Кыргызстандын Көкбөрү курама командасындагы аттардын өзгөчөлүктөрү жана баалары кандай? Улакчылардын жакындары ары кызыктуу, ары кооптуу көкбөрү оюну боюнча кандай пикирде? Бул спортту дүйнөгө даңазалоо үчүн кандай иш-аракеттер көрүлүүдө? "Азаттык+" бул берүүсүн эрендердин эр оюну көкбөрүгө арнады.
Орусиянын "Газпром нефть" компаниясынын жана "Зенит" футбол клубунун директорлор кеңешинин төрагасы Александр Дюков Орусиянын футбол союзунун президенти болуп дайындалды. Тиешелүү чечим Орусия футбол союзунун жыйынында кабыл алынганын уюмдун расмий сайты кабарлады. Дюков жалгыз талапкер болгондуктан, аны бардыгы бир добуштан колдоп беришкен. Александр Дюков бул кызматка орус спортундагы кызытма чыры жана Орусиянын Футбол боюнча дүйнө чемпиондугун өткөрүүгө камылгасына байланыштуу сындар айтылып... Читать дальше...
«Бишкектеги башталгыч түрк мектебинин жетекчиси балдарга жыныстык ыдык көрсөткөн» деген арыз боюнча иш Ички иштер министрлигинде каралууда. Түрк элчилиги бул иш боюнча мектеп жетекчилиги толугу менен кызматтан алынып, Түркия тараптан да текшерүү болуп жатканын кабарлады. Мектептеги башка окуучулардын ата-энелери бул мектеп жетекчисине нааразы болгон бир гана ата-эненин жөнсүз каралоосу деп эсептешүүдө.
Чолпон-Атадагы ат майданды куруу боюнча камалган ишкер Эркинбек Мергенбаев өлкө жетекчилигине кайрылды.
Орусия 22-февралда АКШны легитимдүүлүгү талаш жараткан президент Николас Мадурого каршы туруу үчүн Венесуэлага гуманитардык жардам деген шылтоо менен аскердик кийлигишүүгө аракет кылып жатат деп айыптады. Орус Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова "Вашингтондун кооптуу чагымы 23-февралга белгиленген" деп билдирди. Анын айтымында, АКШ, бир катар Батыш жана Латын Америка мамлекеттери убактылуу президент катары тааныган Венесуэланын Улуттук Ассамблеясынын жетекчиси, оппозиция... Читать дальше...
«Бишкектеги башталгыч түрк мектебинин жетекчиси балдарга жыныстык ыдык көрсөткөн» деген арыз боюнча иш Ички иштер министрлигинде каралууда.
Молдовада парламенттик шайлоого саналуу күн калганда оппозициянын эки лидери ууландырылганын айтып чыкты. Президент Нурсултан Назарбаевдин сынынан кийин казак өкмөтү кызматтан кетти.
Молдовада бийликтеги партия оппозициянын эки лидеринин ууландыруу тууралуу билдирүүсүн четке какты. Бийликтеги Демократиялык партиянын басма сөз өкүлү Виталий Гамурарь оппозиционерлердин 22-февралда айткандарын "ойдон чыгарылган" деп баалады: - Тилекке каршы, шайлоо өнөктүгү кээде акылга сыйбагандай деңгээлде чектен чыгып кетип жатат. Соңку бир канча күндө түшүнүксүз дооматтар айтылууда. Алар барган сайын фантастикага окшошуп баратат. Молдовадагы ACUM саясий блогунун башчылары Майя Санду жана Андрей Нэстасе бейшембиде... Читать дальше...
Электр энергиясына карызы үчүн жарыгы өчүрүлгөн үйдүн тургундары жылынуу максатында мискейге от жагып, уктап калышкан. Натыйжада жетинчи класста окуган кыз апасы экөө каза таап, дагы эки бир тууган ооруканага жеткирилген. Бүгүнкү күндө беш жаштагы кыздын абалы дагы эле оор.
Быйылкы чемпионаттын саамалыгы турнирге франциялык кыз-келиндерден турган команданын катышуусу болду.
Башкы прокуратура Бишкек шаардык сотунун жана Жогорку соттун судьяларына кылмыш ишин козгоду.
Караколдо лыжа базасына агылган туристтердин саны арбын. Азыр эс алуучулар лыжа, сноуборд тебүү менен гана чектелбестен, кышкы спорттун башка да түрлөрүн үйрөнүп, чер жазып жатышат.
Жети-Өгүз районунун кошмо жыйынынын төрагалары Жогорку Кеңештин депутаттары жана биринчи вице-премьер-министр менен жолугуп, райондун көйгөйлүү маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу "Азаттыкка" кошмо жыйындын төрагасы Алишер Нурбек уулу кабарлады. Кошмо жыйындын депутаттары райондун ичиндеги жерлерди трансформациялоо маселесин ортого салып, мектептерди, бала бакчаларды жана маданият үйүн куруу жөнүндө кеп курушту. Жолугушууда көп айылдарда таза суу маселеси дагы эле чечилбей келгени айтылды. Транспорт... Читать дальше...
Кыргыз гидрометеорология агенттиги билдиргендей, 23-февралда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз 3…8; Суусамырда түнкүсүн -28…-33, күндүз -10…-15; Таласта түнкүсүн -5…-10, күндүз 3…8; Баткенде түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8; Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8; Ысык-Көлдө түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…5; Нарын облусунда түнкүсүн -20…-25... Читать дальше...
Молдовада парламенттик шайлоого саналуу күн калганда оппозициянын эки лидери ууландырылганын айтып чыкты. Алар "бизди өлтүргүсү келет" деп бийликти айыпташты. Молдованын бийликтеги партиясы оппозиционерлердин билдирүүсүн дароо четке какты.
Бишкек шаарынын мурдагы мэри, саясатчы Нариман Түлеев экс-президент Алмазбек Атамбаев андан президент Сооронбай Жээнбеков менен элдештирүүнү өтүнгөнүн өзүнүн "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. "Мен Сооронбай Жээнбеков менен тааныш эмесмин, мен аны менен кол алышып да көрбөгөм, бирок ал достук менен мамлекеттик кызыкчылыктын ортосунда калганда экинчисин тандап алгандыгы үчүн колун кысмакмын. Алмаз менден элдештирүүгө жардам беришимди өтүнгөн. Анын көзүндө өтүнүч эмес, жалдыроо көрүнүп турган. Бирок мындай өтүнүчтө эч кандай логика жок болчу... Читать дальше...
Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) жаңылана баштаганын жарыялады. Мунун алдында КСДПнын төрагасы Алмазбек Атамбаев партиялык ишмердүүлүккө байланыштуу жети комитет жана бир кеңеш түзүү тууралуу жобону бекиткен.
“Аль-Каида” террордук уюмуна жакын болгон медиа активисттери Пакистан Сириянын Идлиб провинциясынын түндүк тарабындагы террордук топтор үстөмдүк кылган аймактагы курулуш долбоорлоруна катышып жаткандыгын далилдеген сүрөттөрдү жарыялады.
24-февралда Лос-Анжелесте Киноиндустриясынын абройлуу Оскар сыйлыгы тапшырылат.
Москвада сот тыңчылык боюнча айыпталып жаткан америкалык жаран Пол Уиландын камак мөөнөтүн узартты. 22-февралда Москванын Лефортов райондук соту Пол Уиландын адвокатынын аны үй камагына чыгаруу боюнча өтүнүчүн четке кагып, америкалык жаранды 28-майга чейин камакта калтырды. Адвокат Владимир Жеребенковдун айтканына караганда, Федералдык коопсуздук кызматы Пол Уиландын ишин тергөөнү 28-майга чейин узарткан жана соттон да аны ушул күнгө чейин камакта калтырууну өтүнгөн. АКШнын жарандыгынан тышкары Ирландия... Читать дальше...
АКШ, бир катар Батыш жана Латын Америка мамлекеттери убактылуу президент катары тааныган Венесуэланын Улуттук Ассамблеясынын жетекчиси, оппозиция лидери Хуан Гуайдо өлкөгө гуманитардык жардамдын киришине уруксат берүү боюнча биринчи жарлыгына кол койду. Документти Гуайдо "Twitter" баракчасына жайгаштырды. Ушул жарлык менен Гуайдо легитимдүүлүгү талаш жараткан президент Николас Мадуронун Бразилия, ошондой эле Нидерландыга караган Аруба, Күрасао жана Бонайре аралдары менен чек араны жабуу жөнүндөгү буйругун жокко чыгарды. Читать дальше...
Кышы узак жана суук Нарын өрөөнүндө бирин-экин конок үйдү эске албаганда хостел бизнеси жакшы калыптана элек. Бирок кышкы туризмди өнүктүргүсү келген ишкерлер Нарында жок эмес. Исабек Абдыгазиев карагай-черлүү тоого жакын конок үй салып, жайдыр-кыштыр меймандарды күтүп алат.
Кыргызстандын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) баш катчысы Дүйсен Касеинов менен жолугушуп, 2019-жылы Ош шаары түрк тилдүү мамлекеттердин маданий борбору катары жарыяланышынын алкагындагы иш-чараларды өткөрүүгө даярдыгын талкуулады. Мындай чечим 2019-жылы Түркиянын Кастамону шаарында 2018-жылдын 18-декабрында өткөн ТҮРКСОЙдун курамындагы өлкөлөрдүн маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин 36-жыйынында кабыл алынган. Кыргызстандын шаары түрк... Читать дальше...
Венгрияда калктын санын көбөйтүүгө багытталган “үч бала, үч бөлмө жана төрт дөңгөлөк” деген өкмөттүк өнөктүк башталды. Өткөн аптада премьер-министр Виктор Орбан үч же төрт балалуу үй-бүлөлөргө жеңилдетилген насыя жана жогорулатылган жөлөкпул берилерин айткан. Бул мамлекетте калктын саны 1980-жылдардан тартып 1 миллионго кемип, учурда 9 миллион 700 миңдин тегерегинде. Өкмөттүк программа бала баккан чоң энелер менен таенелерге декреттик өргүү алууга, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарын бала бакчалардын... Читать дальше...
Түркиянын прокуратурасы АКШда бозгунда жүргөн диниятчы Фетхуллах Гүлендин уюмуна тиешеси бар деген айып менен 295 аскер кызматкерин камакка алууну тапшырды. 22-февралда жарыяланган билдирүүдө кармалгандардын арасында үч полковник, сегиз майор жана 10 лейтенант бар экени айтылат. Шектүүлөрдүн Гүлендин адамдары менен телефондук сүйлөшүүлөрү иликтенгенден кийин полиция бир эле убакытта бир нече аймакта рейд жүргүзгөнү кабарланды. Анкара Фетхуллах Гүленди 2016-жылдын 15-июлунда ишке ашпай калган... Читать дальше...