Акыркы он жылдын ичинде Европа өлкөлөрү баш калка сурап кайрылган орусиялыктардын 77 пайызынын арызын канааттандырган эмес. Бул тууралуу “Если быть точным” долбоорунун чогулткан материалында айтылат. 2012-жылдан бери Европа мамлекеттеринен баш калка сураган 153 миң орус жаранынын 35 миңи качкын макамын алган. Юристтер мындай кайрылууларды карап чыгуу көптөгөн жылдарды талап кыларын белгилешет. 10 жылда 54 миң орусиялык Германиядан баш калка сурап кайрылса, анын 90%, Францияга кайрылган 42 миң... Читать дальше...
Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан V Ислам шериктештиги оюндары 19-августта жыйынтыкталды. Бул оюндарда кыргызстандык спортчулар сегиз алтын, сегиз күмүш жана 15 коло байге утту. Медал алган 56 мамлекеттин арасынан Кыргызстан 9-орунду ээледи.
21-августта Ысык-Көл жана Баткен облусунун тоо этектерине жамгыр жаайт. Тоолорго кар түшөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 20…25; Талас жергесинде түнкүсүн 3...8, күндүз 18…23; Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 19...24; Нарын өрөөндөрүндө түнкүсүн 3...8, күндүз 20...25; Бийик тоолордо түнкүсүн -4…+1... Читать дальше...
Чолпон-Ата шаарында 19-августта майыптыгы бар жарандардын жүрүшү старт алды. Жүрүштүн катышуучулары узундугу 135 чакырымды басып, 24-августка чейин Каракол шаарына барышат. Биринчи күнү алар 25 чакырымды басып өтүштү. Иш-чаранын максаты майыптыгы бар адамдарга карата стереотиптерди жана стигманы азайтуу, алардын укуктарынын корголушуна көңүл буруу. Жөө жүрүштө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуулар дагы болот. Учурда бул иш-чарага аймактардан келген 21 адам катышып жатат. Республика боюнча 202 300 майып адамдар бар... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров коргоо министри Бактыбек Бекболотовго катуу сөгүш, ал эми транспорт жана коммуникациялар министри Эркин Осоев менен өзүнүн Ысык-Көлдөгү өкүлү Алтынбек Сулаймановго сөгүш берди. Июнь айында кызматынан четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан алды. Мунун алдында өкмөт башчы Акылбек Жапаров президенттик администрациянын башчысы катары коллегия өткөрүп, анда чиновниктердин ишин баалоо жол-жобосу сунушталганы белгилүү болгон. Өлкө президенттик... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров 1-сентябрга чейин санариптештирүү боюнча отчет бербеген министрлер кызматтан кетерин эскертти. Жапаров Фейсбуктагы баракчасында Санарип өнүктүрүү министрлигине бир жылдык мөөнөт берилип, санариптештирүү боюнча милдет коюлганын билдирди. “Жарым жыл өттү. Таблицада көрүнүп тургандай кайсыл министрлик толук маалыматтарын 1-сентябрга чейин бербесе, 2-сентябрь күнү өз каалооңуздар менен арызыңарды жазып келе берсеңер болот. Санарипке өтүүнү каалабаган министрлик же мамлекеттик мекемелер коррупциялашкан мекемелер. Читать дальше...
Ош облустук ички иштер башкармалыгы экстремисттик уюмдардын материалдарын социалдык тармактарда жайылтып жүргөн деген шек менен бир киши кармалганын кабарлады. Милициянын маалыматында, Ноокат районунун 22 жаштагы тургуну социалдык тармактарда бир нече фейк аккаунттар аркылуу өлкө аймагында тыюу салынган экстремисстик уюмдарга тийиштүү аудио, видео роликтерди жайылтып жүргөнү аныкталган. Факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 332-беренеси (“Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу”) боюнча иш козголуп, тергөө башталды. Читать дальше...
Аннексияланган Крымдагы Орусиянын Кара деңиз флотунун Севастопол штабына ишембиде учкучсуз учак сокку урду. Каза тапкандар жана жарадарлар жок экенин Севастопол башчысы Михаил Развожаев билдирди. Ал тургундарды жакынкы сааттарда үйдөн чыкпоого чакырды. Алгач Развожаев дрон жерге жакын учканы менен атып түшүрүлбөгөнүн билдирген. Жарым сааттан кийин ал флоттун штабынын үстүнөн учкучсуз учак атып түшүрүлүп, чатырга кулап күйүп кеткенин айтты. Социалдык тармактарда Кара деңиз флотунун үстүндө түтөп учуп жүргөн учкучсуз учактын видео... Читать дальше...
Саламаттык сактоо министри кызматынан алынган Алымкадыр Бейшеналиев “Алтын балалык" ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялык борборунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков “Азаттыкка” билдирди. “Азыр аны коллектив менен тааныштырууга келдим. Өзүн күтүп жатабыз”, - деди Касымбеков. Убактылуу кызматынан четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 19-августта кызматынан алынды. Алымкадыр Бейшеналиев козголгон... Читать дальше...
Турмуштун ар кандай сыноосуна туш болуп, кайра жаңыдан турмуш кургусу келгендер үчүн баарын ак барактан баштоого туура келет. Ал үчүн кандай сыноолор бар жана андан кантип жабыркабай өтүп кетүү керек? "Эже-сиңдилер" берүүсүндө ушул жана башка суроолорго жооп издеп көрөбүз.
Баткенде 20 агрегаттуу чакан ГЭСтин биринчи агрегатынын курлушу аяктады. Аталган курулуш толук бүтсө, саатына 10 мегаватт электр энергиясы өндүрүлүп, Баткен районунун үчтөн бирин электр менен камсыздай алат.
19-августта Аскер институтунун алдындагы бөлүктө кызмат өтөп жүрүп октон каза болгон Сыргак Сабырбековдун өлүмү боюнча аталган аскер бөлүгүндөгү кароол жетекчиси Бишкек гарнизонуна камакка алынды. Башкы прокуратуранын “Азаттыкка” маалымдашынча, Кылмыш жаза кодексинин 128-берене жана (“Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү”) 394-беренеси (“Кароол кызматын өтөө эрежелерин бузуу”) боюнча кылмыш иши козголгон. 19-августта Аскер институтунун алдындагы бөлүктө кызмат өтөп жүргөн Сыргак Сабырбеков октон каза болгон. Читать дальше...
Бишкек музыкалык-педагогикалык коллежинин жетекчиси Түмөнбай Колдошев мекемедеги каржылык маселе боюнча кылмыш иши жөнүндө түшүндүрмө берип, учурда тергөө жүрүп жатканын маалымдады. Колдошов видео кайрылуусун Фейсбуктагы баракчасына жайгаштырган. Анын айтымында, окуу жайдын бухгалтери коллежде иштебеген үч кишиге жана өзүнө мыйзамсыз акча которуп жүргөн. Колдошев бул маалымат бухгалтери иштен бошогондон кийин билингенин айтып, бирок акчаны кайтарып берем деген убадасынан кийин укук коргоо органдарына кайрылбаганын белгилейт. Читать дальше...