Кыргызстанда парламенттик шайлоого даярдык күчөгөнү менен жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо качан өтөрү белгисиз бойдон калууда.
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымынын орунбасары Абдыжапар Бекматов бул маселе күн тартибинде жоктугун айтты:
-Коронавируска каршы республикалык штаб жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүүгө уруксат берген чечим кабыл алса, датасы аныкталат.
Кыргызстанда 12-апрелде беш шаардык жана 25 айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо өтмөк. Ош, Каракол, Токмок, Балыкчы жана Майлуу-Суу шаардык кеңештерин шайлоого катышуу үчүн 22 саясий партия катталып, 13-марттан тартып үгүт өнөктүгүн жүргүзө баштаган. Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин үгүт иштери 22-мартта башталмак. 18-мартта өлкөдө коронавирус жуккан бейтаптар аныкталып, шайлоо белгисиз мөөнөткө токтотулган.
Пандемияга байланыштуу 4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоонун мөөнөтүн да жылдыруу сунушу айтылып, колдоо тапкан эмес. (SE)