АКШ 4-марттан тарта Кыргызстандын жарандарына берилүүчү туристтик жана ишкерлик визанын мөөнөтүн беш жылдан 10 жылга чейин узартты. Виза кандай шартта берилет? Виза алуу үчүн күткөн убакыт мурункудан кыскарабы? Бишкек - Вашингтон ортосундагы стратегиялык келишимге качан кол коюлат? “Азаттыктын” ушул жана башка суроолоруна Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев жооп берди.
CIVICUS Monitoring тобу Кыргызстанды жарандык эркиндиктин абалы дыкат байкоого алына турган өлкөлөрдүн катарына кошту. 5-мартта жарыяланган тизмеде Кыргызстандан тышкары Пакистан, Палестина, Сенегал жана Венесуэла да бар.
Кыргызстанда бир жыл ичинде 12 миңден ашуун түгөйлөр эки ажырым жолго түшкөн. Бул расмий катталгандары гана. Жарандык нике кыйдырып, ажырашып кеткендердин саны эсептелген эмес. Адатта ажырашып кеткен келиндер түрдүү кысымдарга дуушар болушат.
Бүгүн 9-мартта Польшанын борбор шаары Варшавада Кыргыз Республикасынын аялдарынын биринчи европалык форуму өтүп жатат.
Окууну бүтүп мектепте иштеп жүргөн мугалим убакыттын билинбей өткөнүн, шарт-жагдай кескин өзгөрүп кеткенин туйбай калыптыр. Жакындары аны эптеп эле күйөөгө беришке кызыкдар болчу, анысын аткарышты, бирок ал бактысын таба албады. Ризван Исмаилованын “Окулбаган каттар” аңгемеси.
Мексикада жоголгон адамдардын сөөгүн термодрондор издей баштады. Акылдуу үйлөрдү курууда ак кумуркалардын тажрыйбасы баалуу табылга болушу мүмкүн. Пандалар деңиз түбүндө да жашашат. Асциядынын бул жаңы түрү илимпоздордун кызыгуусун арттырууда.
Кыргыз бийлиги жетекчиликке даярдалган аял кадрлардын резервин түзүүнү ниет кылууда. Өлкө эгемендик алганы бийликте аялдардын аздыгы сындалып келет.