Орусия Норвегиянын аскердик аракеттери боюнча эскертүү жасады. Бул тууралуу IRINN агенттиги маалымдады.
2018-жылкы ички дүң өнүмүнүн өсүшү боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнөн Кыргызстан эң акыркы орунда турат. Борбор Азия өлкөлөрү өздөрү жарыялаган расмий маалыматтарына ылайык Тажикстандын ИДПсы өткөн жылы 7,3 пайызга өсүп, аны сап башына чыгарган. Түркмөнстанда 6,2 пайыз өсүш байкалса, бул көрсөткүч Өзбекстанда 5,1 пайызды түзгөн. Коңшу Казакстандын ички дүң продукциясы 2018-жылы 4,1 пайызга көтөрүлгөн, ал эми Кыргызстандагы өсүш болгону 3,5 пайызды түзгөн. 7-февралда Финансы министрлигинин бюджетти... Читать дальше...
Испаниянын түндүк-чыгышындагы Каталония аймагында жүргүнчүлөрдү салган эки поезд кагылышып, кеминде бир киши каза болуп, ондогону жаракат алды.
Бүгүн, 9-февралда Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын президентин шайлоо өтүп жатат. Федерациянын президенти кезексиз конференцияда шайланат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Оштогу футбол академиясынын өкүлү Азамат Алымкулов кабарлады. Учурда президенттикке талапкер катары беш киши каралууда. Алардын арасында кыргызстандык рефери Бахадыр Кочкаров, футбол федерациясынын башкы катчысы Медер Сыдыков, ишкер Аскар Салымбеков бар. Андан тышкары өз талапкерлигин Дастан Конокбаев, Алмаз Чокморов жана Канатбек Маматов койгон. Читать дальше...
Мамлекеттик чек ара кызматынын Талас облусундагы аскер бөлүгүндө ур-токмоктон улам сол көзүнөн ажыраган жоокер боюнча бир аскер кызматкери 8-февралда камакка алынды.
Кыргыз улуттук жазуучулар союзуна жаңы төрага болуп, акын Нурлан Калыбеков шайланды. Союзду буга чейин жетектеп келген Кыргыз эл акыны Акбар Рыскулов мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу өзүнүн кызмат орунун өткөрүп берди. Жыйында төрагалык орунга төрт талапкер көрсөтүлүп, алардын экөө талапкерликтен баш тартты. Экинчи талапкер, Жазуучулар союзунун төрага орун басары Тынчтыкбек Нурманбетов жетиштүү добуш топтой алган жок.
Чемпионат кызматкерлердин дене тарбия даярдыгын бекемдөө үчүн, ошондой эле Ата Мекенди коргоо күнүнүн урматына уюштурулат.
2017-жылы Канаданын Квебек шаарында мечиттеги алты кишини өлтүргөн канадалык жаран 40 жылга кесилди. Бул тууралуу Рейтер маалымат агенттиги кабарлады. Сот 29 жаштагы Александр Биссоннеттке өкүмүн окуп жатып, ал "мигрант мусулмандарды жек көрөрүн" айтканын эскерди: - Сиз алты кишинин өмүрүн алар болгону сизден айырмаланып тургандыгы үчүн кыйдыңыз. Сиздин жек көрүүңүз жана расисттик мамилеңиз алардын өмүрүнө, сиздин жана жакындарыңыздын тагдырына балта чапты. Сиз кылган кылмыш эң жогорку айыптоого татыктуу, - деди сот Франсис Хот. Читать дальше...
Украинадагы эки абройлуу социологиялык кызмат өткөн жумада изилдөөлөрүнүн жыйынтыгын жарыялап, президенттикке ат салышууда куудул Владимир Зеленский Петро Порошенкону менен Юлия Тимошенкодон озуп чыкканын жырыялады. Президенттик шайлоого катышарын Зеленский 2018-жылы 31-декабрда билдирген. Анда ал президенттин кайрылуусунун видео түрүндө даярдаган. Орусияда Владимир Зеленский "95-квартал" деп аталган стендаптын негиздөөчүсү жана башка бир катар телесериалдардын продюсери катары белгилүү. ... Читать дальше...
Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында милиция кызматкери тарабынан да, прокуратура кызматкерлери тарабынан да мыйзамсыз иш-аракеттер орун алганы аныкталган. Бул тууралуу маалымат Башкы прокуратуранын расмий сайтына жарыяланды. 2018-жылы 23-декабрда Балыкчы шаарында шаардык прокуратура кызматкерлери жол күзөт кызматынын кызматкери менен мушташып, милициянын сержанты шаардык ооруканага жаткырылган. Окуя болгон күнү Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренесине ("Кызматтык укуктарынан аша чабуу") ылайык кылмыш иши козголгон. Читать дальше...
Иш-чара 1-3-март күндөрү болот.