Бишкек мэриясынын чечими менен шаардын Биринчи Май районундагы таштандыны “Эко Проф” жеке компаниясы чыгарып турмай болду. Мэриянын мындай чечимине “Тазалыктын” ондогон кызматкери нааразы болуп, жумушсуз калабызбы деп чочулап жатышат.
Үркүндүн курмандыктарын эскерген жөө жүрүш Жети-Өгүздүн Тосор айылында Кыргын-Сай деген жерде башталды. Жүрүшкө 60ка чукул адам катышууда. Арасында 1916-жылдагы Үркүн учурунда Кытайга журт которууга аргасыз болгондордун урпактары, коомдук ишмерлер, «Эсимде» долбоорунун катышуучулары бар. Алар эки күн бою көтөрүлүш маалында жергиликтүү тургундар баскан из менен жөө жүрүшөт. Демилгечилер тарыхчылардын изилдөөлөрүнө таянып тараткан маалыматтарга ылайык, 1916-жылы кеч күздө дал ушул Кыргын-Сай деген... Читать дальше...
“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу Кыргыз Республикасынын мурдагы ички иштер министри, генерал Мелис Турганбаев болду. Ал маегинде милицияга кантип келип калганын, уюшкан кылмыштуу топтордун табияты, бийликтин аларга мамилеси, депутаттардын кызматташтыгы, буйуртма өлтүрүүлөрдөгү кылмыштуу топтордун орду, милициядагы жылбаган реформанын себептери жөнүндө кеп кылат. - Мелис мырза, уюшкан кылмыштуу топтор деп көп айтылып калат. Алар кимдер, анын мыйзамдуу аныктамасы кандай? - Алардын уюшулган өз системасы болот. Читать дальше...
“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу мурдагы ички иштер министри, генерал Мелис Турганбаев болду. Ал маегинде милицияга кантип келип калганы, уюшкан кылмыштуу топтордун табияты, бийликтин аларга мамилеси, депутаттардын кызматташтыгы, буюртма киши өлтүрүүлөр тууралуу айтып берди.
Бишкекте төкмө акындардын медиасабаттуулукка арналган финалдык айтышы болот. Аны Internews уюму уюштурууда. Иш-чара бүгүн, 13-августта кечки саат жетиде "Ынтымак-2" эс алуу багында өтөт. Internews уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 2022-жыл январда “Билим айтыш” долбоорун баштаган. Анда төкмө акындар медиасабаттуулук жана алардын чыгармачылыгын социалдык тармактарда жайылтууну үйрөнүштү. Жума сайын 21 акындан турган топко медиасабаттуулук боюнча контент түзүү сунушталып, мыкты чыгармаларды комиссия тандап... Читать дальше...
4-августта “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына тандап алуу башталды. Бирок анын шарттары, акча төлөп берүү системасы боюнча талаштар чыгууда. Стипендия боюнча жарлыкка Садыр Жапаров май айында кол коюп, анын жол-жобосу дээрлик үч айга жакын аралыкта иштелип чыккан. Кочкордун тургуну, 26 жаштагы Мээрим Нурланбекова ушул жылдын февраль айында АШКдагы Стэнфорд окуу жайына магистратурага өткөн. Университеттин «Дизайн жана технологиялар» адистиги боюнча анын бир жылдык окуу акысы 65 миң долларды түзөт. Читать дальше...
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз, Нарын, Ысык-Көл жана Ош облусунун айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35, Талас жергесинде түнкүсүн 11…16, күндүз 29…34, Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 25…30, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31, Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Бишкек шаардык милициясы 7-августта борбор калаадагы ок атуу менен коштолгон жаңжал боюнча шектүүлөрдү издеп жатат. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бул окуя боюнча Кылмыш кодексинин «Адам өлтүрүүгө аракеттенүү» беренеси менен үч адамга издөө жарыяланды. Алар: Степанов Николай Николаевич, 1999-жылы туулган, Бишкек шаарында туулган; Степанов Лев Викторович, 1994-жылы туулган, Өзбекстанда туулган; Каландаров Геннадий Геннадьевич, 1993-жылы туулган, Өзбекстанда туулган. Читать дальше...
Мурдагы UFC чемпиону, орусиялык Хабиб Нурмагомедов Бишкекте уюштурган спорттук иш-чаранын тегерегинде талкуу күчөдү. Социалдык медиада аны менен президент Жапаровдун жана Матраимовдун уулдарынын чогуу тушкөн сүрөттөрү жарыяланды. "Кыргыз почтасынын" Хабибдин көзү өткөн атасы Абдулманап Нурмагомедовдун урматына марка чыгарганы окуяны дагы кызытты. Eagle Fighting Championship аталган мелдешке сыйлуу конок болуп келген Хабиб Нурмагомедов иш-чараны уюштурууга активдүү кол кабыш кылганы үчүн кыргыз өкмөтүнө ыраазылык билдирди. Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров 13-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жаңы атайын техниканы тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, министрликтин түзүмдөрүнө Airbus H-125 тик учагы, автобустар, экскаваторлор, жол тандабастар, 150 мобилдик үйлөр жана башка техникалар тапшырылды. Президенттин маалыматына караганда, бул техниканы алуу үчүн республикалык бюджетттен 384 миллион сом бөлүнгөн. Жапаров кийинки жылы да бюджеттин эсебинен дагы бир тик... Читать дальше...
2010-жылдагы Июнь окуясы боюнча кылмыш иште айып тагылгандардын бири, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков тергөө үстүртөн жүрүп, бир нече жагдайлар эске алынбай калганын айтып чыкты. Бул тууралуу ал «Азаттыкка» курган маегинде билдирди. Анын айтымында, тергөөдө айыпталуучулар сунуштаган өтүнүчтөр эске алынбай, бир тараптын гана дооматтарына басым жасалган. "Негизги ишти тергөө аткырышы керек болчу. Анын жүрүшүндө ар бир коюлган доомат боюнча адамдарды алып келип беттештириш керек эле. Бир нече... Читать дальше...
Орусиянын Уфа шаарындагы түркиялык компаниянын иштен мыйзамсыз бошотконуна даттанган кыргызстандык айдоочулардын кайрылуусу каралып жатат. Бул боюнча ишти Орусиядагы элчилик алып барып жатканын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Уфадагы ардактуу консулу кыргыз жарандары туш болгон жагдай боюнча иштеп жатат. Министрлик иштен мыйзамсыз бошотулганын айткан мекендештерге тиешелүү консулдук-укуктук жардам көрсөтүлөрүн кошумчалады. Буга чейин интернетте... Читать дальше...
Кыргыз өкмөтү өлкөдөгү жогорку окуу жайлардагы медициналык багытта билим алган чет өлкөлүк студенттердин окуу акысынын төмөнкү чегин аныктады. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинети 12-августтагы жыйынында өзгөртүү киргизди. Ага ылайык, алыскы чет өлкөлөрдөн келген студенттер үчүн мындан ары окуу акысынын төмөнкү чеги 3000 АКШ доллар болот деп чечилди. Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулунун «Азаттыкка» билдиришинче, мындай чара медициналык багыттагы билим берүүнүн сапатын... Читать дальше...
АКШнын Нью-Йорк штатынын полициясы 12-августта жазуучу Салман Рушдиге кол салган адамдын тек-жайы аныкталганын кабарлады. Ал 24 жаштагы Хади Матар аттуу Нью-Жерсинин тургуну болуп чыкты. Кылмышка шектүүгө кандай айыптар тагылары азырынча расмий айтыла элек. Иранда аны өлтүрүүгө фатва чыан британ жазуучусу Салман Рушдиге 12-августта Нью-Йорктогу Чотокуа деген жерде лекция окуп жатканда кол салуу болгон. Дарс башталар алдында залдагы адамдардын бири чуркап чыгып, жазуучуга бычак сайган. Мойнунан... Читать дальше...
УКМКнын тергөө абагында каза болгон саясат таануучу Марат Казакпаев менен “Айыл банктын” төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүнүн себебин иликтеген комиссия ишин жыйынтыктады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, комиссия Асанбаев менен Казакпаевдин күтүүсүз өлүмүнө трагедиялуу жагдайлардын жыйындысы алып келген деген алдын-ала корутундусун чыгарган. Расмий маалыматта, комиссия мүчөлөрүнө УКМКнын тергөө абагынын имаратына кирүүгө, камакка алынгандардын өздүк иштери... Читать дальше...
Черногориядагы (Монтенегро) Цетине шаарында жергиликтүү тургундун огунан 10 адам мерт болду. Дагы алты адам, анын ичинде полиция кызматкери жараат алды. Каза болгондордун экөө - жаш балдар. Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, 34 жаштагы тургун алгач 8, 11 жаштагы балдарын жана жубайын өлтүрүп, андан соң көчөгө чыгып, башка адамдарга ок аткан. Полициянын маалыматы боюнча, кылмышка шектүү кармоо учурунда өлтүрүлдү. Учурда кылмыштын чоо-жайы тергелүүдө. Окуя болгон Цетине шаары өлкөнүн түштүк-чыгышында жайгашкан. Читать дальше...
АКШнын Юстиция министрлиги өлкөнүн мурдагы президенти Дональд Трамптын үйүн тинтүү учурунда табылган документтердин тизмесин жарыялады. 12-августта таратылган маалыматта экс-президенттин Флоридадагы резиденциясынан 11 комплект ар кыл даражадагы жашыруун грифти бар документтерди Федералдык иликтөө бюросунун (ФБР) агенттери алып кетишкени айтылат. Алардын арасында Трамптын расмий кеңешчиси Рожер Стоунга ырайым берүү боюнча, Франциянын президенти Эммануэл Макрон жөнүндө да документтер бар экени белгилүү болду. Читать дальше...
Бүгүн, 13-августта Ош облусунда мектеп директорлугуна талапкерлер үчүн компьютердик тестирлөө өтүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, облус аймагында 244 мектептин директору кайрадан тандалат. Министрлик тестирлөө ачык-айкын өтүп, анын жүрүшүнө жарандык көз карандысыз коомдук уюмдардын өкүлдөрү көз саларын билдирүүдө. Буга чейин мындай тестирлөө Жалал-Абад жана Баткен облустарында өткөн. Жалал-Абадда мектеп директору болууга 220 талапкер арыз берип... Читать дальше...
Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан V Ислам шериктештиги оюндарында кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы алтын медал тагынды. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигининин маалымат кызматынын билдиргенине караганда, Медет кызы 12-августта кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта финалда Кот-д Ивуардын спортчусу Айюин Эмини 10:0 эсебинде утту. Айпери финалга чейин үч атаандашын уткан. Айлампа тартибинде өткөн таймаштарда алгач дал ушул финалда күрөшкөн Кот-д Ивуардын балбаны Айюин Эмини... Читать дальше...