Ооганстанда талибдердин медреселеринде окуган эркек балдар мугалимдерден сексуалдык ыдык көрүп, таяк жешет. Атын атабаган 10-17 жаштагы окуучулар ошондой учурлар жөнүндө “Азаттыктын” ооган кызматынын (“Азади” радиосунун) кабарчыларына айтып беришкен.
Орусиялык басылмалар эмгек мигранттарына карата дагы жаңы талаптарды киргизүү үчүн мыйзам долбоору даярдалып жатканын жазып чыкты. Ага ылайык, атайын эмгек келишими менен барган мигранттарды кесибине карап жумушка алуу сунушталган.
Астанада аялын өлтүрүүгө айыпталып жаткан экс-министр Куандык Бишимбаевдин иши боюнча соттук угуу 11-мартта өттү. Чуулгандуу ишти эми сот арачылары карамай болду. Сот башталганда прокурор Салтанат Нукенованын өлүмүнүн адамды нес кыла турган чоо-жайын айтып берди. Бишимбаев күнөөсүз экенин айткан.