Өткөн февраль айында Москвада иштеген кыргызстандык Акылбек Нарматов өрттөн эки адамды куткарган.
Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форуму 1979-жылдан тартып өлкөлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү боюнча рейтингин түзүп келет.
Казакстандын Астана шаардык прокуратурасы кытайлык кайрылмандардын жана шинжаңдыктардын укугун коргогон «Ата Журт ыктыярчылары» уюмунун жетекчиси, активист Серикжан Билаштын кармалышы тууралуу түшүндүрмө берди. Прокуратуранын маалыматына караганда, активист өткөн айда Алматыдагы иш-чаралардын биринде чогулгандарды «кытай улутундагыларга каршы жихадга чакырган» деген айыптын негизинде кармалды. Активистке карата «улут аралык кастыкты козгоо» беренеси боюнча тергөө иштери быйыл 21-февралда, жергиликтүү тургундун арызынан кийин башталган. Читать дальше...
15-мартта Москвада КМШнын экономикалык кеңешинин жыйыны өтөт.
БУУнун балдар фонду ЮНИСЕФтин аткаруучу директору өткөн жылы Сириянын ар кайсы аймактарындагы согуштук аракеттерде сириялык 1106 бала каза тапканын маалымдады.
Өзбекстандын президенттик администрациясына караштуу Маалымат жана массалык коммуникация агенттигинин директорунун орун басары Наргиза Рахимова (Саидова) коопсуздугуна коркунуч бар деген негизде өргүүгө чыкты. Анын үйү кайтарууга алынганын «Азаттыктын» өзбек кызматына укук коргоо органдарындагы булактар жана Рахимованын кесиптештери билдиришти. 35 жаштагы Наргиза Рахимова «Азаттыктын» өзбек кызматынын «Фейсбуктагы» баракчасында мусулмандар арасындагы көп аялдуулук боюнча комментарий калтыргандан кийин катуу сынга алынган. Читать дальше...
«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 13-мартта түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын болбойт. Тоолуу жерлерде жана тоолордо жолдорго муз тоңот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз +11…+16, Талас жергесинде түнкүсүн -1…+4, күндүз +10…+15, Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…-5, күндүз +7…+12, Нарын аймагында түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…+5 градус болот. Читать дальше...
Жанара Борончуева сегиз жылдан бери Дубайда жашайт. Ал жакта жана Кыргызстанда конок үйлөрдү ижарага берип, ишкерлик менен алектенет. Уулу Султан да Дубайда билим алууда. Жанара биз менен маегинде бул шаарга кантип келип, иш баштаганын айтып берди.
2019-жылдын январь айында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 457 млн. долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети жылдын биринчи айынын жыйынтыгын чыгаргандан кийин кабарлады. Бул көрсөткүч өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 8,4% төмөн. Анын ичинде быйыл январда экспорт 15,4% артка кетсе, импорт 6,4% азайды. Жылдын биринчи айында Евразия Экономикалык Биримдигиндеги (ЕАЭБ) өлкөлөр менен соода-сатык 4,1% азайды. Экспорт былтыркыга салыштырмалуу 6,7%, импорт 3,3% кемиди. 2018-жылдын... Читать дальше...
«Amnesty International» укук коргоо уюму Интернетте тараган Ирандагы видео боюнча билдирүү таратты. Анда бул видео Иранда аялдар кабылган зомбулуктун деңгээлин көрсөтүп турары айтылган. Ирандын аялдарды хижаб кийүүгө мажбурлоо тууралуу мыйзамдары аялдарды кемсинтип эле тим болбой, көчөлөрдө кыз-келиндер зомбулукка кабылган учурларда актануу катары колдонулуп жатканы белгиленген. Билдирүүдө Иранда аялдарды полиция көчөлөрдө токтотуп, чачты жабыш үчүн аларды жоолукту маңдайына чейин салууну, жүзүндөгү... Читать дальше...
«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн 10 кесилишинде адамдын жүзүн аныктаган камералар иштей баштады. Бул тууралуу Маалымат технологиялары жана байланыш комитетинин жетекчисинин орун басары Кубаныч Шатемиров Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин көчмө жыйынында билдирди. Шатемиров белгилешинче, бул система сыноо режиминде турат. Көчмө жыйында депутаттар долбоордун аткарылышы боюнча бир катар сын-пикирлерди айтышты.... Читать дальше...
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Венесуэладагы америкалык дипломаттарды толук чыгаруу тууралуу буйрук берди. Бул кадам Вашингтон орусиялык «Еврофинанс Моснарбанкка» каршы санкция жарыялагандан кийин жасалды. АКШнын 11-марттагы чечими Каракас менен Москвага басымды күчөттү. Орусия - Венесуэланын расмий президенти Николас Мадуронун режимине финансылык чоң колдоо көрсөткөндөрдүн бири. АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы Мадурону легитимсиз президент катары жарыялап, оппозиция лидери Хуан Гуайдону колдогон. Читать дальше...
Нарын шаарынын базарында мыйзамсыз коюлган күркөлөрүн мэрияга алдырып жиберген беш аял эки күндөн бери облустук администрациянын алдында ачкачылык кармап олтурат. «Элге кызмат кылбаган жана үнүн укпаган бийлик кетсин» деп жазылган плакаттарды кармаган аялдар 11-мартта түнкү бир жарымга чейин турушту. Алар акциясын 12-мартта да улантууда. Чогулгандар жергиликтүү бийлик талабын аткаргыча кетпей турганын айтышууда. Нарын шаарынын вице-мэри Давид Курманов нааразы болуп жаткандар менен буга чейин сүйлөшүүлөр болгонун... Читать дальше...
Өкмөт үстөгү 8-9% пайыз, төлөө мөөнөтү 15 жылга чейинки ипотека берүүчү компания түзгөнү жатат. Аны Кыргызстандын бардык жарандары алат.
Ирандын эксперттик тобу Франция, Германия жана Улуу Британиянын өкүлдөрү менен INSTEX боюнча иш аракеттерди тезирээк ишке ашыруу боюнча сүйлөшүшөт.
Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында кармалган «Азаттыктын» казак кызматынын кабарчысы Сания Тойкен сотко жеткирилди. Журналистке 667-берененин негизинде, «буйрукка же полиция кызматкеринин талабына баш ийбөө» деген айып коюлган. Ага карата сот жараяны башталганы турат. Бул тууралуу Тойкен өзү билдирди. Журналистке эмне себептен мындай кине коюлганы белгисиз. Казакстанда 667-берене менен айыпталгандар эскертүү алып же айыппул төлөп, болбосо беш күнгө чейин камакка алынат. Сания Тойкен 11-марттын кечинде Жаңы-Өзөндө кармалып... Читать дальше...
Өкмөт үстөгү салыштырмалуу төмөн, төлөө мөөнөтү 15 жылга чейинки ипотека берүүчү компания түзгөнү жатат. Аны Кыргызстандын бардык жарандары ала алышат. Кеңири жол- жобосун Мамлекеттик ипотекалык компаниянын мониторинг бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Даакыбаев чечмелейт. Аны менен Али Токтакунов маектешти. “Элдик экономика” түрмөгү дагы кайсы теманы чагылдырса дейсиз? Алиге Инстаграмдан жазыңыз: www.instagram.com/alitoktakunov/
Кыргызстанда мурдагы бийликтин тушунда чыгарылып кеткен байлыкты өлкөгө кайра кайтаруу аракети башталды.
Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) катчылыгы партиянын аймактардагы курултайларынын делегаттары тууралуу маалыматтарды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) чогултуп жатканын кабарлады. Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева «Фейсбуктагы» баракчасына билдирүү калтырып, «УКМКнын Жети-Өгүз райондук бөлүмүнүн башчысы Таабалдиев менен ушул эле райондогу паспорт столунун жетекчисине жазды» деген каттын көчүрмөсүн жарыялады. Анда УКМКнын аймактык жетекчиси каттоо мекемесинен... Читать дальше...
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчиси, абакта жаткан Болсунбек Казаковду үй камагына чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди. Казаков 2018-жылдын 10-апрелинде камакка алынган эле. Ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык экени айтылып жүргөн коттеждердин сатылышына байланыштуу кылмышка шектелүүдө. Бул боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында дагы эки адам камакта олтурат. Читать дальше...
8-март күнү «Аялдардын тилектештик шаарчасы» маршын уюштурган феминисттик уюмдардын өкүлдөрү басма сөз жыйынын өткөрүп, учурда аларды «Кырк чоро» уюму, депутаттар жана башка белгисиз адамдар коркутуп жатканын айтты. Алар Ички иштер министрлигинен, Бишкек ШИИБинен жана өкмөттү мындай иш-аракеттерге чара көрүүнү өтүндү: - Чындыгында марштан кийин коомдо болгон жек көрүү көбөйгөн жок. Болгону ал ачыкка чыкты. Зомдулук, басынтуу, кемсинтүү күндө орун алып келет. Социалдык тармактарда мунун баары жазыла баштап, ачыкка чыга баштады. Читать дальше...
Ыманберди Досбаев Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Ыманберди Досбаев буга чейин Жалал-Абаддын Чаткал, Токтогул райондорунда аким болуп иштеген. Андан кийин президенттик, өкмөттүк аппараттарда эмгектенген. Быйыл 22-февралда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбаганы үчүн» деп Тоң... Читать дальше...
Кара күчкө таянган доор артта калып кетти. Өрнөктү карай өрлөгөн адам баласы феодалдык-патриархалдык түшүнүктөн эбак бошонгон.
Түрмөдөн чыккан саясатчылар Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Бекболот Талгарбеков жана «Саясий туткундарды коргоо комитетинин» мүчөлөрү Бишкектеги жыйында саясий негизде соттолгондорду актоо боюнча демилгелер талкууланды. Чогулгандар өздөрү саясий негизде камакка алынганын белгилеп, бул үчүн экс-президент Алмазбек Атамбаевди айыпташты. Алардын көбү мурдагы мамлекет башчы жүргүзгөн саясатты сынга алып, 2011-жылдан 2017-жылга чейин мамлекеттик насыялардан жана бюджеттен уурдалган 5-7-млрд. доллар каражатты кайра кайтарууну талап кылышты. Читать дальше...
Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК регламенти боюнча комитети «КР президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады Мыйзам долбоорунун демилгечилери - депутаттар Курманкул Зулушев менен Исхак Масалиев. Талкуунун жүрүшүндө мыйзам кабыл алынып калса, ал бардык экс-президенттерге карата бирдей колдонула тургандыгы айтылды. Читать дальше...