калууда. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымынын орунбасары Абдыжапар Бекматов бул маселе күн тартибинде жоктугун айтты: -Коронавируска каршы республикалык штаб жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүүгө уруксат берген чечим кабыл алса, датасы аныкталат. Кыргызстанда 12-апрелде беш шаардык жана 25 айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо өтмөк. Ош, Каракол, Токмок... Читать дальше...
«Кыргызстан» саясий партиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна арыз берди. Партиянын мүчөсү Талант Мамытов арыз 26-августта жазылганын «Азаттык» радиосуна билдирди. «Мыйзам боюнча иш үч күндүн ичинде каралышы керек», - деди Мамытов. Ал арада партиянын лидери Канатбек Исаев шайлоо штабындагы кызматкерлерге кайрылып, жумушту уланта берүүгө буйрук берди. Анын кайрылуусу «Фейсбуктагы» баракчасына жарыяланды. Исаев сот БШКнын чечимин жокко чыгарарына ишенерин... Читать дальше...
2018-жылы Казакстандын күч түзүмдөрү кармап, алгач кошуна өлкөдө, андан кийин Кыргызстанда 10 жылга соттолгон Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу 21-августта түрмөдөн чыкты.
Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев алдыдагы парламенттик шайлоого катышпай турганын айтты. Ал «Азаттыкка» комментарий берип, кайсы бир партия менен шайлоого бара турганы жөнүндө мурда сөз кылбаганын билдирди. Буга чейин Каныбек Иманалиев «Мекеним Кыргызстан» партиясынын жыйындарына катышкан сүрөттөрү социалдык тармактарга жарыяланган болчу. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. Борбордук шайлоо комиссиясы 24-августта партиялардан тийиштүү документтерди кабыл алуу жыйынтыктап... Читать дальше...
Тажикстандын азыркы мамлекет башчысы, 67 жаштагы Эмомали Рахмонду Өз алдынча кесиптик кошуундар федерациясы президентикке 26-августта көрсөттү. Рахмон өлкөнү 1992-жылдан бери башкарып келет. 2013-жылкы шайлоодо ал расмий маалыматтарга ылайык, добуштардын 84% алган. Буга чейин беш партия өз талапкерлерин президенттикке көрсөткөн. Шайлоо 11-октябрда өтөт. Бул эгемен Тажикстандын тарыхындагы алтынчы президенттик шайлоо. Мурдагылардын баарында Эмомали Рахмон жеңген. Тажикстанда президент жети жылга шайланат. Читать дальше...
2021-жылдын 1-январынан тартып чакан бизнес үчүн жаңы салык режими киргизилет: эгер товар айлануу көлөмү сегиз миллион сомго чейин болсо, ишкер салык отчётун бербейт. Биринчи жылда салык ставкасы 0% түзөт. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдирип, муну «бизнеске жакшы колдоо» деп баалады. Андан тышкары, бирдиктүү салык декларациясы жөнөкөйлөштүрүлөт. Импорт товарларга электрондук декларация иштей баштайт. Мурдараак Мамлекеттик салык кызматы патентти жана камсыздандыруу полисин бир документке бириктирип, онлайн бере баштаган.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунбай Бакир уулу 26-августта Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмесине байланыштуу нааразылыгын билдирди. Ал өзүнүн партиядан чыгып кеткени тууралуу маалыматтарды четке какты. Бакир уулу «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын 19-августтагы жыйынында бекитилген тизмеси өзгөрүп кеткенин, өзү башында алдыңкы сапта туруп, бирок кийинчерээк артка жылып калганын, бул мыйзам бузуу болгонун айтты. «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаровго кайрылып... Читать дальше...
Орусиялык Коррупцияга каршы күрөш фондунун негиздөөчүсү, популярдуу блогер жана орус оппозициясынын лидерлеринин бири Алексей Навальныйдын саламаттыгы дүйнөлүк саясаттагы кезектеги талашка айланды. Ушу тапта бул кимге пайдалуу деген суроо кабыргасынан коюлуп турат.
«Кыргызстан» партиясына байланышкан акыркы окуя Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) ишине айтылган сын менен дооматты күчөттү.
Бишкектеги “Ынтымак” сейил багында коомдук жайда тамеки тартууга каршы акция өттү. Анын алкагында уюштуруучулар бактын айланасына 10 даана эскертүү тактайчасын орнотушту. Акциянын максаты - сейил бактарды тамекисиз эс алуу аймагына айландыруу.
Нарын облусунун Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр кенинин таш түшкөн жолун калыбына келтирүү боюнча жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы 26-августта билдирди. Мекеме он күн ичинде Кара-Кечеге барчу убактылуу жол курула турганын кабарлады. Маалыматка караганда, премьер-министр Кубатбек Бороновдун тапшырмасы менен түзүлгөн жумушчу топтун курамына Транспорт жана жолдор министрлигинин, Өнөр жай жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин... Читать дальше...
Коопсуздук кеңешинин катчылыгы эркин эксперттердин менен биргеликте 2021-2024-жылдарга карата Кыргызстанда коррупцияга каршы аракеттер жана себептерин жоюу боюнча мамлекеттик жаңы стратегиянын долбоорун иштелип чыкты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады. 26-августта Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев президент Сооронбай Жээнбековго жаңы стратегиянын долбоорун доклад кылды. Жакынкы күндөрү долбоор Коопсуздук кеңешинин жыйынында талкууланат. Жаңы стратегия жазууда эки... Читать дальше...
Ооганстанда нөшөрлөгөн жаандан улам каптаган сел 100дөн ашуун адамдын өмүрүн алды. Бийлик 300дөн көп киши жарадар болгонун билдирди. Парван провинциясынын администрация өкүлү Вахида Шахкар ураган үйлөрдүн алдында калган адамдардын сөөктөрү дагы эле чыгып жатканына байланыштуу курмандыктар мындан да көп болуп чыгышы мүмкүн экенин кошумчалады. Каза болгондордун көбү аялдар жана балдар экени кабарланды. Шахкардын айтымында, Кабулдан 60 чакырым түндүктө, Баграм авиа базасына жакын жайгашкан Парван... Читать дальше...
Кыргызстанда коронавирус пандемиясына байланыштуу банктарда жана чакан насыя компанияларында 200 миңдей насыя реструктуризация болду. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 26-августтагы брифингде билдиргендей, муну менен насыялардын 50% ашыгынын төлөө мөөнөтү узарды. Анын жалпы суммасы 80 миллиард сомду түзөт. Толкунбек Абдыгулов насыялардын төлөө мөөнөтүн жылдыруу иштери улана турганын кошумчалады. Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы экономикага олуттуу зыян алып келди. Марттын аягында... Читать дальше...
Пандемияга байланыштуу Тажикстанда окуу жылы 17-сентябрда башталат. Сабактар мектептерде бардык санитардык эрежелерди сакталган шартта өткөрүлөт. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, окуучулардын дене табы кире бериште текшерилет, танапистерде класс бөлмөлөрү дезинцфекцияланат, ошондой эле окуучулардын ортосундагы бир жарым метрлик аралыкты сакташ үчүн чара көрүлөт. Министрлик Тажикстанда коронавирус эпидемиясы кайра күчөп кетсе окуу дистанттык режимге өтөрүн, ал үчүн бардык шарттар даяр экенин билдирди. Читать дальше...
Кыргыз гидрометеорология агенттиги билдиргендей, 26-27-августта Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарбасы, жол кыймылы, энергетика жана коммуналдык чарба кызматтарынын иши жана жайыттарда мал багуу үчүн кыйынчылык жаратышы ыктымал. 27-августта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Читать дальше...
Босниялык серб армиясынын согуш маалындагы командачысы Ратко Младич Бириккен Улуттар Уюмунун Гаагадагы сотунда 26-августта сөз сүйлөйт. Азыр сотто анын доо арызы каралып жатат. «Босниянын касапчысы» деп ылакап атка конгон Младич 1995-жылы Сребреница кыргыны жүрүп жатканда геноцидге, адамзатка каршы кылмышка жана согуш кылмыштарына барганы үчүн айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Сот өкүмү 2017-жылы чыгарылган. Младичке он мүнөт берилери күтүлүүдө. Младичтин адвокаты Драган Иветич 25-августта билдиргендей... Читать дальше...
«Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Шайлообек Атазов 25-августта Ош шаардык ички иштер башкармалыгына төрт сааттай сурак берип чыкканын «Азаттыкка» билдирди. Ал сурактын купуялыгы боюнча кол коюп бергендиктен, толук маалымат бере албай турганын маалымдады. Атазов милицияда буга чейин «Фейсбуктагы» баракчасына жазган билдирүүсү боюнча суроолорго жооп берген. Атазов ал постто эч кандай чагым эмес, жөн гана Оштогу мыйзамсыздык жөнүндө ой-пикирин жазганын айтты. Азырынча Ош шаардык милициясынан... Читать дальше...
Ар бир өнөр жай ишканасына жана инвестициялык долбоорго мамлекеттик органдардын жетекчилери куротор болуп бекитилет. Алар долбоордун ишин илгерилетүүгө көмөктөшүп, ишкананын өнүгүшүнө жооп беришет. Бул тууралуу 26-августта премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүн жыйынында маалымдады. Бороновдун айтымында, бул механизм ишканалардын карантинден кийинки абалын жөнгө салып, маселелерди ыкчам чечүүгө, инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүш үчүн түзүлүп жатат. Бирок өкмөт азырынча кимдер кайсы ишканага... Читать дальше...
Парламенттеги Кыргызстан социал-демократиялык фракциясынын жетекчиси Иса Өмүркулов “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен шайлоого барат. Бул тууралуу “Мекеним Кыргызстан” партиясынын төрагасы Мирлан Бакиров “Азаттыкка” маалымдады. “Иса Өмүркулов биздин партия менен бараткан талапкерлердин арасында бар. Тизмеде канчанчы экенин Борбордук шайлоо комиссиясында бардык документ текшерилгенден кийин белгилүү болот”, - деди Бакиров. Иса Өмүркулов өзү шайлоого баратканын тастыктап бирок, кайсы партиядан экенин айткан жок. Читать дальше...
Пандемия шартында ички-сырткы туризм басаңдап калды. Бирок жергиликтүү эл мурдагыдай эле тиричилигин улантып жатканын көрүүгө болот.