Нидерландыда мурда мусулмандарга каршы маанайы менен белгилүү, ультраулутчул саясатчы Йорам ван Клаверен ислам динин кабыл алды. "Euronews" телеканалы 5-февралда билдиргендей, ал 2010-2014-жылдары улутчулдардын "Азаттык партиясына" мүчө болгон. Ал саясатчы катары дайыма мусулмандарды жана ислам динин кескин сындап жүргөн. Ал бир канча жолу "Ислам - жалган дин", "Куран бул - уу" деп сүйлөгөн. Маалыматтарга караганда, ал ислам дини тууралуу китеп жаза баштаган. Ал "китеп жазуунун жүрүшүндө өзүнө көп ачылыштарды жасаганын... Читать дальше...
Бишкек шаарында Чоң Чүй каналынын боюнан ара төрөлгөн ымыркайдын сөөгү табылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Мира Абдылдаева билдирди. Анын айтымында, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Чүрпөнүн энеси изделип жатат. Факт Свердлов райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Тергөө иштери уланууда. (ErN)
Жогорку Кеңеш Кыргызстандагы жеке менчик клиникаларга адам органдарын алмаштырууга уруксат берүүнү караган мыйзамдын макулдашылган долбоорун иштеп чыгууга киришти.
Кыргызстанда канткенде "биз" жана "башкалар" деп коомду экиге бөлгөн диний фанатизмди токтотууга болот? Түркиядагы жаш кыргыз илим изилдөөчү Гүлдана Мурзакулдун макаласы.
Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун мурдагы судьясынын (Н.Ж.) иштеп турган мезгилдеги чечими боюнча кылмыш иши ачылып, сотко чейин өндүрүшкө алынды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) билдирди. Тергөөдө аныкталгандай, мурдараак «Г.Э.» жана «ЭДС» жоопкерчилиги чектелген коомдорунун ортосунда мүлк сатуу боюнча алды-сатты келишими түзүлгөн. Ага ылайык Бишкектин Скрябин көчөсүндөгү 45-45 дарегиндеги жер тилкеси «ЭДС» фирмасына өткөрүлгөн. Читать дальше...
Машыгуунун мөөнөтү АКШ президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ындын экинчи жолугушуусунан кийин белгилүү болот. Бул тууралуу “Ренхап” басылмасы өз булагына таянып жазды. Ага ылайык, Түштүк Корея менен АКШнын биргелешкен аскердик машыгуу планы эки тараптуу саммиттен кийин жарыяланат. Сеул менен Вашингтон эки жумалык Key Resolve жана Foal Eagle деп аталган биргелешкен аскердик машыгууну март айынан апрелге чейинки аралыкта өткөрүүнү сүйлөшкөн. Эки лидердин жолугушуусу 27-28-февралда Вьетнамда өтөт. Читать дальше...
Жалал-Абад облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясы (ЖМТРК) каналдын директоруна байланыштуу айрым Интернет сайттарында чыккан макалаларга байланыштуу сотко жана Маалымат каражаттарынын үстүнөн түшкөн даттанууларды караган комиссияга кайрылат. Алар "Nazar news", "chyndyk.kg", "racurs.kg" жана "mezgil news" сайттары. ЖМТРКнын кесиптик кошуунунун төрайымы Гүлзина Мөндөеванын “Азаттык” билдиргенине караганда, 5-февралда Интернет басылмаларда "ЖМТРКнын кызматтык унаасын директор Союзбек Абдрасулов... Читать дальше...
Түрмө кызматкерлерин атайын психологиялык жактан жардам берүүчү бөлмө менен камсыз кылуу долбоору ЕККУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен ишке ашып жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдирди. Анын айтымында, мындай бөлмө жалпы өлкө боюнча алгачкы жолу, Чүйдөгү Степное айылына жайгашкан аялдар абакканасына ачылып жатат. - Психологиялык бөлмө мурда соттолгондор үчүн гана ачылган, - деди ал. - Эл аралык стандарт... Читать дальше...
Аскер бөлүктөрүндө жабыркаган жоокерлер ата-энелери менен, ошондой эле №19 абакта өзүн атып алды деген аскердин апасы 8-февралда басма сөз жыйынын өткөрүшөт. Алар президенттен Кыргызстандагы жоокерлердин коопсуздугун жеке көзөмөлүнө алууну жана жабыркаган жоокерлердин укуктарын коргоп берүүнү өтүнүшөт. Алардын укуктарын коргоп келе жаткан "Кылым шамы" өкмөттүк эмес уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулованын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, жабырланган жоокерлер жана алардын жакындары аскер прокуратурасынын ишине нааразы. Читать дальше...
Бирикменин "Төмөнтөн көз караш" деп аталган долбоору алкагында өлкөнүн үч аймагында изилдөө иштери жүрөт. Өкмөттүк жана эл аралык гранттык каражаттар аймактардагы ар бир жамааттарга, жарандарга кантип жетип жатканы, алардын социалдык абалын жакшыртууга канчалык өбөлгө түзүп жатканы жөнүндө сурамжылоо жүргүзүлөт. Эл аралык бирикменин Кыргызстандагы өнөктөшү болгон "Бир дүйнө Кыргызстан" уюмунун маалыматы боюнча, долбоор март айында Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарында ишин баштайт. Жалал-Абадда... Читать дальше...
"Орусиянын Магнитогорск шаарында өрттөлгөн унаадан табылган адамдар - кыргызстандык жарандар" деген маалымат териштирилип жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, Екатеринбург шаарындагы башкы консулдук Магнитогорск шаарынын ички иштер башкармалыгына атайын сурам жиберген. Азырынча орус укук коргоо органдарынан расмий тастыктоо келе элек. Ошондой эле өлгөн жарандардын кыргызстандык экени тууралу да маалымат келе элек. Читать дальше...
Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков Вашингтон эки тараптуу келишимдин мөөнөтү аягына чыкканга чейин анын талаптарын аткарууга тийиш экенин белгиледи. - Биринчиден, ал кургакта туруп "Tomahawk" ракеталарын учурууга колдонулуучу МК-41 жабдыгын, экинчиден баллистикалык ракеталарга мүнөздүү болгон орто жана алыс аралыкка учуучу кароол ракеталарын, үчүнчүдөн, келишимде тыюу салынган учкучсуз учактарын жок кылууга тийиш, - деди ал. Мурдараак Орусиянын Коргоо министрлиги... Читать дальше...
Конгресстеги демократтар АКШ президентинин салык декларациясын ачыкка чыгарууну талап кылышууда. 7-февраль күнү конгрессмендер президенттерди жана президенттикке талапкерлерди салык декларациясын жылына бир жолу жарыялап турууга милдеттендирүү боюнча сунушту карашты. Бейшембидеги басма сөз жыйынында спикер Ненси Пэлоси коомчулук президент Трамптын салык декларациясын көрүүгө кызыгарын билдирди: - Менимче элдин басымдуу бөлүгү президенттин салык декларациясын көргүсү келет. Алар чындыкты, фактыларды билгиси келет. Читать дальше...
Ош облус аралык балдар клиникалык ооруканасында капиталдык оңдоп-түзөө иштери былтыркы "Аймактарды өнүктүрүү жылынын” алкагында жүргүзүлдү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, оорукананын операция жасоочу бөлүмү, жандандыруу бөлүмү, сыныктар жана ортопедия, тамак-аш даярдоочу жана таштандыны жок кылуучу бөлүмдөрү оңдолду. Андан сырткары кабыл алуу бөлүмүнө кайрылган жарандар үчүн атайын күтүүчү залы кеңейтилди. Жасалган иш-чаралардын натыйжасында жогоруда аталган бөлүмдөрдө... Читать дальше...