АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Ирандын таасирлүү генералы Касем Сулеймани "Багдадга дипломатиялык миссия менен келген" деген маалыматты четке какты. Ал 7-ноябрда Ирандагы соңку окуяларга байланыштуу өткөргөн брифингде Сулейманини "америкалыктарга каршы чабуул уюштурууга кам көрүп жүргөн" деп айыптады жана аны "жок кылуу операциясы туура болгон" деп билдирди. Помпео иран бийлигин ошондой эле Ооганстандагы "тынчтык сүйлөшүүлөрдү" үзгүлтүккө учуратып жатат деп сындады. Ал Тегеранды "Талибан"... Читать дальше...
Орусиянын президенти Владимир Путин 7-ноябрда Сирияга барды. Орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун билдиришинче, Путин Дамасктагы аба майдандан Сирия армиясынын орусиялык командачылыгы жайгашкан бекетке автоунаа менен барып, ал жактан президент Башар Асадга жолукту. Тараптар өлкөнүн ар кайсы аймагындагы аскердик жагдайды талкуулашты. Песков Путин Сириядагы бир катары объекттерде болорун кошумчалады. Сириядагы согушта Орусия Башар Асад баштаган өкмөттү колдоп келет жана 2015-жылдан тарта аскердик жардам бере баштаган. Читать дальше...
Иранда таасирдүү генерал Касем Сулейманинин сөөгү 7-январда кичи мекени Керман шаарында жайына берилмек. Бирок 40тай киши тебелиндиде каза болгондон кийин анын жаназасы жылдырылганы кабарланды.
Кырсык Пенжаб провинциясындагы Мианвали шаарынан анча алыс эмес аймакта болду. Өлкөнүн Аскер-аба күчтөрү FT-7 үлгүсүндөгү эки кишилик кыргын салуучу учак машыгууда болгонун жана анын ичиндеги эки учкуч тең тирүү калбаганын билдирди. Учак кырсыгына байланыштуу атайын комиссия түзүлдү. FT-7 үлгүсүндөгү учактар - Советтер Союзунда жасалган МиГ-21 учактарынын жакшыртылган көчүрмөсү жана Кытайда жасалат. Бээжин мындай үлгүдөгү учактарды 1960-жылдардан тартып жасай баштаган жана андан бери тетиктери бир канча ирет жакшыртылган.
Орусиянын Подмосковье аймагынын Раменский районуна караштуу Нестерово айылындагы күнөсканадагы өрттө Вьетнамдан келген жети эркек менен бир аял ажал тапты. Дагы бир киши жаракат алды. Чукул кырдаалдар министрлигинин аймактык өкүлчүлүгү өрт мигранттар уктап жаткан маалда башталганын, алар качып үлгүрбөй калышканын билдирди. Башында өрттөн өлгөндөр тажик жарандары экени айтылып жаткан. Баштапкы маалыматка ылайык, өрт электр жылыткычтын айынан чыккан. Вьетнамдык жарандар Орусияда кандай шартта иштеп жүргөнү азырынча белгисиз. Читать дальше...
«Эже-сиңдилер» телеберүүбүздө интернет аркылуу пикир алмашуу туурасында кеп курдук. Сиздин оюңузча онлайн баарлашуу тууган-туушкандар же адамдардын ортосундагы мамилеге кандай таасирин тийгизет?
Cаясатчы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун камактагы мөөнөтү 2026-жылы аяктайт.
Лейлек районунун Тажикстан менен чектеш Кулунду айылында таштанды кабыл алган ишкана иштей баштады. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Кулунду айылынын тургуну, ишкананын ээси Шайназар Пазылов билдирди. Анын айтымында, ишкана желим шишенин 1 килограммын 7 сом, желим баштыкты 15 сомдон сатып алып жатат. Ишканада 4 жумушчу айылдыктар алып келген таштандыны иргеп, таңгактайт. Бир апта ичинде айылдан 500 килограмм желим баштык жана желим шише, 30 тоннадай макулатура топтолгон. Ишкердин айтымында, чогултулган... Читать дальше...
UFC уюмунун эки салмак боюнча мурдагы чемпиону Макгрегор 18-январда Лас-Вегаста өтө турган UFC 246 турниринин алкагында америкалык мушкер Дональд Серроне менен беттешет.
Иранда парламент 7-январда Коргоо министрлигин баш кылып АКШ армиясын террорчу катары аныктаган мыйзам кабыл алды. Документке ылайык, ага генерал Касем Сулейманинин өлүмүнө катышы бар деген америкалык аскер жетекчилери да кошулду. Парламент ошондой эле бийликти Сулеймани көзү тирүүсүндө башкарган Ислам революциясынын сакчылар корпусунун «Кудс» тандалма аскер бөлүгүнө 200 миллион евро бөлүп берүүгө милдеттендирди. Вашингтон Ислам революциясынын сакчылар корпусун былтыр апрель айынан тартып террорчул уюмдардын катарына кошкон. Читать дальше...
Ош шаардык милициясы Өзгөн районунун Большевик айылынын 62 жаштагы тургуну, «Дудай» каймана аттуу жаранды баңгизат сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармады. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматында кылмышка шектүү буга чейин да баңгизат сатуу менен алектенгендиги айтылат. Анын жашаган үйүн тинтүү учурунда болжолдуу салмагы 4 килограмм нашаа жана сайлуу револьвер тапанчасы табылган. Ыкчам иш-чара ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн. Читать дальше...
Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында кар калың жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-9-январларда Ысык-Көл акваторисында 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -3…-8, күндүз -4…1; Таласта түнкүсүн -5…-10, күндүз -4…1; Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5; Ысык-Көлдө түнкүсүн -6…-11... Читать дальше...
Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф Кошмо Штаттар ага виза берүүдөн баш тартканын билдирди. Ал Нью-Йоркко 9-январда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн бармак. Жавад Зариф «алар АКШга кимдир-бирөөлөр келип чындыктын бетин ачат деп чочулашат, дүйнө Нью-Йорк менен эле чектелип калбайт» деп билдирди. АКШнын Мамлекеттик департаменти буга байланыштуу комментарий бере элек. Былтыр жайында Жавад Зариф Нью-Йоркко БУУнун жыйынына катышууга келгенде Вашингтон анын баскан-турганын чектеп койгон. Читать дальше...
Кыргызстанда өспүрүм куракта турмуш кургандардын саны жалпы баш кошкондордун дээрлик 13% түзөт. Элет жеринде өспүрүм курактагы никелер да шаарга караганда 2,5 эсе көп катталат. Төмөндө Жамиланын окуясын сунуш кылабыз.
АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу Индонезиянын түштүк-чыгышындагы Ачех провинциясындагы Суматра аралында, 20 чакырымдан ашык тереңдикте болду. Индонезиянын Метеорологиялык жана геофизикалык агенттиги «Твиттердеги» баракчасына жер титирөөнүн күчү 6,4 баллга жеткенин жазды жана анын кесепетинен улам цунами болушу ыктымал экенин эскертти. Азырынча табыгый кырсыктан жапа чеккендер жана кесепети тууралуу кабарлана элек. Индонезия сейсмикалык жактан өтө... Читать дальше...
Борбор Азиядагы укук коргоо маселелери боюнча эксперт Стив Свердлоу Кыргызстандагы өкмөттүк эмес уюмдарды көзөмөлгө алуу боюнча мыйзам долбоору жөнүндө комментарий берип жатып билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан постсоветтик чөлкөмдөгү башка өлкөлөрдөн күчтүү жарандык коому менен айырмаланып турат. - Күчтүү жарандык коомду колдош керек жана ага басым кылбаш керек. Кыргызстан азыр башынан оңой эмес учурду өткөрүп жатат. Коррупцияга каршы күрөш тууралуу акыркы талкууларда жарандык коомдун үнү абдан... Читать дальше...
Өзбекстанда мурдагы президент, маркум Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнара Каримованын дагы бир кылмыш иши тергелип бүттү. Башкы прокуратура ага опузалап акча талап кылуу, мамлекеттин казынасына кол салуу, арам акчаны адалдоо фактылары боюнча айып коюлганын, кылмыш иши сотко жөнөтүлгөнүн билдирди. Былтыр август айында Каримовага дагы эки кылмыш иши козголгону ачыкка чыккан. Башкы прокуратура тараткан билдирүүдө Каримова эки мамлекеттик компаниянын - «Кувасайцемент» менен «Бекабадцементтин» акцияларын арзан баада сатып алып... Читать дальше...
АКШнын коргоо министри Марк Эспер президент Дональд Трамптын Иранга байланыштуу соңку билдирүүсү боюнча комментарий берди. Ал 6-январда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Кошмо Штаттар Ирандын маданий жайларына сокку урбай турганын, согуш, куралдуу кагылыштар тууралуу мыйзамды бузбай турганын айтты. Мунун алдында АКШнын президенти Дональд Трамп эгер Тегеран америкалыктардан өч алгысы келсе Ирандын 50дөн ашык жерине, алардын арасында маданий жайларга катуу сокку уруларын эскерткен. Эл аралык мыйзамдарга... Читать дальше...
Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде 100дөн ашык жүк ташуучу машиненин кезеги пайда болду. Бул тууралуу кезекке күбө болгондор кабарлашты. Маалыматка ылайык, мындай кезекке Казакстан тараптан текшерүү күчөгөнү күнүмдүк себеп болду. Мамлекеттик чек ара кызматы мындай кезек бар экенин ырастап, бирок ага чек арачылардын эч кандай тиешеси жок экенин билдирди. Аталган органдын басма сөз кызматы кабарлагандай, документи жайында машинелер эч тоскоолдуксуз коңшу өлкөнүн аймагына кирип жатышат. Читать дальше...
Ирандын Керман шаарында «Кудс» тандалма аскер бөлүгүнүн башчысы, таасирлүү генерал Касем Сулейманинин сөөгү жерге берилди. Анын зыйнатына миңдеген адам катышты жана шаарда бул күн дем алыш деп жарыяланды. Мунун алдында Тегеранда жүз миңдеген киши катышкан Сулеймани менен коштошуу иш-чарасы өткөн жана анда Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи өзү дуба кылган. Генерал 3-январда Ирактын Багдад шаарында аба майданынын жанында америкалык авиациянын соккусунан набыт болгон. Иран Сулейманинин өлүмү үчүн өч аларын эскерткен. Читать дальше...
Ала-Бука районунун Ак-Коргон айылынын 60 жаштагы тургуну Дилбар Жумабаева пенсия курагында шарты катаал алыскы айылда акушер болуп иштеп жатат.
Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан 40тан ашуун кытайлык кыргыз студент 2018-жылы жайкы каникулга кеткен бойдон окууга кайтып келген эмес. Кыргыз бийлиги Кытайдан келип билим алып жаткан боордоштор тууралуу маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.
Америка Ирандын тышкы иштер министрине ушул жумада өтө турган Бириккен Улуттар Уюмунун жыйынына катышуусу үчүн виза бербей койду.
«Ата Мекен» партиясы курултай өткөрүп, түзүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүүнү пландоодо. Бул тууралуу аталган партиянын төрагасы Өмүрбек Текебаев билдирди. Анын айтымында, март айына белгиленген курултайда бир катар өзгөрүүлөр күтүлүп жатат. - Акыркы беш жылда «Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрүнө карата абдан катуу куугунтук жүрдү. Коомчулук кылмыш иши козголгон лидерлер боюнча гана партияга жасалган басымды билет. Иш жүзүндө мындай куугунтукка миңдеген адамдар туш болуп, айрымдар айла жоктон партиядан кетүүгө аргасыз болду. Читать дальше...
Оштун Араван районунун тургуну 15 жаштагы кызын бир жылдан бери зордуктап жүргөнү ачыкка чыкты. Бул тууралуу «Азаттык» үналгысына Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди. Маалыматка ылайык, Араван районунун 44 жаштагы тургуну 15 жаштагы кызын зордуктаган факт 2019-жылдын 11-декабрь күнү Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. - Аялынын көзү өткөндөн кийин 2018-жылдан бери кызын зордуктап жүрүптүр. Эки кыз, бир уулу бар экен. 1976-жылы туулган ата чоң кызын зордуктаган. Читать дальше...