Ооганстанда саясатчылар, уруулардын, улуттук азчылыктардын башчылары жана дин өкүлдөрү "Талибан" кыймылы менен тынчтык сүйлөшүүлөрдү талкуулайт. Бул тууралуу ооган президенти Ашраф Ганинин атайын өкүлү Омар Даудзай 20-февралда Кабулда Ооганстандагы адам укуктары боюнча көз карандысыз комиссия уюштурган иш-чарада билдирди. Анын айтымында, Лоя жырга деген аталыш менен белгилүү курултай 17-марттан 20-мартка чейин өтүп, эгер талкуу уланса иш-чаранын мөөнөтү узартылат. Ооган саясатчыларынын көпчүлүгү... Читать дальше...
Башкы прокуратура массалык маалымат каражаттарындагы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жана анын жакындарынын Кыргызстанга келиши мүмкүндүгү тууралуу кабарлар боюнча билдирүү таратты. Көзөмөл мекемеси мурда козголгон кылмыш иштеринин алкагында 2010-жылы 7-апрелдеги окуялардагы адам өлтүрүү, коррупция жана мүлктү басып алуу фактылары боюнча Бакиевдерге карата сот өкүмдөрү чыкканын эскертет. Билдирүүдө буга улай учурда Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн башка фактылар боюнча коррупциялык ишмердүүлүгү боюнча териштирүү жүрүп жатканын... Читать дальше...
Европа биримдиги Румыния өкмөтүнөн сот системасын өзгөртүү боюнча аракеттерге түшүндүрмө сурады. Еврокомиссиянын өкүлү Маргаритис Скинас 20-февралда Брюсселдеги брифингде уюм Румынияда сот мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө байланышкан акыркы окуяларга тынчсыздануу менен байкоо салып жатканын билдирди. Анын айтымында, Румыния реформаны тез арада калыбына келтирип, коррупция менен күрөштөгү прогресске жолтоо боло турган кадамдардан оолак болууга тийиш. Румыния учурда алты айлык мөөнөттө Евробиримдик төрагалык кылууда. Читать дальше...
Бишкек шаарынын Туңгуч кичирайонунда алтынчы кабаттын терезесинен секирген кызды милиция кызматкерлери куткарып калды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады. Анда айтылгандай, 20-февралда күндүз саат 14:00 чамасында Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө телефон чалышып, белгисиз бирөө суицид кылганы жатканын кабарлашкан. Айтылган дарекке барган милиция кызматкерлери үйүнүн терезесине чыгып, секирүүгө камынып жаткан кызды көрүшкөн. Үйдүн эшиги бек болгон, сүйлөшүүдөн жана кыйкырыктан майнап чыккан эмес. Читать дальше...
Кыргыз армиясы зордук-зомбулук, чоңсунуу өңдүү уставга жат көрүнүштөрдөн, жоокер өлүмү менен аяктаган каргашадан арыла элек. "Ыңгайсыз суроолор" телеберүүсүнүн бул чыгарылышы кордолгон жоокерлердин тагдыр-таржымалына арналды.
Америкалык “The Washington Post” басылмасы Тажикстандын аймагында Кытайдын жашыруун чек ара бекети жайгашканын жазды. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган өлкөсүндөгү азык-түлүктүн кымбатташына ортомчуларды айыптап, аларды террорчуларга теңеди.Орусиянын президенти Владимир Путин Москва АКШнын курал-жарагын жайгаштырган өлкөнү гана эмес, Американын өзүн да бутага алышы мүмкүн деп эскертти.
Европанын демократиялык институттарына 2018-жылдын сентябрь-декабрь айларында хакердик чабуул болду. Андан Тышкы саясат боюнча немис коомчулугунун жүздөн ашык кызматкери менен Аспен институту, Маршалл фондунун европалык кеңселеринин өкүлдөрү жапа чекти. Бул тууралуу "Microsoft" компаниясынын Европарламентке шайлоону утурлай киберкоопсуздукту күчөтүүгө арналган шаршембидеги маалыматында айтылат. Аталган компаниянын билдирүүсүндө, бул чабуулдардын артында Орусиянын өкмөтү менен байланышы бардыгы... Читать дальше...
20-февралда, Баткен облусунун Кадамжай районунун Өтүкчү айылында жайгашкан “Факел” чек ара заставасынын жаңы курулган имараты ачылды. Ачылыш аземине президент Сооронбай Жээнбеков катышты. Президенттик аппарат билдиргендей, мамлекет башчы чек арачылардын ишин жогору баалап, аларга татыктуу шарт түзүп бериш үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдүн баарын жумшап жатканын билдирди. Ал бир катар чек ара инфраструктусы жана объектилер, алардын арасында заставалар, посттор жана имараттар курулганын белгиледи. Салтанатка Орусиянын өкүлдөрү да катышты. Читать дальше...
Бүгүн, 20-февралда Ош шаарындагы Акбар Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондо “Алай” командасы Түркмөнстандын вице-чемпиону “Ахал” клубун кабыл алды. Оштун мэриясы кабарлагандай, бул мелдеш 2019-АФК кубогунун тайпалык баскычына тандоо турунун алкагында өткөрүлдү. Мелдештин 20-мүнөтүндө “Ахал” командасынын оюнчулары гол киргизип, 0:1 эсебинде алдыга чыгышты. Андан ары “Алай” командасынын оюнчусу Элдияр Сардарбеков беттештин 36-мүнөтүндө коноктордун дарбазасына гол киргизип, эсепти теңеди. Арадан... Читать дальше...
Жалал-Абад шаарында үйүнөн кишенделген абалда качып чыгып, көчөдө жардам сураган окуучу кыз реабилитациялык борборго жаткырылды.
Консерваторлордун катарындагы үч аял депутат Брекзит маселесине байланышкан пикир келишпестиктерден улам партиядан чыгып жатканын жарыялашты. Эми алар парламенттеги өткөн аптада алдыңкы оппозициялык партиядан бир нече лейборист чыгып кеткенден кийин түзүлгөн Өз алдынча топтун катарына кошулат. Ушу тапта Өз алдынча топто 11 депутат бар. Анын сегизи мурдагы лейбористтер, үчөө мурдагы консерваторлор. Бул депутаттарды "катаал Брекзитке" каршылык көрсөтүү бириктирип жатат. Алар "маселенин алдын алыш үчүн премьер-министр Тереза Мэй да... Читать дальше...
20-февралда Талас районунун Кара-Суу айылында иске ууланып 7-класстын окуучусу апасы экөө каза тапты. Бул тууралуу аталган айылдын тургандары билдиришти. Дагы эки өспүрүм ооруканада жатат. Дарыгерлер билдиргендей, 5 жана 13 жаштагы балдардын абалы оор. Баштапкы маалыматтарга караганда, үй-бүлө мүчөлөрү мештен чыккан түтүнгө ууланып калган. Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы милиция окуя боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатканын билдирди. Буга чейин, 11-февралда... Читать дальше...
«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында аныкталган жол эрежелерин бузуу үчүн эсептелген айыппулдарды белгилөө жана пайдалануу тартиби бекитилди. Тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Өкмөттүн аппараты кабарлагандай, айыппулдарды топтош үчүн Финансы министрлигинде атайын эсеп ачылды. Түшкөн каражаттарды каттоо автоматтык режимде «Коопсуз шаар» автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлөт. Финансы министрлиги тиешелүү каражаттарды биринчи кезекте Маалымат... Читать дальше...
Венесуэлада жарандык активисттердин айтымында, жыл башынан берки акцияларда өлгөндөрдүн саны кырктан ашты. Анын көбү укук коргоо органдарынын колунан ажал тапкан.
Турсунали Рустамов 1990-жылы, Тажикстандын Худжанд облусунун Пролетарский районунда туулган. 1993-жылы ата-энеси менен Бишкектеги Кара-Балта шаарына көчүп келишкен. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы. Учурда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын жарым коргоочусу.
“Фейсбукка” мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакуновго байланыштуу видео жарыяланды.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов Ирандын жана Түркиянын Кыргызстандагы элчилери Али Можтаба менен Женгиз Камил Фыратты кабыл алды. 20-февралдагы жолугушууда Кыргызстанда диний билим берүү багытындагы долбоорлорду уюштуруу, дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүргүзүү, конфессия аралык мамилелерди жакшыртуу, радикализмдин жана экстремизмдин алдын алуу боюнча иш-чараларды чогуу өткөрүү маселелери талкууланды. Дин комиссиясынын басма сөз кызматы билдиргендей... Читать дальше...
Бишкектеги “Оргтехстрой” курулуш компаниясынын Лев Толстой көчөсүндөгү курулган турак жайдан батир алгандар имараттын толук бүтпөй жатканына нааразы. Имаратка газ кире элек. Лифт, автоунаа токтотуучу жай жок. Компания бул үйдүн жашоочуларынын көйгөйү жакынкы күндөрү чечилет деп убада берип келет.
Түрк өкмөтү инфляцияны ооздуктоо үчүн жашылча-жемишти арзан сата баштады. Сынчылар бийлик жергиликтүү шайлоо алдында мындай убактылуу чара менен электораттын көңүлүн алууну көздөйт дешет.
Ош облусунда куткаруучулар кудукка түшүп кеткен адамды аман-эсен алып чыгышты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, окуя бүгүн 20-февралда Алайдын Гүлчө айылынын Бубаев көчөсүндөгү турак үйдүн короосунда болгон. 40 жаштагы жергиликтүү тургун кудук казып жатып төрт метр тереңдикке түшүп кетип, үстүн шагыл басып калган. Кырсык болгон жерге беш куткаруучу жана фельдшер барган. (RK)
Орусиянын президенти Владимир Путин Федералдык Кеңеште жасаган жылдык кайрылуусунда эл аралык маселелерге да токтолду. Ал "АКШ орто жана кыска аралыкка учкан ракеталарга тыюу салган келишимден чыгып кетсе, Орусия ракеталык системасын кеңейтип, Американы жана анын союздаштарын бутага алышы мүмкүнбү?" деген суроого жооп берди. “Адегенде АКШ биздин курал системабыздын канча аралыкка учарын жана ылдамдыгын эсептеп чыксын. Анан биздин дарегибизге айтылып жаткан опуза боюнча чечим кабыл алсын”, – деди Путин. Читать дальше...
Орусиянын президенти Владимир Путин Федералдык кеңеште жылдык кайрылуусун жасап жатат. Ал сөзүнүн биринчи саатында жалпысынан өлкөдөгү социалдык маселелерге токтолду. Анын айтымында, орус жарандары үстүбүздөгү жылы “жашоонун жакшы жакка өзгөргөнүн сезет”. Ал үчүн мамлекетте улуттук долбоорлор ишке ашат жана ага бир топ каражат топтолду. Путин белгилегендей, мамлекеттин башкы милдети - үй-бүлөнү жана төрөттү колдоо. Көп балалуу үй-бүлөлөргө жаңы жеңилдиктер берилет, анын ичинде мамлекет ипотекалык насыяны кайра төлөөгө көмөктөшөт. Читать дальше...
Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган сүрөттөрдүн көргөзмөсү ачылды. Ага "Евразия" чыгармачыл инсандардын Гильдиясынын Британия, Казакстан, Орусия жана Кыргызстандагы мүчө сүрөтчү-айкелчилери өз эмгектерин койду.
Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСине байланыштуу Өзбекстанга атайын делегация жөнөткөнү жатат.
Париждин борборуна чогулгандар “Жетишет!” деген ураан чакырып, жөөттөргө каршы кийинки убакта күчөгөн кылмыштарды токтотууга чакырышты. Ири акцияга республиканын мурдагы эки президенти Франсуа Олланд менен Николя Саркози, оңчулдардын “Улуттук фронт” кыймылынын башчысы Марин Ле Пен жана башка бардык саясий партиялардын башчылары катышты. - Антисемитизм - бул өлкөгө жасалган кол салуу. Ушул коркунучтун алдында биз өз баалуулуктарыбызды коргоп, бирдиктүү болуу баарынан маанилүү. Биз саясий көз караштарыбызга... Читать дальше...