Ирандын президенттик кеңсесинин жетекчиси өлкөнүн ТИМ башчысынын отставкага кетүүсүн президент Рухани кабыл албаганын билдирди.
«Ата Мекен» партиясынын лидери, ЖК мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча кыргызстандык укук коргоочулардын кайрылуусу расмий каттоого алынды. Ишти Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча комитетине жиберген «Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, бул комитеттин эксперттери кайрылууну кароого кабыл алышты дегенди түшүндүрөт. Бул тууралуу маалымат укук коргоочуларга 26-февралда берилген. «Адилет» укуктук клиникасы Өмүрбек Текебаевдин... Читать дальше...
«Helpthechildren – SKD» аттуу кайрымдуулук фонду Бишкектеги балдардын №3 клиникалык ооруканасына жана №6 төрөт үйүнө 900 миң сомдук ооруну басаңдатуучу дарыларды берди. Америкадан алынып келген лидокаин кремдери кичинекей пациенттердин оорусун басаңдатат. Бул «Helpthechildren – SKD» фондунун алгачкы жардамы эмес. Буга чейин Эне-баланы коргоонун улутттук борборуна жана Улуттук онкология жана гематология борборуна да ооруну басаңдатуучу дарылар акысыз берилген.
Австралия соту Ватикандын казына башчысы, кардинал Жорж Пеллди өспүрүмдөргө жыныстык ыдык көрсөтүү боюнча күнөөлүү деп тапты. Ал Мелбурнда архиепископ кызматында жүргөндө, 22 жыл мурда 5 кылмыш кылган деп айыпталган. Пелл айыптарды моюнга алган жок. Өткөн жылдын декабрында чыгарылган чечим эми белгилүү болду. Анын бөгөт чарасы боюнча өкүм жакынкы күндөрү чыгары күтүлүүдө. 77 жаштагы кардинал жыныстык жосунсуз жорук үчүн айыпталган католик дин кызматкерлеринин эң даражалуусу деп эсептелүүдө. Жекшембиде... Читать дальше...
27-февралда Кыргызстанда жаан-чачын жаабайт. Тоо этектериндеги жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11; Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -25…-30, күндүз -10…-15; Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 7…12; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…+4; Нарын облусунда түнкүсун -20…-25... Читать дальше...
Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф кызматтан кетерин 25-февралда «Инстаграмдагы» баракчасына жазды. Зариф кызматта турган кезде кетирген бардык кемчиликтери үчүн кечирим сурады. Анын кызматын тапшырышуу боюнча чечиминин себептери белгисиз. Бирок Ирандын президенти Хасан Роухани анын арызын канааттандырганы тууралуу расмий маалымат келе элек. Буга чейин Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү «Инстаграмдагы» баракча Зарифке таандык экенин ырастаган. Ирандагы расмий маалымат каражаттары Зарифтин айткандарын бышыктап... Читать дальше...
Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Русгидро» ААК башкармалыгынын төрагасы Николай Шульгинов менен кездешти. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин, Кыргызстандын суу-энергетикалык мүмкүнчүлүгүн жана Борбор Азия өлкөлөрүнө электр энергиясын экспорттоону көбөйтүү пландарын талкуулашты. Анда ошондой эле Жогорку Нарын каскады тууралуу да маселе козголуп, ага байланыштуу кырдаалды өз ара жөнгө салуу Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы стратегиялык... Читать дальше...
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин тун кызы Дариганын Австриядагы банк эсептеринде бир кезде миллиондогон доллар болгону «Евразия демократиялык демилгелери» жарыялаган кеңири баяндамада айтылат.
Түркияда жашап, эмгектенип жаткан кыргызстандык Бакыт Байдалиев дүйнөдөгү атагы чыккан киностудияларга оюн-зоок атракциондорун сатат. Ал жаңы технологиялардын тилин таап, колдонуучуларга атайын виртуалдык дүйнөдө кызыктуу оюндарды сунат экен. Ошондой эле Бакыт Байдалиевдин симуляторлору ондогон сыйлыктарга ээ болгон.
Кыргызстандан уурдалып кеткен акчаны артка кайтарууда кандай тоскоолдуктар бар? Бакиевдин режими тушундагы финансылык махинацияларды талдаган “Чек арасыз диктаторлор” китебинин авторлорунун бири, Британиядагы Эксетер университетинин профессору Жон Хезершоу “Азаттыкка” маек курду.
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү 25-февралда атайын жыйын куруп, аш-тойлордо, каада-салттарда ашыкча чыгым болуп жатканын талкуулады. Анда айтылган маалыматтарга караганда, облус аймагында эле былтыр сүннөт той, жентек той, тушоо кесүү сыяктуу той-мааракелерди эске албаганда, 2131 маркумду акыркы сапарга узатуу, 3912 үйлөнүү үлпөтү өткөн. Ал үчүн 1 млрд. 251 млн. сом каражат жумшалган. Ал эми үлпөт той өткөрүп, баш кошкон жаш жубайлардын 672си ажырашып кеткен. Жыйындын катышуучулары... Читать дальше...
Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдиргендей, 22-февраль күнү Кызыл-Кыя шаардык милициясынын кызматкерлери Өзбекстандын Маргалаң шаарынын 38 жаштагы тургунун кармаган. Анын жанынан өзгөчө жыты бар, жашыл-күрөң түстөгү салмагы 21 граммды түзгөн зат күбөлөрдүн катышуусунда алынган. Андан соң ал убактылуу жашаган Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы үйдөн ширеңкенин кутусуна сактаган 21 граммдан ашыгыраак баңгизатка окшош, өзгөчө жыты бар зат табылып, Кызыл-Кыя ШИИБинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Читать дальше...
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Ооганстандагы миссиясы былтыр соңку 20 жылга салыштырганда жайкын тургундардын өмүрү эң көп кыйылганын билдирди. Бул көрсөткүч 2017-жылга жылга караганда 11% өскөн. БУУнун Ооганстандагы миссиясынын жылдык баяндамасында айтылгандай, көпчүлүк учурда куралдуу чабуулдарды Кабулдагы өкмөттүн душмандары койгон. Былтыр ооган жергесинде 65 теракт жасалып, карапайым адамдардын каны төгүлдү. БУУнун өкүлүнүн маалыматына ылайык, кандуу чабуулдардын 40% «Талибан» тобунун жоочулары... Читать дальше...
Бул акчаны Транспорт жана жол министрлиги Кытайдын Эксимбанкынан грант түрүндө алууну көздөп жатат. Аталган министрликтин өкүлү парламент комитетинде билдиргенине караганда, тиешелүү сунуш Финансы министрлигине жөнөтүлдү. Өлкөдөгү жолдордун курулушуна Кыргызстан Кытайдын Эксимбанкынан буга чейин 1 миллиард доллардан ашуун каражат алган. 26-февралда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети автоунаа жолдорунун абалы жана жолдорду куруу боюнча ратификацияланган... Читать дальше...
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, окуя 19-февралда болгон. Шаардагы Ак-Тилек кичирайонунун 45 жаштагы тургуну 35 жаштагы келинчегин «500 сом акчаны кайда короттуң?» деп сабаган. Натыйжада токмок жеген келин диванга жаткан боюнча өлүп калган. Шаардык милициянын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, келиндин өлүмү тууралуу 21-февралда анын кайын журту милицияга кабарлаган: - Маркумдун денесинде бир нече жеринде токмоктон калган тактар болгон. Читать дальше...
Кыргызстандык спортчу Дастан Шаршеев 2017-жылы Казань шаарындагы TNA турниринде калыстын "утулдуң" деген чечимине макул болбой, рингден түшпөй көгөрүп туруп алганы менен көпчүлүккө таанылган. Кийинчерээк реванш-беттеште каршылашын жеңип алган.
Пакистандын премьер-министри террордук окуяларды азайтуу максатында Иран менен болгон чегараларга тосмо тосуу сунушун берди.
26-февралда Бишкектин Октябрь райондук соту саясатчылар Азимбек Бекназаровдун, Ахматбек Келдибековдун жана Кеңешбек Дүйшөбаевдин экс-президент Алмазбек Атамбаевге жана «Апрель» телеканалына каршы берген доо арызын кароону улантты. Бүгүн тараптар жарыш сөзгө чыгышмак. Бирок «Апрель» телеканалынын адвокаттары доогерлер «ар-намысыбызга шек келтирилди» деген сөздөргө лингвистикалык экспертиза жүргүзүүнү соттон өтүнүштү. Доогер тарап ага каршы чыкты. Бир нече убакыт кеңешүү бөлмөсүнө кеткен сот бул өтүнүчтү четке какты. Читать дальше...
Сауд Аравия бийлиги элчилик кызматка алгачкы жолу айымды дайындады.
Венесуэланын коопсуздук кызматы чек арадагы жаңжал учурунда чагымчылдык уюштурган колумбиялык топту кармады.
Бишкек шаарындагы перинаталдык борбордун башкы дарыгери Бурул Алмазбекованын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, ымыркайлардын абалы орто. Төртөө тең жандандыруу бөлүмүндө жатышат. Дарыгерлер алардын өмүрүн сактап калыш үчүн болушунча аракет кылып жатышат. Ымыркайлардын энеси Нурайымдын абалы жакшы. 25-февралда таңга жуук Бишкек шаарындагы №4 төрөт үйүндө 28 жаштагы эне төрт эм: бир кыз, үч уул бала төрөгөн. Эркек баланын салмагы 1 килограмм 700 грамм, бир кызы 1 килограмм 470 грамм жана калган эки... Читать дальше...
Жаңыдан күчүнө кирген кодекстердеги мүчүлүштүктөрдү оңдоп, шайкеш келтирүү үчүн 200дөн ашуун мыйзамдарга жана 600дөн ашуун укуктук-ченемдик актыларга өзгөртүүлөр киргизилип жатканы белгилүү болду.
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети 26-февралда жыйын өткөрүп, анын жыйынтыгында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин кызматтык жоопкерчилигин кароону өкмөткө сунуш кылды. Мындан тышкары министрге кымбат баалуу жол тандабас сатылып алынышынын мыйзамдык жагын текшерүү Башкы прокуратурага тапшырылды. Комитет баасы 82 миң доллар турган бул жол тандабасты сатып, ордуна «Тез жардам» унааларын сатып алууну да өкмөткө тапшырды. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган комитеттин мүчөсү Абдывахап Нурбаев кабарлады... Читать дальше...
Учурда өлкөдө жол салуу боюнча 13 долбоор ишке ашып жатат. Анын ичинен төрт долбоор боюнча иштер түрдүү себептер менен артта калууда. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 26-февралда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, Түндүк-Түштүк алтернативалуу жолундагы, Бишкек - Кара-Балта, Ош - Баткен - Исфана, Исфана - Кайрагач жолдорундагы курулуштар белгиленген мөөнөттөн артта калып жатат. Кубатбек... Читать дальше...
Сейсмология институтунун маалыматына караганда, силкинүү 25-февралда саат 17:21де Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен жеринде болгон. Очогунда күчү 3 баллды түздү. Ала эми танапташ жайгашкан Кара-Киндик жана Бор-Дөбө айылдарында 2 балл болгон.