21-февралда Ташкентте Өзбекстандын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Баходыр Дехканов кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү daryo.uz жана uzmetronom.com интернет-басылмалары өз булактарына таянып жазып чыгышты. Gazeta.uz сайтынын маалыматына караганда, Баходыр Дехканов 21-февралда күндүн экинчи жарымында өзүнүн иш бөлмөсүндө кармалган. 18-февралда Centre1.com порталы Баходыр Дехканов 15-февралда кызматынан алынганын билдирген. 2017-жылы майда Баходыр Дехканов Олий Мажлистин токтому менен... Читать дальше...
"The Insider" басылмасы менен "Bellingcat" иликтөө тобу Орусиянын мурдагы тыңчысы Сергей Скрипал менен анын кызы Юлияга кол салууга шек саналган үчүнчү адамдын өмүр баянын жарыялашты. Анда Орусиянын аскердик чалгын кызматкери деп айтылып жаткан Денис Сергеев (тыңчы катары алып жүргөн ысымы Сергей Федотов) тууралуу жазылган. Журналисттердин маалыматына караганда, Сергеев Казакстандын Алматы облусундагы Ушарал шаарында чоңойгон. 1990-жылы Екатеринбургдагы аскердик окуу жайды аяктап, карьерасын Орусиянын Аба-десанттык күчтөрүндө уланткан. Читать дальше...
Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматы (УКК) алты жылдан бери үч баласы менен террорчулардын катарында жашап жүргөн Холбиби Кучирова аттуу аялды Түркиядан алып келди. Бул тууралуу УзА маалымат агенттиги кабарлады. Холбиби Кучированын айтымында, ал 2013-жылы үй-бүлөсү менен Стамбулга барып, ал жерден күйөөсү «Ислам мамлекети» террордук тобунун катарына кошулуп кеткен. "Балдарым менен Стамбулда ижарага батир алып жашап жүрдүм. Алардын эч кандай документи жок болчу. Өзбекстанга келгим келген, бирок мүмкүнчүлүк болбоду. Читать дальше...
Жаштар арасында аскердик кызматтын кадыр-баркы өсүп жатат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун Мекен коргоочуларынын күнүнө карата жолдогон куттуктоосунда айтылат. Мамлекет башчы Мекенди коргоо — Кыргызстандын ар бир жаранынын ыйык парзы экенин белгилеген. “Өмүрүн Мекенге кызмат кылууга арнаган каармандарыбызды урматтайбыз. Мекенди коргоочуларга — өсүп келе жаткан жаштарыбызга зор үмүт артабыз. Аскер кызматы дайыма мамлекеттин тиреги жана ата-бабаларыбыздын мыкты салттарын улап кетүүнүн жакшы көрүнүшү болуп келген. Читать дальше...
Кошмо Штаттардын Канададагы элчиси Келли Крафт АКШнын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү болуп дайындалат. Бул тууралуу президент Дональд Трамп жума күнү жарыялады. АКШнын БУУдагы азыркы өкүлү Никки Хейли бул кызматтан кетерин өткөн жылдын соңунда жарыялаган. Ал президент Дональд Трамптын карама-каршылыктуу тышкы саясатын ишке ашыруучу негизги аткаминерлердин бири эле. Коопсуздук кеңешинин отурумдарында, БУУнун алкагындагы башка жыйындарда Хейли Жакынкы Чыгыштагы туруксуз абалдын булагы катары Иранды такай айыптап турду. Читать дальше...
Венесуэла менен Бразилиянын чек арасында алгачкы жолу кан төгүлгөн окуя катталды. Маалыматка караганда, жума күнү чек арага жакын Кумаракапаи айылын Венесуэланын аскерлери курчап алган. Оппозиция чек араны жабууга каршы аскердик автоколоннанын жолун торогонун Reuter агенттиги жазды. Жоокерлер гуманитардык жардамдын киришине каршы болуп, ок чыгарып, 12 киши жараат алды. 42 жаштагы аял окко учуп, күйөөсүнүн абалы оор экени кабарланды. Окуядан кийин үч аскердин дайыны чыкпай калган, айрым маалыматтарга караганда аларды уурдап кетишкен. Читать дальше...
23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө карата Бишкектин "Ак-Кула" ат майданында көкбөрү оюну өтүп жатат. Оюнду парламенттин төрагасы Дастан Жумабеков ачты. Бул ирет өкмөт мүчөлөрү менен депутаттардан куралган командалар улак тартып жатышат. Жалпысынан төрт команда катышкан оюнда журналисттерден, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен да түзүлгөн командалар катышууда. Учурда өкмөт өкүлдөрү менен спорт агенттигинен куралган командалар беттешип жатат. Азырынча эсеп 2:2. Мелдешти өткөрүү демилгесин депутат Канатбек Исаев көтөрүп... Читать дальше...
21-февралдын кечинде Казакстандын саясий айдыңы тездик менен өзгөрдү. Алгач президент Нурсултан Назарбаев "өкмөт кызматтан кетиши керек" деп кайрылуу жасады. Бир нече саат өтпөй министрлер кабинетинин отставкасын кабыл алды. Өлкөгө эми кандай өкмөт керек?
Чыгаша алып келген жетекчилердин “кара тизмесин” түзүү сунушу мамлекеттик баланста турган Ысык-Көл облусундагы пансионаттардын иши тууралуу өткөн кеңешмеде айтылды. Вице-премьер-министри Замирбек Аскаров чыгаша тарткан пансионаттардын жетекчилерин жоопко тартуу зарылдыгын белгиледи. “Эгерде үч-төрт жыл киреше көрсөткүчтөрүн салыштырсак, 2017-жылы бул көрсөткүч кыйла төмөн болгон, буга байланыштуу алардын жетекчилери ээлеген кызматынан алынган. Ал эми 2018-жылы айрымдары оң, бирок дагы эле минималдуу көрсөткүч менен чыккан. Читать дальше...
Өкмөттүн командасынын курамында Ош, Жалал-Абад облустарынын башчылары, министрлер, ИИМдин орун басарлары жана муфтий бар.
“Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылынын алкагында алдыдагы төрт жылда 250гө жакын иш-чараны жүзөгө ашыруу пландалууда. Анын ичинен 2019-жылы 94 иш-чараны аткаруу керек, алардын 43ү инфраструктуралык долбоорлор болуп саналат. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев билдирди. Анын “Азаттык” радиосуна айтымында, мамлекеттик дата-борбор түзүлөт. - 2019-жылы аткарыла турган 94 иш-чара бар. Алардын жарымы техникалык, жарымы укуктук актылар. Читать дальше...
Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) жаңылана баштаганын жарыялады. Мунун алдында КСДП төрагасы Алмазбек Атамбаев партиялык ишмердүүлүккө байланыштуу жети комитет жана бир кеңеш түзүү тууралуу жобону бекиткен.
Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков 22-февралда Үрүмчү шаарында Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономдуу районунун Элдик өкмөтүнүн төрагасы Шохрат Закир менен жолукту. Жолугушууга Кызыл-Суу кыргыз автономдуу облусунун губернатору Дилшат Кыдыркан дагы катышты. Анда кыргыз-кытай аймактык, чек ара, инвестициялык кызматташтык маселеси талкууланды. Кыргызстандын азык-түлүктөрүн Кытайга сатуу, эки тараптуу сооданы илгерилетүү боюнча сөз болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Читать дальше...
24-февралда Москва шаарындагы ипподромдо көк бөрү оюну өтөт. Оюнду кыргызстандык мигрант Нурбек Курманалиев уюштурган. Москвалыктарга улуттук оюнду Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Талас облустарынын командалары көрсөтөт. Нурбек Курманалиев февралда Кыргызстандан Москвага 18 ат алып келип, аттарды Раменский айылында багып жүргөн. 2018-жылдын июль айында Москва облусундагы Сергиев Посад шаарында өткөн Евразия фестивалында да кыргыз улуттук оюнун көрсөткөн. Москвада кыргыз диаспорасында облус-райондор... Читать дальше...