Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, Москвада өткөн Ливия боюнча сүйлөшүүлөрдө кандай бир «жылыш» болду. Ал ошондой эле Түркия менен Орусиянын коргоо жана тышкы иштер министрлери Ливия тарап менен жолугушууда өлкөдөгү кырдаалды жөндөө боюнча документтерди караштырышканын кошумчалады. Лавров белгилегендей, Бириккен Улуттар Уюмунун көмөгү менен түзүлгөн Ливиядагы Улуттук ынтымак өкмөтүнүн башчысы Фаиз Сарраж менен Ливия парламентинин өкүлү кырдаалды жайгаруу боюнча документке кол коюшту. Читать дальше...
Пакистанда трибунал мурдагы өкмөт башчы Перфез Мушаррафты өлүм жазасына тартууну буйруган атайын соттук коллегиянын чечимин «Конституцияга туура келбейт» деп тапты. 17-декабрда үч судьядан турган атайын сот "Мушарраф 2007-жылы Конституцияны убактылуу токтотуу жана өзгөчө кырдаал киргизүү менен мыйзам бузган" деп таап, мурдагы аскердик жетекчини өлүм жазасына өкүм кылган. Куралдуу күчтөрдүн өкүлдөрү сотто укуктук процедуралар бузулганын айтып, Мушаррафтын патриотизмин белгилешкен. Премьер-министр... Читать дальше...
Иранда үч күндөн бери украиналык учактын атып түшүрүлгөнүнө байланыштуу өкмөткө каршы нааразылык акциялары уланып жатат. 13-январда Шариф атындагы Тегеран технологиялык университетинин жана Амир Кабир университетинин алдында наарызылык митингдери өттү. Интернетте жарыяланган видеолордо алар Ирандын бийлигин, анын ичинде жогорку руханий лидер Аятолла Али Хаменеини сындап жатышканын көрүүгө болот. Ошондой эле видеолордон полиция жана күч түзүмдөрү демонстранттарга каршы ок чыгарып, көздөн жаш чыгарчу газ чачып жатканы да чагылдырылган. Читать дальше...
Президент Шавкат Мирзиёевдин демократия тууралуу убадаларынан улам Өзбекстанда жакында болуп өткөн парламенттик шайлоого эл аралык коомчулук дыкат көз салып турду. Шайлоонун жыйынтыгына ылайык, парламент депутаттары жашарып, аялдардын саны да өстү.
Пакистандын түштүк-батышындагы Белужистан аймагындагы эки күндөн бери токтобой жаткан бороон-чапкын кеминде 15 кишинин өмүрүн алды. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, алардын көбү үйлөрүнүн чатырлары кулап, каза табышты. Калың жааган кардан улам провинция борбор Кветта шаарын башка аймактар менен байланыштырган кан жол жабылып калды. Жети райондо өзгөчө кырдаал режими киргизилди. 12-январда коңшу Ооганстанда да суук менен калың түшкөн кардан улам 19 киши набыт болгону кабарланган. Жалпысынан быйыл Ооганстанда тоңуп өлгөндөрдүн саны 24кө жетти.
Кыргыз-тажик чек арасын жөнгө салуунун жолдору талкууланып жатат.
Жикчил Абхазия аймагында төрт күнгө уланган каршылык акцияларынан кийин кызматтан кетүүгө аргасыз болгон Рауль Хажимба кийинки президенттик шайлоого катышууну көздөбөйт. Бул тууралуу аймактын башчысынын отставкасын кабыл алган парламент мүчөлөрүнө жикчилдердин вице-президенти Аслан Барциц 13-январда айтты. Ал Хажимба «аймактын саясий жашоосуна катышууну уланта берерин», бирок «шайлоого катышууну көздөбөй турганын» айтты. Жикчил аймактын парламенти президенттин милдетин аткаруучу кылып өкмөттү башкарып келген Валерий Бганбуну дайындады. Читать дальше...
Бишкекте күрөштүн түрлөрү боюнча өткөн чемпионат жыйынтыкталды. 9-январь күнү башталган балбандардын биринчилиги 12-январда грек-римчилердин күрөшү менен аяктап, Кыргызстандын 2020-жылга карата чемпиондору аныкталды. Балбандардан Акжол Махмудов жаракатына байланыштуу турнирге катышпай калса, жеңил салмакта Калы Сулаймановдун жаракаттан айыгып келип, баарын жеңип алганы көпчүлүк үчүн күтүүсүз болду.
Тажик президенти Эмомали Рахмондун 13-январдагы буйругуна ылайык, Тажикстандын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Сухроб Олимзода башка ишке өткөнүнө байланыштуу элчилик кызматтан кетти. Анын ордуна Рахмондун дагы бир буйругу менен 52 жаштага Назирмад Ализода Тажикстандын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу "Азаттыктын" тажик кызматы кабарлады. Ализода 2003-жылдан бери дипломатиялык кызматтарда иштесе, акыркы беш жылда, 2019-жылдын аягына чейин Тажикстандын Казакстандагы элчиси болуп турган. Читать дальше...
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселесин чечиш үчүн тажик тарапка жерлерди алмашуу сунушталганын жарыялады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, чек ара маселесине байланыштуу акыркы убакта эки өлкөнүн өкүлдөрү 20 жолу жолугушкан. Техникалык топтун ишинин акыркы маалыматтары боюнча, 134 ири масштабдагы топографиялык карта даярдалды, дагы 4-5ти даярдоо керек. - Тажик тарапка жерлерди алмашуу боюнча ар кандай варианттарды сунуштап жатабыз. Читать дальше...
Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо Иранда жүргүнчү учакты атып түшүрүүгө күнөөлүү адамдарды жоопко тартуу үчүн болгон аракеттин баары көрүлөрүн билдирди. Мальтада журналисттин өлтүрүлүшүнө байланыштуу премьер-министр алмашты. Казакстандын баш калаасы Нур-Султанда ондогон эне нааразылык акциясына чыкты.
Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаров кыргыз-тажик чектеш аймагындагы айылдарда чыр чыгарууга аракет кылгандар мыйзам чегинде жазаланышы керек деп эсептейт. Ал “Азаттык” радиосунун аймактагы кабарчысына интервью берип жатып, “жергиликтүү тургунбу же мамлекеттик кызматкерби, чек арада чатак уюштургандыгы үчүн мыйзам алдында бирдей жооп берерин” билдирди. - Мыйзамды бузуп, өзүнүн кызыкчылыгын көздөп,чек арадагы окуяларга аралашкан жарандар болсо, аларга сөзсүз чара көрүлүш керек. Мына ушунда гана бизде тартип, тынчтык орнотулат. Читать дальше...
Ош, 13-январь, 2020-жыл. /ca-irnews.com/. Өзгөндө чоң энесин бычактап качып кеткен 22 жаштагы жаран кармалып, Өзгөн райондук соту тарабынан 2 айга камакка алынды.
9-январда белгисиз адамдар токмоктоп кеткен журналист Болот Темировдун соцтармактар аркылуу тараткан кескин билдирүүсү кызуу талкууланып жатат.
Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо жүргүнчү учакты атып түшүрүүгө күнөөлүү адамдарды жоопко тартуу үчүн бар аракет көрүлөрүн билдирди. Ирандын өзүндө болсо өкмөткө каршы акциялар ишембиден бери уланып жатат.
Ирандын түштүк-чыгышындагы Систан жана Белужистан провициясынын көптөгөн аймактарын үч күндөн бери сел каптап жатат.
Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал боюнча Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков башында турган делегация 14-январда Тажикстандын өкмөт өкүлдөрү менен жолугушат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушуу эки өлкө чектешкен аймакта өтөт. Анда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал, коопсуздукту бекемдөө, чыр-чатактардын алдын алуу жана чек араны тактоо иштерин күчөтүү боюнча аракеттер талкууланат.
Президент Сооронбай Жээнбеков 13-январда чек арадагы абал боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымат таратты. Анда Жээнбеков коңшу өлкөлөр менен чек ара кызматташтыгын өнүктүрүүнү күчөтүү жана чек арага жакын жайгашкан райондордун тургундарынын коопсуздугун камсыз кылуу керектигин айтты. Президент эки жакта тең чагымчыл аракеттерди болтурбоо үчүн чек арадагы чыр-чатактардын алдын алуу боюнча профилактикалык иштер тажик тарап менен тыгыз байланышта жүргүзүлүшү керектигин кошумчалады. Читать дальше...
12-январда парламенттин депутаты Роберт Абеленин премьер-министрликке талапкерлигин Лейбористтер партиясы 58 пайыз добуш менен колдоп беришти. 42 жаштагы Абела кесиби боюнча юрист. Анын атасы Жордж Абела 2009 -2014-жылдары Мальтанын президенти болгон. - Мен мурункудай эле катачылыктарга, жаңылыштыктарга көз жуумп койбойм. Биз сабак алган жаңылыштыктар менен биз кайталабай турган каталар болот, менин сөзүмө ишенип койгула, - деди ал шайлангандан кийинки сөзүндө. Мальтанын экс-премьер-министри... Читать дальше...
Дүйнө лидерлери жекшембиде Омандын жаңы султаны Хайтам ибн Тарик Ал-Саид менен жолугушуу үчүн Маскатка барышты. Андан бир күн мурда султанатты 50 жылдан бери башкарып келген Кабус ибн Саид 79 жашында көз жумган. Алгачкылардын болуп Маскатка барган Британиянын премьер-министри Борис Жонсон жана ханзаада Чарльз маркум султанды “улуу адам болчу” деп эскеришти. Ошондой эле бул күнү жаңы султан менен жолугушууга Кувейттин шейхи, Катардын бийликтеги эмири жана Ирандын тышкы иштер министри да барды. ... Читать дальше...
Ирандын тышкы иштер министрлиги Тегеранда кыйрап түшкөн украиналык учакта каза болгондордун туугандарына жана жакындарына жардам берүү үчүн тынымсыз байланыш линиясын ачты.
“ABC News” маалымат кызматынын сурамжылоосуна ылайык, көпчүлүк америкалыктар президент Дональд Трамптын Иранга карата саясаттарына каршы чыгышты жана алар генерал Касем Сулеймани өлтүрүлгөндөн кийин Америкада коопсуздук азайтылды деп эсептешти.
Ливиядагы жаатташкан тараптар 13-январда Москвада өтө турган тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышат. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Жолугушууга Ливияда Улуттар Уюмунун колдоосу менен түзүлгөн Улуттук ынтымак өкмөтүнүн башчысы Фаиз Сарраж жана өзүн Ливиянын Улуттук армиясы деп көрсөткөн топту жетектеген Халифа Хафтардын катышуусу күтүлүп жатат. Сүйлөшүүнү утурлай Москвада Орусия менен Түркиянын тышкы иштер жана коргоо министрлери жолугушту. Ливия маселесин чечүү боюнча топту жетектеген Лев Денговдун айтымында... Читать дальше...
Пакистандын бир канча шаарларында Американын акыркы терроруна каршы демонстрация өттү.
Баткен облустук администрациясынын басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова «чек ара аймагында болгон чыр-чатактын чыгышына кээ бир коомдук уюмдар, топтор тарабынан жүргүзүлүп жаткан чагымчыл аракеттер таасир этүүдө» деген билдирүүсүн таратты. Анда «эл арасында чагымчыл аракеттер чек арада пайда болгон айрым турмуш-тиричиликке байланышкан майда-барат маселелерди укук коргоо органдарынын чечишине тоскоолдуктарды жаратып, маселенин мамлекеттик деңгээлге чейин көтөрүлүшүнө алып келүүдө», деп айтылат. Читать дальше...