17-январда Ош шаардык милициясы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, «Казак» деген каймана аты бар Умар Маратовду кармады. Шаардык милициянын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, «Казактын» мурдагы мэр Айтмамат Кадырбаевдин аталаш иниси Улан Раимбеков сабалган окуяга тиешеси бардыгы аныкталды. - 11-январга караган түнү Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичи районунда «Народный» дүкөнүнүн алдында катталган каракчылык фактысынын алкагында жүрүп жаткан тергөө иштеринин жүрүшүндө оперативдик жол менен алынган... Читать дальше...
2020-жыл Кыргызстанда Орусия Федерациясынын жылына карата Баткен шаарында “Российская газета” басылмасынын аллеясы ачылды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Баткен облустук администрациясынын басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова билдирди. Маалыматка ылайык, өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаров, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, “Российская газета” басылмасынын Борбор Азиядагы аймактык өкүлчүлүгүнүн директору Дмитрий Евлашков, аталган басылманын ага кабарчысы Любовь Борисенко жана жергиликтүү... Читать дальше...
16-январда Пакистан соту христиан аялдын түрмөдөн бошотулганын каршы нааразылык акцияга чыгып, башаламандык уюштурган деген шек менен камакка алынган 86 адамга өкүм чыгарды. Алардын баары биригип, жалпысынан 55 жылга эркинен ажыратылды. Беш баланын энеси, 55 жаштагы христиан аял Асия Биби «пайгамбарга акарат келтирген» деп айып менен 2009-жылы камакка алынган жана райондук сот өлүм жазасына өкүм кылган. 2017-жылы Жогорку сот христиан аялды актап, абактан бошоткон. Асия Биби былтыр Канадага учуп кеткен. Читать дальше...
16-январда Баткенде чек ара маселеси боюнча өткөрүлгөн координациялык кеңешмеде Бишкектен барган бийлик өкүлдөрү чек арага байланыштуу акыркы окуяларда жергиликтүү кызматкерлердин жоопкерчилигин козгоду.
Орус өкмөтүнүн таркап кетишинен улам бир катар эксперттер Кремл бийлик ооштуруунун «казакча амалына» өттү деп сыпаттап жатышат.
Армениянын Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы төргасы Георгий Кутояндын сөөгү 17-январда өзүнүн Еревандагы батиринен табылды. Тергөө комитетитин маалымат кызматы ага ок тийгенин билдирди. Азырынча окуя тууралуу мындан башка маалымат бериле элек. Георгий Кутоян 38 жашта болчу, ал Улуттук коопсуздук кызматын 2016-2018-жылдары жетектеген.
Ирандын тышкы иштер министри Мухаммда Жавад Зариф Индиядан Маскат шаарына барып, Канаданын тышкы иштер министри Франсуа-Филипп Шампань менен жолугушат.
Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы Бишкек-Нарын-Торугарт автожолундагы транзиттик аймакта жайгашкан май куюучу жайларды зым менен тосуп жаткан казак аскерлери боюнча түшүндүрмө берди. Мекеменин маалыматына караганда, Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда Казакстанга тиешелүү 800 метр аймак бар. Казак тарап ошол аймакты убактылуу зым менен тосту жана Казакстандын аймагында жайгашкан «Азия», «Достык» май куюучу жайларына кирүүгө тыюу салынды. Ошону менен бирге транзиттик жол ачык бойдон калат жана кошумча жол белгилери орнотулуп... Читать дальше...
Швейцария түркмөн коррупционерлеринен конфискацияланган 1 миллион 300 миң долларды Түркмөнстанга кайтарып берет.
2020-жылга Ош шаарынын бюджетин 1 млрд. 322,6 млн. сомго бекитүү сунушталууда. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 2019-жылдын бюджетине салыштырмалуу бул жылы шаар казынасы 194 млн. 979 миң сомго көбөйдү. 2018-жылы шаардын бюджети 940 млн. сом, 2019-жылы 1 млрд. 127 млн. сом менен бекитилген. Шаардын казынасы боюнча коомдук угуу 2020-жылдын 23-январында болот. (MdN)
Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 17-январда талаштуу чечим чыгарган Ош шаардык сотунун судьясы Айнура Сулайманованы иштен бошотту.
Катарда тынчтык келишимин түзүү максатында "Талибан" кыймылы менен АКШнын Ооганстан боюнча чабарманы Залмай Халилзад баштаган топ эки күн бою сүйлөшүү өткөрдү. Бул тууралуу талибдердин өкүлү Сухаил Шахин кабарлады. Ал "Твиттердеги" баракчасына жолугушууга "Талибандын" таасирлүү жетекчилеринин бири молдо Абдул Гани Барадар баштаган топ катышканын, сүйлөшүүлөр дагы бир канча күнгө уланарын жазды. АКШ менен "Талибандын" сүйлөшүүсү өткөн айда жанданган. Бирок мындан көп өтпөй эле Залмай Халилзад... Читать дальше...
АКШ армиясынын командачылыгы 8-январда Иран Ирактагы базаларды аткылаганда америкалык 11 жоокердин денесине доо кеткенин билдирди. Буга чейин президент Дональд Трамп соккудан "бир дагы америкалык жабыркаган жок, базалар олуттуу зыянга учураган эмес" деп айтып келген. 16-январда жарык көргөн билдирүүдө Борбордук командачылыктын өкүлү капитан Билл Урбан "Аль-Асад авиабазасына чабуулдан АКШ аскерлери жоготууга учураган эмес, бир нече киши жараат алган белгилер аныкталып, алар көзөмөлгө алынды", - деп маалымдады. Читать дальше...
Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2019-жылы Кыргызстанда 6145 үй-бүлөлүк зомбулук катталган. Анын ичинен 5752 аялга, 393 эркекке жана 168 жашы жете элек балага коргоо ордерлери берилген. 2020-жыл башталгандан бери өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктан эки аял каза тапты. 1-январда Кочкор районунда 37 жаштагы аял, 3-январда Баткенде 26 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан ажал тапкан. Учурда бул эки кылмышка шектүүлөр кармалып, сотко чейинки тергөө иштери уланууда. 4-январда Каракол шаарында... Читать дальше...
Иранда жогорку лидер аятолла Али Хаменеи 17-январда жума намазда өзү имамдык кылды. Ал сегиз жылдан бери элди намазга жыга элек болчу. Тегерандагы Мосалла мечитиндеги баянында 80 жаштагы Хаменеи жарандарды биримдикке чакырды жана Батыштын "Иран элин чөгөлөтүүгө күчү жетпесин" айтты. Ал ушул айдын башында Ирандын Ирактагы америкалык аскерлер жайгашкан базаларга сокку урганын "менменсинген державаны жаакка чабуу" катары сыпаттады. "Украинанын эл аралык аба жолдору" компаниясына таандык... Читать дальше...
Пентагондун расмий өкүлү Джонатан Хоффман Америка Ирактагы аскерлерин чыгарып кетүүнү пландаштырган жок деп билдирди.
Кытайда балдардын төрөлүшү өлкө мындан жетимиш жыл мурда Элдик Республика болуп түзүлгөн убактан берки эң төмөнкү чекке жетти. Өлкөнүн Улуттук статистика бюросунун маалыматына ылайык, былтыр 14,65 миллион бала төрөлгөн жана бул 70 жыл мурдагыга караганда жарым миллиондой аз дегенди билдирет. Кытай элинин саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат жана ушул өлкөдө тушта 1,4 миллиарддай адам жашайт. Бир жыл ичинде кишилердин саны 4,5 миллиондон ашкан. Бээжин 2015-жылы "Бир үй-бүлөгө - бир бала" деген саясатынан баш тарткан... Читать дальше...
Гонконгдун губернатору: Эгерде аймактын эли көз карандысыздыктын принциптерин кармана турган болсо, эки күчтөн турган өлкөнүн структурасын сактай алышат.
«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 18-январда жаан-чачын жаабайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -9…-14, күндүз -2…+3; Таласта түнкүсүн -9…-14, күндүз -2…+3; Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -4…-9, күндүз 1…6; Ысык-Көлдө түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…+3; Нарында түнкүсүн -18…-23, күндүз -5…-10; Бийик тоолуу райондордо -25…-30, күндүз -9…-14 градус болот. Бишкекте жаан-чачын болбойт. Читать дальше...
Йемендин Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз катчысы 16-январда билдирүү жасап, БУУнун Йемендеги акыркы абал боюнча билдирүүсүн төгүндөдү.
Соттор кеңешине караштуу Тартип комиссиясына 2019-жылы судьяларга каршы 863 кайрылуу түшкөн. Анын ичинен Тартип комиссиясы 456сын артка кайтарып, 167 арыз боюнча сотторду тартип жазасына тартуудан баш тарткан. 32 судьяга алдын-ала эскертүү, 11 сотко эскертүү берилген. Беш судьяга сөгүш жарыяланып, эки судьяны мөөнөтүнөн мурда кызматтан алууга, ал эми үч сотту кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. Сотторго каршы дагы 135 арыз каралып жатат. Президент Сооронбай Жээнбеков баңгизатка... Читать дальше...
Пентагондун жетекчиси “Айн аль-Асад” базасына болгон чабуулдан жаракат алган америкалыктар боюнча билдирди.
Орусиянын тышкы иштер министри Өзбекстандын президенти жана ТИМ жетекчиси менен Ташкентте жолугушту.
Украинада премьер-министр Алексей Гончарук кызматын тапшыруу үчүн арыз жазды. Мунун алдында анын президент Владимир Зеленскийди жамандаганы тууралуу, тымызын жаздырылып алынган аудио жазуу тарап кеткен. Гончарук "Фейсбуктагы" баракчасына "Мен бул кызматка президенттин программасын аткарганы келгем. Ал мага ачыктыктын, өзүн түз алып жүрүүнүн үлгүсү. Бирок ага болгон сый-урматка, ишенимге кандайдыр бир күмөн жаратып, көлөкө түшүрбөө максатында мен отставка тууралуу арыз жазып, президентке жөнөттүм", - деп жазды. Читать дальше...
Кыргызстанда тематикалык телесериалдарды тартуу үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлигине 30 млн. сом бөлүндү. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 17-январда «Дарак ыры» мюзиклинин авторлору менен жолугушканда айтты. Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Абылгазиев бул каражат балдарды руханий өнүктүрүү жана тарбиялоо үчүн мамлекеттик буйрутманын алкагында бөлүнгөнүн билдирди. - Тасмада эң башкы үч тема – адам, үй-бүлө, мекен болуш керек. Албетте... Читать дальше...