Израилдин “Haaretz” басылмасы Тель-Авив Мьянма өкмөтүнүн рохинжа-мусулмандарына каршы геноцид жүргүзүп жаткандыгына жана эл аралык коомчулуктун бул өлкөдөгү адам укуктарынын бузулушун сынга алганына карабай дагы деле бул өлкөгө курал-жарак сатып, жылуу мамилелерди сактоону улантып жатканын маалымдады.
8-февралда Орусиянын Смоленск облустук соту кыргызстандык Чыңгыз Анарбек уулун мөөнөтүнөн мурда жазадан бошотуу жөнүндө чечим чыгарды. Бул тууралуу айыпкер өзү "Азаттыкка" билдирди. Автокырсыкка байланыштуу 2018-жылдан октябрында Москвадагы Тверь соту Анарбек уулун 1,5 жылдык коомдук жумушка жана 500 миң рубль айыппул төлөөгө милдеттендирген. Ал ошондон кийин Смоленскидеги түзөтүү борборунда жашап, нан чыгаруучу заводдо иштеп жаткан. - Бул жактын мыйзамы боюнча дагы он күн кармайт экен. Ошондуктан... Читать дальше...
Жогорку сот райондук соттун чечимин жокко чыгарып, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жусупбек Коргонбай уулун мандаттан ажыраткан Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады. Коргонбай уулу 1-февралда Бишкектин район аралык сотунда БШКны утуп алган. Ошондон кийин шайлоо комиссиясы Жогорку сотко кайрылган эле. Аймактык шайлоо комиссиясы Жусупбек Коргонбай уулу мурда Орусиянын жарандыгын алганы аныкталганын билдирип, 2018-жылдын 19-декабрында аны мандатынан ажыраткан. Читать дальше...
Орус совет республикасынын эл артисти, актер, режиссер жана акын Сергей Юрский 83 жашында дүйнөдөн кайтты. Артисттин кызы ал көптөн бери ооруп жүргөнүн, жүрөгү токтоп каза болгонун журналисттерге билдирди. Сергей Юрский 1935-жылы Ленинградда туулган. 1978-жылдан бери Москвада жашап, Моссовет театрында иштеген. Кийин аны жетектеп калган. 1957-жылдан бери киного тартылып, элүүдөй роль ойногон. Юрский активдүү жарандык позициясын билдирип, аксакалдык сөзүн айтып келди. Бир канча ирет сөз эркиндигин кысмакка алууга каршы чыгып... Читать дальше...
Бейшембиде миңдеген адам Гаитинин борбору Порт-о-Пренстин көчөлөрүнө чыгып, президент Жовенель Моиздин кызматтан кетишин талап кылышты. Эл мурдагы өкмөттүн тушунда башталган коррупциялык иштерге Моиз көз жуумп, иликтебей койду деп нааразы. Демонстранттар жемкорлуктун айынан өлкөдө бир ууч гана адам байып, калгандары эптеп күн көрүүгө аргасыз болуп жатканын айтып жатышат. Алар Порт-о-Пренстин көчөлөрүндө автоунааларды өрттөшүп, башаламандык жаралды. Полиция демонстранттарга каршы жаш агызчу газ колдонду. Читать дальше...
Армения өкмөтү беш жылдык иш пландарын камтыган программа кабыл алып, аны бекитип берүү өтүнүчү менен документти парламентке жөнөттү. Кезексиз өткөрүлгөн жыйындагы добуш берүүнүн алдында премьер-министр Никол Пашинян бул программа "экономикалык революциянын башталышы" экенин билдирди. - Өкмөт өзүн бул процесстин бирден-бир маанилүү катышуучусу деп эсептейт. Негизги милдетибиз - мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, ошол мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп калууга Армениянын жарандарын, жеке адамдарды жана ишканаларды шыктандыруу. Читать дальше...
Казакстанда 4-февралга караган түнү Астананын Сарыарка районунда турак жай өрттөнүп, беш бир тууган күйүп кетти. Кыздардын эң кичүүсү бирге чыга элек болсо, улуусу 12 жашта эле. Ушундан улам “Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштардагы үйлөрдүн абалы кандай, алар электр тогун колдонууда эрежелерди сакташабы?” деген суроо жаралды.
Бишкектин Ленин райондук соту Уланбек Эгизбаевдин “Көрүстөндөгү коррупция” иликтөөсүнүн каарманы Максат Баялиевди даттануучуларга 20 миң сом доо төлөп берүүгө милдеттендирген чечим чыгарды.
Орусиядагы "Распадская" ири көмүр шахтасынын автобусу кырсыктап, кеминде алты кенчи каза болуп, дагы 16сы жабыркады. Көмүр казгандар иш нөөмөтү бүтүп кайтып келатканда унаа жолдон чыгып, сегиз метр бийиктиктен кулап кеткен. Тергөө комитети кылмыш ишин козгоду. Анын маалыматына караганда, ушу тапта автобустун колдонууга берилип жаткандагы абалы, кышкы мезгилге даярдыгы, айдоочунун медициналык көзөмөлдөн өткөнү, коопсуздук эрежелери сакталган-сакталбаганы териштирилүүдө. 2010-жылдын майында... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тогузунчу кызматынын мурдагы башчысы, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Дамир Мусакеев суракка чакырылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Атамбаев төрагалык кылган Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди. Анын айтымында, Мусакеев аскердик прокуратурага чакырылып, Биринчи май райондук соту бөгөт чарасын карап, андан башка жакка кетпөө жөнүндө тил кат алуу жөнүндө чечим чыгарды. - Мусакеев... Читать дальше...
Катуу суукка байланыштуу Караганды, Павлодар, Көкчөтоо, Чыгыш-Казакстан жана Түндүк Казакстан облустарындагы мектептерде окуу убактылуу токтотулду. Астанада 8-февралда коллеждердин биринчи курсунда окугандарга да сабакка келбей коюуга уруксат берилди. "Казакавтодор" мекемесинин маалыматына караганда, ызгаарга байланыштуу Павлодар облусундагы, Астанадан чыгуучу жолдор жабылды. Чыгыш Казакстан, Түндүк Казакстан жана Акмоло облустарында коомдук жана дизел менен жүргөн транспорт токтотулду. ... Читать дальше...
Бишкекте Жазуучулар союзунун жаңы төрагасын шайлоо учурунда 1990-жылдары жазуучуларга бөлүнгөн 50 млн. рубль каражаты боюнча маселе козголду. Союздун мүчөсү, акын, юрист Ахунбай Кошой учурдагы төрага Акбар Рыскуловго суроо берди. - Жазуучулар союзу финансылык жактан кыйналып турган учурда формалдуу түрдө болсо дагы эмнеге ушул маселелер көтөрүлбөйт? Мисалы үчүн, биздин союзга караштуу “Нооруз” кафеси, “Арашан” чыгармачылык үйү жана Орусиядан бөлүнгөн, Жапониядан бөлүнгөн насыялар боюнча көп сөз болуп жатат. Читать дальше...
Чырмоок сымал жылган жумшак робот жасалды. Рембрандт колдонгон ачык түстүү боёктун сыры табылды. Евробиримдик пластик таштандыларга согуш жарыялайт. Эмне үчүн кээ бир кишилер түндө үкүдөй болуп уктабайт?
Кыргызстандын аймагында террордук чабуул коюш үчүн жашыруун топторду уюштуруп жүргөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн биринин жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди. Чек арадан мыйзамсыз өткөн жаран Жалал-Абадда колго түшкөн. Ал өз мекенинде оор кылмыштар үчүн издөөдө жүргөнү жана эл аралык террордук топтун мүчөсү экени такталды. Кармалган жаран жарылуучу заттарды даярдоо боюнча атайын курстан өткөнү жана шаарда, тоодо автоматтык салгылашууга машыктырылганы аныкталды. Читать дальше...
Эл аралык «Freedom House» уюму жаңы баяндамасында акыркы жылдары дүйнө жүзү боюнча демократиянын абалы начарлап баратканын билдирүүдө.
Бакай-Ата районунун 34 жаштагы Рамис Тотонов аттуу тургуну 31-январда иштен чыккан боюнча үйүнө кайтып келген эмес. Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү милиция ырастады. Аны издөө иштери уланууда. Эки баланын атасы алтын чыккан жерде эки жарым жылдан бери иштеп келаткан. Буга чейин Шыралжын кенинде 27 жаштагы жигитти таш басып мерт болгон. Каза болгон адам да Бакай-Ата районунун Оро айыл өкмөтүнүн тургуну болгон. Аталган кенди "Глобал Шыралжын майнинг" компаниясы иштетет. Анда 300дөй адам эмгектенет. Читать дальше...
Азия кубогунда чейрек финалга жеткен Кыргызстандын курамасында ойногон футболчулар Мустафа Юсупов жана Муролимжон Ахмедов спорттук карьерасын Кадамжайдан башташкан. Бүткүл Союзга белгилүү болгон “Мелиоратор” сыяктуу футбол командасы ойноп, машыккан стадиондо азыр “Исфайрам” футбол клубу жаш жеткинчектерди таптап жатат.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон коопсуздук боюнча Мүнхен конференциясына катышуудан баш тартты. Иш-чара 15-17-февралда өтөт. "Suddeutsche Zeitung" басылмасы билдиргендей, 16-февралга белгиленген Германия канцлери Ангела Меркелдин Макрон менен жолугушуусу да болбой калды. Расмий маалыматтар боюнча Макрон иш графигинин тыгыздыгынан жана Франциянын ички маселелерине көңүл буруу зарылдыгынан улам иш-чарага катыша албайт. Ошол эле кезде маалымат каражаттары буга орусиялык “Түндүк агым - 2” газ... Читать дальше...
Кыргызстандык мушкердин каршылашы өткөн жылдын ноябрь айында беттешке чыгып жеңилип калган.
Бишкектин Ленин райондук соту Уланбек Эгизбаевдин “Көрүстөндөгү коррупция” иликтөөсүнүн каарманы Максат Баялиевди даттануучуларга 20 миң сом доо төлөп берүүгө милдеттендирген чечим чыгарды. Бул тууралуу “Азаттыкка” соттук отурумга көз салган медиа-эксперт Акмат Алагушев билдирди. Юрист түшүндүргөндөй, Баялиев бул сумманы Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн жетекчиси Чыңгыз Апасовго жана бригадир Алихан Алиевге төлөп бериши керек. Тараптар кийинки апелляцияга кайрылаар-кайрылбасы азырынча белгисиз. Эгизбаев... Читать дальше...
Ош облусунун Өзгөн районунда 14 жаштагы кызын зордуктаган деген шек менен кармалган 47 жаштагы жергиликтүү тургун тергөө бүткүчө, эки айга камакка алынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев билдирди. Анын айтымында, шектүүнүн бөгөт чарасы боюнча чечимди Өзгөн райондук соту кабыл алды. Кеп болуп жаткан киши 20-январда кармалган. Ал сурак учурунда өзүнүн кызын зордуктап жүргөнүн мойнуна алган. Баштапкы кабарларга ылайык, шектүү психикалык оору менен жабыркайт. Читать дальше...
Экс-премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты, юрист Нурбек Токтакунов өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасын убактылуу деактивация кылды. Учурда анын баракчасы башкаларга жабылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” комментарий берген учурда Токтакунов өзү анын кардарынын иши Башкы прокуратурада жана сотто турган шартта социалдык тармактарда тыныгуу алып турууну чечкенин билдирди. Ал “Фейсбукка” кийинчерээк кайтарын кошумчалады. Баракчасын убактылуу жабарда ал өзүнө жазылган адамдардан азыркы президенттин дарегине... Читать дальше...
Балбан машыгуу учурунда футбол ойноп жатып жаракат алган.
Иран азыркы тапта 80 миң мегваттык электростанциясын орнотуу менен дүйнө жүзү боюнча 14-орунду, ал эми Жакынкы Чыгышта алдыңкы орунду ээлейт.