Назарыңыздарда “Азаттык” үналгысынын “Жан дүйнө” рубрикасы. Бүгүн аталган радио берүүдөн өткөн кылымдын 90-жылдары популярдуу болуп турган “Биз” эстрадалык тобунун ырчысы Бактияр Токторов менен маекти угасыздар. Баарлашууну кабарчыбыз Зайырбек Ажыматов уюштурду.
Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев кыш күнүнүн бир кечинде Таш-Дөбө айылындагы үйдө отуруп, орус акыны Сергей Есениндин ырларын которгон экен. Окурмандардын сынына койдук.
Рудаки атындагы коомдук бирикмесинин вице-президенти, тажик тилиндеги «Паёми Ала-Тоо» («Ала-Тоо кабарлары») гезитинин башкы редактору Кадыр Муриватов менен жазуучу Мирзохалим Каримов маектешти.
Президенттик администрациянын Москвадагы имаратынын алдында Конституцияны өзгөртүүгө каршы пикеттер башталганын “МБХ Медиа” жазып чыкты. Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү орус президенти Владимир Путин сунуштап, жаңы редакцияны иштеп чыгууга саясатчы, юрист жана жылдыздардан топтолгон комиссия түзүлдү. Пикет акциясын жергиликтүү депутат Илья Азар уюштурууда. Ал өзүнүн "Фейсбуктагы" баракчасына Путин конституциялык алмашууну жасаганын жазып чыкты. Мыйзамга ылайык жалгыз пикеттер бийликтен уруксат алууну талап кылбайт. Читать дальше...
Өзбекстандын Ички иштер министрлиги өлкө жарандарынын чет өлкөдө кароосуз калган балдарын алып келет. Бул эреже өзбек өкмөтү тарабынан 7-январда иштелип чыккан. Үч жашка чейинки балдар ИИМ жана Саламаттык сактоо министрлигинин көмөгү менен алып келинмекчи. Эгер баланын туулганы тууралуу күбөлүгү жок болсо, дипломатиялык өкүлчүлүктөр анын жарандыгын аныктоого жардамдашып, тийиштүү документтерди жасап берүүгө милдеттендирилди. Өлкөгө алып келинген балдар жаш курагына жараша тийиштүү мекемелерге бөлүнөт. Читать дальше...
Ош шаарында үй камагына чыгарылган кримчөйрөнүн өкүлү Умар Маратов 17-январда кайра кармалды.
Казакстандын Актөбө шаарында ондогон айдоочулар Калкты тейлөө борборунун имаратынын алдына автоунааларын мыйзамдаштырып берүү талабы менен чыгышты. Алар Казакстандын ИИМи өлкөдөгү кыргыз, орус жана армян номурлары тагылган автоунаалар мыйзамсыз экенин айтканына нааразы. ИИМдин маалыматында чет өлкөлүк номуру бар айдоочулар автоунаасы үчүн бардык бажы салыгын төлөп, кайра каттоого турушу зарыл. Буга нааразы болгон айдоочулар автоунааларды мыйзамдаштырып берүү талабын коюшууда. ИИМдин маалыматында... Читать дальше...
Ак-Суу райондук ооруканасында 10- январь күнү чарчап калган наристенин чоң энеси милицияга арыз менен кайрылды. Буга баланын көкүрөгүндөгү жана далысындагы көгала тактар негиз болгон. Дарыгерлер бала ооруканага өтө оор акыбалда жеткирилгенин билдиришти. Наристени баккан тарап кыздын жүрөк кемтиги менен туулганын айтууда.
"Кыргызгидромет" маалымдагандай, эртең 19-январда өлкө боюнча жаан-чачын болбойт. Кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде кар жаайт. Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз +2…+7°; Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -4…-9°, күндүз +3…+8°; Таласта түнкүсүн -8…-13°, күндүз +2…+7°; Ысык-Көлдө түнкүсүн -6…-11°, күндүз 0…+5°; Нарында түнкүсүн -20…-25°, күндүз -5…-10°; Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -27…-32°, күндүз -10…-15°; Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -9…-11° суук, күндүз +2…+4 градус; болот.
Азирети Аятолла Хаменеи Кудс Сакчылар корпусунун ардактуу шейитинин жаназасын он миллондогон ирандыктар чыгып узатканы дүйнөдөгү эң ири жаназа узатууга айланып, “Аллахтын күндөрүнөн” болгонун билдирди.
Американын мамлекеттик катчысы жума күнү Ирандан мунай сатып алуусуна байланыштуу Кытайга каршы санкция жарыялай турганын айтып коркутту.
Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Баткен облустук сотунун басма сөз катчысы Манас Сейтказиев билдирди. Маалыматка ылайык, 17-январда Кадамжай райондук соту Жазык кодексинин 264-беренесинин 2-бөлөмү (“Массалык башаламандыкка катышуу”) менен шек саналган Улукбек Сапарбаев менен Үсөн Сапарбаевди үй камагына бошотту. Сот Үсөн Сапарбаевдин 2-топтогу майыптыгын, Улукбек Сапарбаевдин беш баланын атасы, үй-бүлөдөгү камкорчу экенин эске алган. Ал эми Жазык кодексинин 264-беренесинин 1-бөлүмү (“Массалык... Читать дальше...
Спорт деген сөздүн мааниси, дегеле спорттун маани-маңызы тууралуу бир аз изденип көрдүм.
Журналисттер UFC жылдызынын канча вилласы, унаасы жана яхтасы бар экендигин санап көрүштү. Аны менен катар эле ирландиялык спортчу кайрымдуулук иштери менен алектенет.
“Үмүт 2020” кыймылынын өкүлү Ширин Айтматова президентке ачык кайрылуу жасап, кыймылдын өкүлдөрүнө куугунтук болуп жатканын белгиледи. Ал кыймылдын кандайдыр бир саясий амбициясы жок экенин, өлкөдөгү коррупциялык көрүнүштөрдү ашкерелөөнү гана көздөрүн билдирип, президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусун өтүндү. - Биздин айрым мүчөлөрүбүздү камап, мүлкүбүздү рейдерлик басып алуу аракети жүрүп, бизге карата аңдуу жана чагымчылдык аракеттер жүрүп жатат. Сиз сөз эркиндигин коргоп, уурулар менен күрөшүүнү токтотпой турганыңызды айттыңыз. Читать дальше...
Январь айында өзгөчө коргоого алынган эки ак илбирс жакага түшүп келген жеринен табылды. Анын бири аңчынын огунан жарадар болгону айтылып, аны аткандарга издөө салынды.
Түштүк Корея Америка менен коргонуудагы чыгымдарды бөлүшүү боюнча сүйлөшүүнүн алкагында куралдуу күчтөрүн Жакынкы Чыгышка жөнөтүү маселеси тууралуу сүйлөшпөйт.
Улуттук банк Маалыматтарды иштеп чыгуу борборун (Дата борбору) ишке киргизди. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Дата борбору дүйнөгө таанымал эл аралык көз карандысыз Uptime Institute уюмунун сынынан өткөн Борбор Азиядагы жалгыз борбор экенин билдирди. - Дата борбору бардык төлөм системаларын модернизациялоого, калкыбызга көптөгөн жаңы санариптик продукцияларды берүүгө мүмкүндүк берет. Эң башкысы — Дата борборун ишке киргизүү өлкөнүн төлөмдөрүнүн толук коопсуздугун камсыздап, банк... Читать дальше...
Франция Сауд Аравиянын чыгыш жээгине бул өлкөнүн абадан коргонуу системасын бекемдөө үчүн радиолокациялык система орнотту.
Германияда төрөлүү көрсөткүчү тарыхтагы эң ылдыйкы чекке жеткенине карабай, калктын саны былтыркы жылга салыштырмалуу 200 миң адамга көбөйдү. Өлкөнүн статистикалык комитети кабарлагандай, 2019-жылы калктын саны 83,2 миллион адамга жетти. Адистери бул көрсөткүч мигранттардын эсебинен көбөйгөнүн эсептеп чыгышты. Эгер Германия мигранттарга “ачык эшик” саясатын жүргүзбөгөндө, калктын саны 1972-жылдан тарта азая баштамак. Анткени мамлекетте калктын төрөлүү саны, адамдардын өлүмүнө караганда аз. Алсак... Читать дальше...
2019-жылдын 26-ноябрында Ысык-Көлдүн Сырт өрөөнүндө аркарды аткан адам кармала элек. Биотүрдүүлүктү сактоо, өзгөчө корголуучу аймактар департаментинин Ысык-Көл башкармалыгынын башчысы Төлөгөн Үсөнбаевдин “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, айыптуу адам жоопко тартыла элек. Анын айтымында, 26-ноябрда Б. Т. аттуу жаран аркар аткан жеринен кармалып, егерлер анын ок атуучу куралын алган. Мындан кийин жергиликтүү тургун үйүнөн башка курал алып келип, эки егерди үч сааттай барымтага алган. Читать дальше...
Орусиянын президентинин басма сөз катчысы өлкө президенти Ливия боюнча өтө турган “Берлин” конференциясына катыша турганын билдирди.
Украинанын премьер-министри Алексей Гончарук кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды.
Кыргыз өкмөтү Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түздү. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Уюштуруу комитетинин төрагасы болуп биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бекиди. Ал эми уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары катары өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров бекитилди. Иш-чараны уюштуруу, методикалык жана башка жактан камсыздоо Маданият, маалымат жана туризм министрлигине жүктөлүп... Читать дальше...
Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф Украина учагынын кырсыкташы саясатташтырылбашы керек деп билдирди.