Москвадагы "Крокус-сити" борборуна жасалган куралдуу кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" радикал тобу алды. Терактты уюштурууга шек саналып кармалгандардын төртөө тажикстандыктар экенин маалымат каражаттары жазды. Орусиянын бийлиги бул тууралуу расмий билдирүү жасай элек.
Түрк медиасы Москвадагы кандуу кол салууга шектүүлөрдүн бири Орусияга Түркиядан барганын, бул Анкараны кыжалат кылганын жазды.
Кыргызстан Орусиядагы "Росатом" корпорациясы менен атомдук электр станциясын (АЭС) куруу боюнча келишим түзүүгө белсенип жатат. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев 25-мартта “Атомэкспо” форумунда билдирди.
Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Казакстандын эки жаранын "жок кылганы" март айынын башында белгилүү болду.
Ош шаарындагы Бабур атындагы академиялык өзбек музыкалуу драма театры - Борбор Азиядагы алгачкы маданий жайлардын бири. Учурда театрдын чыгармачыл тобунда жүздөн ашык адам эмгектенет. Алар кыргыз-өзбек достук мамилесин чыңдоого багытталган бир катар спектаклдерди коюп келишет. “Данисте” берүүсү театрдын ишмердиги менен тааныштырат.
Санарип көз карандылык. Бул азыркы коомдо кичинесинен тартып, чоңуна чейин тиешелүү көйгөй. Тактап айтканда, телефонду тиктеп, социалдык түйүндөрдөн чыкпай, гаджеттерди ашыкча колдонуу чүрпөлөргө дагы кедергисин тийгизүүдө. Кесепетинде бөбөктөрдүн тили кеч чыгып, менталдык жактан өнүгүүсү кечеңдеп
Жаз келип, Оштогу Сулайман-Тоого сейилдегени чыккандар көбөйдү. ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий жана жаратылыш мурастарынын тизмесиндеги Сулайман-Тоонун көркүн ачкан өрүк гүлдөрү жана табияттан ырахат алып жүргөн тургундарды “Азаттыктын” кабарчысы сүрөткө тартып келди.