Грек-рим күрөшү боюнча 2019-жылдагы Кыргызстандын чемпиону Акжол Махмудов быйылкы өлкөнүн чемпионатына катышпайт. Бул тууралуу Махмудовдун машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов «Азаттыкка» билдирди. Ал Акжол Махмудовдун буга чейин жаракат алган сол тизеси дагы эле толук калыбына келе элек болгондуктан ушундай чечим кабыл алынганын кошумчалады. - Акжолдун жаракат алган буту операциядан кийин толук калыбына келе элек. Анын бир буту экинчи бутунан 1-1,5 см ичке болуп, толук булчуң албай калды. Андыктан азыр тобокелге салбай эле коё туралы дедик. Читать дальше...
Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев казак тараптын чек арада транзиттик жүктөрдү кошумча текшерүү жүргүзгөнүн сындады.
Бүгүн, 11-январда Москвада Германиянын канцлери Ангела Меркел менен орус президенти Владимир Путиндин жолугушуусу өтүп жатат. Сүйлөшүү учурунда Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга басым жасалары айтылган. Буга чейин Кремл жолугушууда Сириядагы, Ливиядагы жана АКШ Багдад аэропортуна урган соккудан соң Жакынкы Чыгышта курчуган кырдаал тууралуу сөз болору айтылган. Немис өкмөтүнүн өкүлү Штеффен Зайберт ушул жума башында Ангела Меркел орус президенти Путин менен Жакынкы Чыгыштагы “соңку маселелерди” талкуулоону көздөп жатканын билдирген. Читать дальше...
Австралияда өлкө тарыхындагы эң күчтүү өрт өчпөй жатат. Континенттин бир катар аймактарында өзгөчө кырдаал жарыяланды. Соңку айларда Австралияда күчөгөн өрттө 27 адам, миллиарддаган жаныбар өлдү. Кырдаал тууралуу ал жакта 15 жылдан бери жашаган журтташыбыз Наргиза Хакимова айтып берди.
Баткен районундагы Көк-Таш айылынын тургундары бууп турган Ош-Баткен-Исфана жолу ачылды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу. Бирок чыңалуу сакталып турат. Окуя чыккан жерде жүргөн “Азаттыктын” кабарчысынын айтымында, жолду ачуу үчүн милиция күч колдонгон. Анын жыйынтыгында айрым автоунааларга залал келтирилген. Бирок чогулган адамдар тарай элек. Буга чейин Көк-Таш айылынын алты тургунун чек арадагы кырдаалды... Читать дальше...
Бишкектеги “Алай” коомунун мүчөлөрү "Ынтымак" сейил багына жүз түп кызыл карагайдын көчөтүн отургузушту. Алар борбор калааны көрктөндүрүүгө өлкө боюнча аракет кылуу керектигин айтышууда. Бак тиккендер кезекти Ак-Талаа районунун тургундарына өткөрүп берип, өлкөнүн башка аймактарын да бул демилгени колдоого чакырышты.
Баткен районун Көк-Таш айылынын тургундары айылды Тажикстандын менен байланыштырган жолду буушту.
12-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде кар жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5; Таласта түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6; Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -3…2, күндүз 1…6; Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5; Нарында түнкүсүн -12…-17, күндүз -5…-10 градус болот. Бишкекте кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4... Читать дальше...
Бир жумада ур-токмоктон эки келин каза болду. Бир келинге ажырашып кеткен күйөөсү бензин чачып, өрт койду.
Баткен районундагы Көк-Таш айылынын тургундары Ош-Баткен-Исфана жолунунун кире бериштеги бөлүгүн да бууп турушат. Бул тууралуу ошол жерде жүргөн “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы кабарлады. Маалыматка ылайык, буга чейин Көк-Таш айылынын алты тургунун чек арадагы кырдаалды курчутууга аракет кылды деген кине менен милиция кармап кеткен. Алар Баткен райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген. Көк-Таштын тургундары кармалган алты адамды бошотууну талап кылып, кан жолду буушту. Учурда кырдаалга милиция кызматкерлери жана чек арачылар көз салууда. Читать дальше...
Бишкектеги “Алай” коомунун мүчөлөрү "Ынтымак" сейил багына жүз түп кызыл карагайдын көчөтүн отургузушту. Алар борбор калааны көрктөндүрүүгө өлкө боюнча аракет кылышы керек экенин айтышууда. Кийинки кезекти Ак-Талаа районунун тургундарына өткөрүп берип, өлкөнүн башка аймактарында бул демилгени колдоого чакырышты. Бишкектеги “Ынтымак” сейил багы былтыр ачылган. Анын жалпы аянты 10 гектарды түзөт. (BkA/GT)
Баткен районундагы Көк-Таш айылынын тургундары бууп турган Ош-Баткен-Исфана жолу ачылды.
Ирандагы Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунун атайын аскерлеринин башчысынын орун басары Абдул Реза Шахлаини жок кылуу боюнча АКШнын операциясы максатына жетпей калган. Бул тууралуу аты аталбаган америкалык жетекчилердин маалыматына таянып, "The New York Times" жана "The Washington Post" басылмалары, АВС каналы кабарлады. Маалыматка ылайык, Шахлаиге кол салуу Сулаймени өлтүрүлгөн түнү Йеменде болгон. Бул өлкөдө ирандык аскер башчы Йемендин расмий бийлигине каршы чыккан шейит козголоңчуларга жардам көрсөтүп жүргөн. Читать дальше...
Баткен районун Көк-Таш айылынын тургундары айылды Тажикстандын Дахма аймагы менен байланыштырган жолду буушту. Бул тууралуу “Азаттыктын” ошол жерде жүргөн аймактык кабарчысы билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн Баткен районунун акими Каланбек Маркаев жана жергиликтүү күч органдарынын башчылары тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Анын жүрүшүндө жергиликтүүлөр эл жыш жайгашкан чек ара аймактарына туруктуу күзөт коюу талабын айтышкан. Жолугушуудан соң чек ара маселесин чечүү жана күзөт коюу талабы менен жолго таш төгүп, бууп коюшту. Читать дальше...
АКШнын аба күчтөрүнүн Герат провинциясына абадан жасаган соккусунда каза болгон жана жаракат алган жай тургундардын саны кеминде 60ка жеткенин провинциянын кенеши маалымдады.
Тажикстанда эки күндүк иш сапары менен болгон АКШнын дипломаты Элис Уэллс Борбор Азия өлкөлөрүн өз ара кызматташтыкка үндөп, Вашингтон мындай алакага кызыкдар экенин белгиледи.
Бишкектеги Султан Ибраимов көчөсүндөгү “Нават” чайканасында тутанган өрт өчүрүлдү. Тилсиз жоону өчүрүүгө эки өрт өчүргүч машине тартылды. Кырсыктан эч ким жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби жана чыгымдар аныкталууда. “Нават” - белгилүү чайканалар түйүнү. Бишкекте мындай аталышта бир нече тамактануу жайы ачылган. (BkA)
Бишкектеги Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында грек-рим күрөшү боюнча чемпионат башталды. Ал эки күнгө созулат. Бүгүн балбандар беш салмак боюнча жарыштарды өткөрөт. Анда 55, 63, 72, 82, 97 кг. салмакта жалпысынан 76 спортчу мелдешет. Эртең, 12-январда грек-рим күрөшү олимпиадалык салмактар боюнча уланат. Кыргызстанда күрөштүн түрлөрү боюнча өлкө биринчилиги 9-январда башталды. Алгачкы эки күн эркин күрөш боюнча мелдештер өтүп, 2020-жылдын чемпиондору аныкталды. Чемпионаттын жеңүүчүлөрү Кыргызстандын курама командасын түзүп... Читать дальше...
«Клооп» басылмасынын оператору Хамидулло Узаков Ош ШИИБиде 11-январда сурак берди. Буга Бажы кызматынын мурдагы төрагасынын орун басары Райымбек Матраимовдун иниси Русланбек Матраимовдун жазган арызы себеп болгон. Узаков «Азаттык» радиосуна билдиргендей, сурак эки сааттан ашык убакытка созулду. - Биз 9-январда Ленин көчөсү 308 дареги боюнча жайгашкан кароосуз калган имаратты тартканбыз. Ошол маалда бир жигит келип Субаналиев 315 дарегин айтып, “ошол үйдү тартып жатасыңарбы” деп шектенди. Кийин “видеолорду көрсөткүлө” деди. Читать дальше...
“Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасы жүргүзгөн ички иликтөөнүн жүрүшүндө Солтон-Сары кенин иштеткен компаниянын 18 кызматкери иштен четтетилди. Бул тууралуу ишкананын маалымат катчысы Толкун Камчыбекова билдирди. - Учурда УКМК тиешелүү иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. “Кыргызалтын” ишканасынын коопсуздук кызматы ички иликтөө ишин баштаган. Азырынча жооптуу 18 кызматкер убактылуу иштен четтетилди. Ал эми Солтон-Сары алтын кени ишин токтоткон жок, - деп билдирди Камчыбекова Өткөн жылдын 27-декабрында... Читать дальше...
Украинанын президенти Владимир Зеленский Иран Тегеранда кулаган украиналык жүргүнчү учакты кокусунан атып түшүргөнүн моюнуна алган соң билдирүү таратты. Анда Зеленский Иранды кырсыкты толук кандуу иликтөөгө, күнөөнү толук моюнуна алууга чакырып, кенемте күтүп жатканын айтты. - Эл аралык комиссия кырсыктын себебин иликтеп бүтө электе Иран украиналык учакты атып түшүргөнүн моюнуна алды. Бирок биз күнөөнү моюнуна толук алышын талап кылабыз. Ирандан кырсыкты ачык иликтөө боюнча даяр экенин билдирген ишаратты... Читать дальше...
Оманды туура 50 жыл башкарган Кабус бен Саид 79 жашында көз жумду. Бул тууралуу Перс булуңундагы өлкөнүн маалымат каражаттары кабарлады. Маалыматка ылайык, султан акыркы жылдары өсмө оорусунан (рак) кыйналып жүргөн. Султан Кабус 1970-жылы кансыз төңкөрүштүн натыйжасында өз атасын бийликтен кулатып, бийликке келген. Ал тышкы саясатта батыш өлкөлөрү менен жакын мамилени кармап келген. Султандын өз уулдары жок, мураскер катары да кимдир-бирөөнү ачык жарыялаган эмес. Эми Омандын мыйзамдарына ылайык... Читать дальше...
Казакстандын президенти Жакынкы Чыгыштагы тирешүүнүн күчөп жатканына тынчсызданып жатканын билдирди.
Омандын падышасы Кабус бен Саид 10-январь күнү кечинде 79 жашында дүйнө салды.
Бишкектин Султан Ибраимов жана Москва көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан “Нават” чайканасында өрт чыкты. Бул тууралуу окуяга күбө болгондор кабарлашты. Маалыматка ылайык, учурда кырсык болгон жерде өрт өчүргүчтөр иштеп жатат. Окуядан жараат алгандар жөнүндө так маалымат жок. “Нават” - Бишкектеги белгилүү чайканалар түйүнү. (BkA)