Мы в Telegram
Добавить новость

В Подмосковье стартовал конкурс для будущих педагогов

Детский сад в ЖК «Центр-2» в Балашихе откроют в сентябре

Башмет заявил о радости от объединения людей вокруг Путина

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о комплексном развитии агропромышленного сектора

World News in Kyrgyz
Ria.city


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Август
2022

Новости за 16.08.2022

Azattyk.org 

Денис Петрашов Ислам шериктештиги оюндарынын чемпиону болду 

Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан V Ислам шериктештиги оюндарында алтын байгенин ээси болду. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Айгерим Турдалиеванын маалыматына караганда, Петрашов 100 метрге брасс ыкмасы менен сүзүүдө финалдык жарышта 1-орунду алды (1 мүнөт 0,54 секунд). Экинчи жана үчүнчү орунда түркиялык спортчулар келишти. Денис Петрашов ушуну менен бул мелдеште үчүнчү жолу байгеге ээ болду. Ал... Читать дальше...

Azattyk.org 

Иранда митингге чыккандар “президентке өлүм” деп ураан чакырышты

Ирандын Чахармахал жана Бахтиари провинциясында ичүүчү суунун жетишсиздигине байланыштуу жүздөгөн адамдар митингге чыгып, президент Ибрагим Раисинин ысымын атап, “Раисиге өлүм” деп ураан чакырышты. Бул тууралуу “Азаттыктын” Иран кызматы – “Фарда” радиосу кабарлады. Социалдык түйүндөргө тараган видеолордо көрүнүп тургандай, акция 16-августта аталган провинциянын административдик борбору Шахрекорд шаарында өттү. Аталган аймакта 10 күндөн бери суу жок, тургундар жалаң жүк ташуучу автоунаалар менен гана суу алып келип ичип жатышат. Читать дальше...

Azattyk.org 

"Уу коргошундун пайдасы ырасталган жок". Азыркы министрдин маалыматы

Cаламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков 16-августта Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, мурдагы министр Алымкадыр Бейшеналиев кабыл алган чуулгандуу чечимдердин айрымдары четке кагыларын жарыялады. Касымбеков саламаттык сактоо министри кызматынан убактылуу четтетилген Алымкадыр Бейшеналиевдин чыгарган чечимдеринин мыйзамдуулугу комиссиялык тартипте текшерилип жатканын маалымдады. Мурдагы министрдин медициналык окуу жайлар боюнча чыгарган чечимин жокко чыгарганын жарыялады. Читать дальше...

Azattyk.org 

Казакстандын Башкы прокуратурасы Январь окуяларында өлгөндөрдүн тизмесин жарыялады

Казакстандын Башкы прокуратурасы Январь окуяларында өлгөндөрдүн тизмесин 16-августта жарыялады. Мерт болгондордун расмий тизмеси кандуу окуядан жети айдан кийин чыкты. Башкы прокуратуранын сайтында коюлган маалыматта буга чейин каза болгону айтылган 238 адамдын фамилиялары келтирилген. Ысымы кыскартылып, баш тамгасы менен гана берилген. Адамдардын жаш курагы тууралуу маалымат да жок. Тизмеде адамдардын каза болгон жагдайлары көрсөтүлгөн эмес. Алардын кимисин күч кызматкерлери “антитеррордук операциянын” жүрүшүндө өлтүрүшкөнү да белгисиз. Читать дальше...

Azattyk.org 

Блогер Ырыс Жекшеналиев эки айга камалды

Бүгүн, 16-августта Фейсбук колдонуучусу Ырыс Жекшеналиевдин бөгөт чарасы Биринчи май райондук сотунда каралып, эки айга камакка алуу чечими кабыл алынды. Анын жактоочусу Жекшеналиев Бишкектеги №1 Тергөө абагында кармаларын айтты. Ырыс Жекшеналиев сот залында өзүнө козголгон кылмыш ишин “акылга сыйгыс” деп атаган. Журналисттерге укуктук жардам көрсөткөн "Медиа Полиси" институту Фейсбук колдонуучу Ырыс Жекшеналиевге козголгон кылмыш иши жөнүндө билдирүү таратты. Уюм буга чейин кармалган активисттерди, блогерлерди бошотууга чакырды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Крымда курал-жарак кампасында жарылуу болду

Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралындагы курал-жарак кампасында жарылуу болуп, жергиликтүү тургундар коопсуз аймакка көчүрүлдү. Кыргыз-казак чек арасында кайрадан жук ташуучу унаалардын узун кезеги жаралды. Бишкек мэриясы аш-той, мааракелерди өткөрүү боюнча жобонун долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Azattyk.org 

Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөндөр көбөйдү

Кыргыз-казак чек арасында жук ташуучу унаалардын узун кезеги кайра жаралды жаралды. Кең-булуң авто-жол" өткөрүү бекетинде ушул тапта 60ка чукул машине 10-15 сааттан бери өтө албай турат. Кыргызстандын өкмөтү эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп, абалды жөнгө салуу аракети көрүлүп жатканын билдирүүдө.

Azattyk.org 

Бейшеналиевге карата козголгон кылмыш иштеринин бири токтотулду

Саламаттык сактоо министри кызматынан убактылуу четтетилген Алымкадыр Бейшеналиевдин вакцина боюнча кылмыш иши токтотулганын адвокаты Кайсын Абакиров «Азаттыкка» маалымдады. Анын айтымында, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы кылмыштын курамы жок болгондуктан ушундай чечим чыгарды. Башка иштер боюнча тергөө уланууда. Азырынча Башкы прокуратурадан бул тууралуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк боло элек. ИИМдин басма сөз кызматы Бейшеналиевдин бардык иштери милицияда тергелип, анын жыйынтыгын Башкы прокуратурага жөнөтөрүн билдирди. Читать дальше...

Azattyk.org 

"Медиа Полиси" активист, блогерлерге козголгон кылмыш иштерин токтотууга чакырды

Журналисттерге укуктук жардам көрсөткөн "Медиа Полиси" институту Фейсбук колдонуучу Ырыс Жекшеналиевге козголгон кылмыш иши жөнүндө билдирүү таратты. Уюм буга чейин кармалган активист, блогерлерди бошотууга чакырды. Жекшеналиевге козголгон кылмыш ишин жана анын билдирүүлөрүн анализдеп, ал "Калайман баш аламандык" беренесине туура келбестигин белгилеген. Анын билдирүүлөрүндө эч кандай башаламандыкка чакыруу болгон эместигин билдирген. "Медиа Полиси" институту бийликти сындоо жана пикир айтуу ар... Читать дальше...

Azattyk.org 

Сотто Ырыс Жекшеналиев күнөөсү жок экенин билдирди

Бүгүн, 16-августта Фейсбук колдонуучусу Ырыс Жекшеналиевдин бөгөт чарасы Биринчи май райондук сотунда каралууда. Ал сот залында өзүнө козголгон кылмыш ишин “акылга сыйгыс” деп атады. 15-августта Ички иштер министрлиги (ИИМ) Фейсбуктагы "Полит Узник" баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиевдин камалганын ырастаган. 19 жаштагы Жекшеналиев 14-августта Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган видеону аталган баракчага жайгаштырганы үчүн милицияга чакырылып... Читать дальше...




Azattyk.org 

"Аёосуз мамилеге туш болгон жаныбарлар бар". Бишкектеги зоопарк жардамга муктаж

Башкы сүрөттөгү макаканын аты - Абу. Беш айлык маймыл Бишкектеги реабилитациялык зоопаркта туулгандан кийин эле анын энеси өлүп калган.  Абуну зоопарктын кызматкери Анатолий Роминский өзү багып чоңойткон. Бул макака сыяктуу реабилитациялык зоопаркта туулган бир нече жаныбарды эсепке албаганда, мындагы айбанаттардын көбү мурунку кожоюндары таштап кеткендер же браконьерлердин колунан жабыр тарткандар. Реабилитациялык борбордун түзүлгөнүнө алты жыл болду. Мында жаныбарлардын 30дан ашык түрү жашайт. Читать дальше...

Azattyk.org 

Касымбеков уу коргошундун пайдасы клиникалык жактан ырасталбаганын айтты

Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков убактылуу кызматтан четтетилген Алымкадыр Бейшеналиев коронавирусту дарылоодо уу коргошунду (аконит) сунуштоо туура эмес болгонун билдирди. Касымбеков аконит дары катары эч кандай клиналык жактан тастыкталбаганын белгиледи. “Салттуу медицинада колдонулганын угуп жүргөнбүз. Бирок, клиникалык, илимий далилсиз мамлекеттик деңгээлде көтөрүп чыкканы министр, дарыгер катары туура эмес көрөм. Ал уу, опурталдуу зат. Аны туура эмес колдонуу өлүмгө алып келет”, - деди Касымбеков. Читать дальше...

Azattyk.org 

Пакистанда автобус менен бензин ташыган унаа кагышып, 20 адам каза болду

16-августта Пакистандын Мултан шаарында жүргүнчүлөрдү ташуучу автобус менен күйүүчү май ташуучу автоунаа кагышып, кырсыктан кеминде 20 адам өлдү. Бул тууралуу “Азаттыктын” Пакистандагы кызматы – “Машаал” радиосу бийлик өкүлдөрүнө таянуу менен кабарлады. Баштапкы маалыматтарга караганда, автобустун айдоочусу рулда баратып уктап кеткен болушу мүмкүн. Пакистанда өлүмгө алып келкегн жол-транспорттук кырсыктар көп катталат. Буга жолдун начардыгы, начар тейленген транспорттук каражаттар жана баш аламан айдоо себеп болот. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкекте дагы бир турак жай кооперативине нааразы болгондор маалымат жыйын өткөрдү

"Ансар Групп" коммерциялык эмес керектөө кооперативине нааразы болгон жарандар 16-августта Бишкекте маалымат жыйын берип, ишкана келишимде көрсөтүлгөн убадаларын аткарбай жатканын айтышты. Алардын бири Гаухар Токталиева февраль айында кооперативге мүчө болуп кирип, 763 миң сом акча төлөгөнүн билдирди. Анын айтымында, келишимде коопертив 45 күндө батир алып берери жазылган. “763 миң сом акчамды 15 жыл чогулткам. Келишим түзүп жатканда кезек менен берилет деп айткан эмес. Беш балам бар, эки балам үйгө батпай... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин сайты хакердик чабуулдан кийин иштей элек

Жогорку Кеңештин расмий сайты ишке кире элек. Учурда аны калыбына келтирүүгө аракет уланып жатат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады. Алардын айтымында, сайтка хаккердик чабуул болгон. Парламенттин расмий сайты иштебей жатканына 15 күндөй болуп калды. Сайтта парламент депутаттарынын ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтардан сырткары, коомдук талкууга коюлган мыйзам долбоорлору дагы бар. Эс алуудан кийин Жогорку Кеңеш ишин күзүндө баштайт.   Кыргызстанда өкмөт, мамлекеттик органдардын сайттары бузулган учурлар көп болгон. Читать дальше...

Azattyk.org 

Иран өзөктүк келишим боюнча соңку сунушка жооп берди

Ирандын бийлиги өзөктүк программа боюнча Европа Биримдиги сунуштаган келишимдин соңку текстине жооп берди. Анын деталдары толук кандуу айтылган жок. Мамлекеттик IRNA маалымат агенттиги 16-августта кабарлагандай, расмий Тегеран келишимди кабыл алууга жалпы жонунан макул болгон, бирок үч маселе боюнча гана доомат арткан. Анда Ирандын бийлиги кайсы бир өңүттөрдө АКШнын кепилдигин талап кылганы айтылат. Күн мурун Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир-Абдоллахиан алар бир сутка ичинде жооп берерин белгилеп... Читать дальше...

Azattyk.org 

Аба ырайы: күн ачык болот

Кыргызгидромет кызматы 17-августка караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын болбойт деп кабарлады. Түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош облустарынын тоолуу жерлеринде өткүн өтөт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 28…33, Талас облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30, Баткен, Ош... Читать дальше...

Azattyk.org 

Лицензиясыз акча алмаштыруу ишмердигин жүргүзгөн жаранга айып салынды

Лицензиясы жок туруп, чет элдик валютаны алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн жаранга 17 500 сом айып салынды. Бул тууралуу Улуттук банк кабарлап, бирок ал жаран кайсы валютаны алмаштырганын тактаган жок. Буга чейин лицензиясы жок акча алмаштыруу жайларын текшерүү жүрүп жатканы маалымдалган. Улуттук банк жыл башынан бери коммерциялык банктарга 116 жолу текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгында 100гө жакын эскертүү-сунуштамаларды берген. Ал сунуштарда кардарды тийиштүү деңгээлде тейлөө, банктык милдеттерди аткаруу... Читать дальше...

Azattyk.org 

Еревандагы жарылууда каза тапкандар 16га жетти

Армениянын Өзгөчө кырдаалдар министри Армен Памбухчян Ереван шаарындагы "Сурмалу" соода борборундагы жарылуудан каза болгондор кеминде 16 адамга жеткенин маалымдады. Дагы 18 киши дайынсыз болуп жатат. Алардын арасында жергиликтүүлөрдөн сырткары Ирандын жана Орусиянын жарандары да бар экени маалымдалды. Окуя 14-августта борбордун пиротехникалык кампасында болду. Баштапкы маалыматтарга ылайык, эки күчтүү жарылуудан кийин өрт чыккан. Алгач бийлик бир адам өлүп, 30дай адам жабыр тартканын маалымдаган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Ислам шериктештиги оюндары: Ынтымак Мурадил уулу чемпион болду

Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында кыргызстандык Ынтымак Мурадил уулу алтын байге алды. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына караганда, Мурадил уулу 15-августта салттуу жаа атуу боюнча эркектер арасында (70 метр) 1-орунду ээледи. Бүгүн, спорттун бул түрүнөн командалык беттештер жыйынтыкталып, сыйлоо аземи өтөт. Соңку жыйынтыктар боюнча V Ислам шериктештиги оюндарында Кыргызстандын спортчуларында сегиз алтын, алты күмүш жана жети коло байге бар. Читать дальше...

Azattyk.org 

ТИМ Орусиядагы миграциялык каттоо тууралуу маалыматтарды төгүндөдү

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиядагы кыргызстандык мигранттар үч айлык миграциялык каттоого турушу керектиги тууралуу маалыматтарды жокко чыгарды. Анда "социалдык түйүндөрдө Орусияда үч айга миграциялык каттоого туруу талабы бар мыйзам кабыл алынганы, анын негизинде Кыргызстандын жарандары 3-сентябрга чейин "кирди-чыкты" жол-жобосун кылышы керектиги тууралуу маалымат тарап жатат. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул чындыкка дал келбесин билдирет" деп жазылган ТИМ кыргызстандыктар... Читать дальше...

Azattyk.org 

Мунайга бай Жаңы-Өзөндүн жумушсуз жаштары

Казакстандын батышындагы Жаңы-Өзөн шаары казак бийлиги үчүн "баш ооруга" айланып, ири нааразылык акциялардын башаты болуп калды. 2011-жылы тарыхта Жаңы-Өзөн окуясы деген ат менен калган кандуу калабадан кийин бийлик элдин көйгөйүн түп-тамыры менен чечет деген үмүт бар эле. Бирок 10 жыл өткөн соң 200дөн ашык адамдын өмүрүн алган Январь окуясы да дал ушул шаарда башталды. Бирок Жаңы-Өзөн эмне үчүн азыркыга чейин ыңгайлуу аймакка айлана алган жок? “Азаттыктын” казак кызматы шаардын жаштары менен баарлашты. Читать дальше...

Azattyk.org 

Талашы бүтпөгөн "Так мураскери": манасчылардын кайрылуусу

Акын, драматург Жалил Садыковдун “Манастын уулу Семетей” драмасынын негизинде Өмүрзак Төлөбеков тарткан “Так мураскери” тасмасынын айланасында коомчулукта кайрадан талкуу күчөдү. Аталган тасма 25-августтан тарта Бишкектеги кинотеатрларда көрсөтүлөт деп күтүлүп жаткан. Манасчылар Самат Көчөрбаев менен Замирбек Баялиев тасманы көрөрмандарга тартуулоо демилгесине каршы бийликке кайрылуу жолдоду. Буга чейин авторлорго айрым эпизоддорун оңдоп чыгуу сунушталган. “Так мураскери” тасмасы былтыр июлда тартылып баштаган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстанга ЮСАИД 15 миллион сомдук медициналык жабдуу берди

Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (ЮСАИД) коронавируска каршы күрөштүн алкагында Кыргызстанга 15 миллион сомдук медициналык жабдуу берди. АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин билдиришинче, Улуттук госпиталга жогорку технологиядагы мобилдүү видеобронхоскоп тапшырылды. Чүй облустук ооруканасы мобилдүү рентген-аппарат алды. Ош шаардык ооруканасына бейтаптардын буюм-тайымдарын, шейшептерин дезинфекциялаган камера жөнөтүлдү. ЮСАИДдин Кыргызстандагы өкүлү Кайи Адамс жабдуулардан сырткары медициналык кызматкерлердин кесипкөйлүгүн... Читать дальше...


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Путин поручил снизить объём неочищенных сточных вод в два раза к 2036 году

«Школу профориентации для родителей» запустили в Подмосковье

Кожно-венерологический диспансер Подмосковья отпразднует годовщину Победы в ВОВ

Земляки помогают раненым бойцам

Музыкальные новости

Каратисты из Тулы завоевали призовые места на соревнованиях в Санкт-Петербурге

Москву и Санкт-Петербург назвали лучшими городами для подработки

Сотрудники Росгвардии на комплексе Байконур приняли участие в спортивном мероприятии «Наследники Победы»

Житель Удмуртской Республики выиграл в гослотерею от «Столото» более 33 миллионов рублей

Новости России

"Мир квартир": новостройки подешевели в трети крупнейших городов РФ

Пентагон: США не видят признаков того, что Россия применит ядерное оружие

8 мая: какой сегодня праздник, что было в этот день

Путин поручил снизить объём неочищенных сточных вод в два раза к 2036 году

Экология в России и мире

Одна из целей неофашистского Азербайджана - уничтожение Христианства

Аналитическое исследование «585*ЗОЛОТОЙ» показало, сколько тратят на обручальные кольца в 2024 году в разных городах России

Пресс-релиз | CRYPTONIUM | Новая экосистема для заработка на криптовалюте | Арбитраж | Трейдинг | Обучение

Экзаменационный центр «Воронеж-НК» на базе Воронежского ТРЗ Желдорреммаш сертифицирует до 200 дефектоскопистов ежегодно.

Спорт в России и мире

Российский теннисист поднялся на две позиции в топ-10 рейтинга ATP

Андрей Рублев поднялся на шестое место в рейтинге ATP

Свентек переиграла Соболенко и выиграла титул WTA в Мадриде

Свентек выиграла титул WTA в Мадриде

Moscow.media

Галина Янко: главные традиции и приметы Пасхи

Мультсериал «Живой гараж» – в конкурсной программе фестиваля «МультПрактика»

Hybrid открывает собственную школу обучения программатик - специалистов Hybrid AdOps School

От детских шкафчиков – до медицинского оборудования: какие переезды выполняет «Грузовичкоф»











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Детский сад в ЖК «Центр-2» в Балашихе откроют в сентябре

Политолог в день инаугурации Путина назвал слагаемые его легитимности

Башмет заявил о радости от объединения людей вокруг Путина

В Подмосковье стартовал конкурс для будущих педагогов