Кыргызстандык спортчу Адилет Улан уулу Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан V Ислам шериктештиги оюндарында күмүш байгеге ээ болду. Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына караганда, Улан уулу кик-бокстун "лоу-кик" түрүнөн 60 килограмм салмакта күч сынашты. Ал алгач 17-августта азербайжандык Кияз Шахмардановду жана иорданиялык спортчуларды Ибрахим Сулейманды жеңип, финалга чыккан. 17-августта финалда түркиялык спортчуга жеңилип, 2-орунду ээледи. Кик-бокстун дал ушул эле "лоу-кик" түрүнөн Аброр Хакимов коло байгеге ээ болду. Читать дальше...
Бул тууралуу Ош шаардык кеңешинин депутаттары жолдордун абалы менен таанышкан учурда белгилүү болду. Шаардык кеңештин депутаты Хулькар Исамова "Азаттыкка" билдиргендей, "Коопсуз шаар" долбоорун ишке киргизүү багытында иш начар жүрүп жатат. Ош шаарынын патрулдук милициясынын жетекчиси Алберт Абдыкеримов автоматташтырылган мониторинг жүргүзүү үчүн бөлүнгөн атайын бөлмөдө жабдуулар жана компьютердик техника жоктугун билдирди. Анын айтымында, жол чийимдери да толук чийилип бүтө элек. Кыргызстанда... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров элдик курултай өткөрүү жана делегат тандоо боюнча пикирин Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анда мыйзам кабыл алынганга чейин элдик курултайды жарлык менен чогултууну туура көргөнүн жана анда бийликтин бардык бутактары элге отчет берерин билдирди. Президент курултайга аймактардан делегат тандоодо жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн кийлигишүүсүнө тыюу салынганын белгиледи. “Курултайга делегаттарды жергиликтүү эл өздөрү шайлап жөнөтүшөт. Уюштуруу иштерин, делегат шайлоону жергиликтүү кеңештин депутаттары уюштурушат. Читать дальше...
Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркия Израил менен дипломатиялык мамилени толук калыбына келтирерин билдирди. Шаршемби күнкү маалымат жыйынында ал өлкө жакын арада Израилге элчи кызматына талапкерди жылдырарын, ал эми башкы консул кийинчерээк дайындаларын айтты. Израил да Түркиядагы дипломатиялык өкүлчүлүгүн калыбына келтирет. Израилдин премьер-министри Яир Лапид Түркия менен дипломатиялык карым – катыштын кайра башталышын аймактагы туруктуулук үчүн да жана Израилдин жарандарына экономикалык жактан маанилүү экенин билдирди. Читать дальше...
Грузиядагы жыйырмадан ашык бейөкмөт уюм орусиялыктар үчүн виза режимин киргизүүнү суранган биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Алар орусиялык туристтердин эч көзөмөлсүз жапырт түрдө өлкөгө кириши, ошондой эле Батыштын Орусияга каршы санкцияларынан качуу үчүн Грузияга жер которгон ишкерлер мамлекеттүүлүккө коркунуч жаратат деп эсептешет. Билдирүүнүн авторлору акыркы расмий маалыматтарга шилтеме кылып, март айынан июль айына чейин 350 миңге жакын орусиялык Грузияга турист катары эле эмес, отурукташуу үчүн да келгенин жарыялады. Читать дальше...
Ош шаарындагы Ички иштер министрлигинин (ИИМ) 703-аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан аскер 17-августта каза болду. Бул тууралуу Акыйкатчы институту кабарлады. Омбудсмен мекемеси аскер бөлүгүнүн жетекчилигинин сөзүнө таянып буларды кабарлады. «17-августта эртең мененки саат 05.00 чамасында текшерип-өткөрмө пунктунда турган аскер М. уулу А. басып жүрүп жыгылып түшүп, ошол бойдон тура алган эмес. Медициналык бөлүмгө алып барганда анын каза болуп калганы аныкталган. Акыйкатчынын өкүлү Соттук-медициналык... Читать дальше...
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча чыккан чечимге каршы кассациялык арыз менен Жогорку сотко кайрылышты. Бул тууралуу анын адвокаттарынын бири Замир Жоошев маалымдап, Атамбаевди бул иш менен актоону соттон суранышканын айтты. Жоошев Батукаев иши боюнча Жогорку соттун чечимине каршы даттануу укугу буга чейин колдонулбагынын белгиледи. 2019-жылы ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда анын Алмазбек Атамбаев менен мамилеси бузулган. Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Жамиля Туражанова жана Ысык-Көлдүн Тоң райондук сотунун судьясы Ниматилла Каримбековдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады. Мындай чечим Соттор кеңешинин тартип жазасын колдонуу жөнүндө сунушу менен кабыл алынган. “Алар кызматтан судьянын жүрүм-турумунун талаптарын бузгандыгына байланыштуу бошотулду”, - деп айтылат маалыматта. Буга чейин... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров ноябрда курултай чакыруу боюнча жарлыкка кол койду. Курултайды уюштуруу боюнча даярдыктар башталып, аны менен кошо курултай боюнча талкуулар жанданды.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрилиги мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мамлекетке өткөрүлгөн үйүндө жакында курулуш иштери башталарын “Азаттыкка” билдирди. “Учурда укуктук маселелер чечип жатат. Анын үйү Мүлк фондуна өткөрүлгөн. Жакында ал жакта курулуш башталат". Кыргызстанды 2005-2010-жылдары башкарган Курманбек Бакиевдин Бишкектин Жибек-Жолу көчөсүндөгү үйүндө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын реабилитациялык борбору ачылганы жатат. Министрлик ал жакта курулуш иштери жүрүп жатканын белгиледи. Читать дальше...
16-августта Биринчи май райондук соту блогер Ырыс Жекшеналиевди эки айга камакка алууга чечим чыгарды. Соттун бул чечими коомчулукта сынга алынып, иш саясий өңүт алды деген талкуу жүрүп жатат. Ырыс Жекшеналиевдин адвокаты Чыңгыз Ибраев анын бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна кайрыларын "Азаттыкка" билдирди. Ал Биринчи май райондук сотунда тергөөчү Жекшеналиевди камакка алуу өтүнүчүн келтиргенин, аны прокуратура да колдогонун айтты. “Биз беш күндүн ичинде кийинки инстанцияга кайрылабыз. Читать дальше...
Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, 16 жаштагы кыздын кош бойлуу экендиги тууралуу кабар алгач Ноокат райондук милициясына ушул жылдын 17-июнунда түшкөн. Кыз августтун башында көз жарган. Факт Ички иштер министрлигинин электрондук журналына катталып, тергөө жүрүп жатат. Шектүү катары Ноокат шаарынын тургуну кармалган. Балдар кодексинин 94-беренесинин 4-пунктундагы эрежелерден улам милиция мындан башка маалымат берген жок. Читать дальше...
Токтогул шаарында милиция кызматкери автоунаасы менен сүзүп кеткен киши каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады. Милициянын кабарлашынча, 17-августта түнкү саат 12:40 чамаларында Токтогулду аралап өткөн Бишкек - Ош жолунда жол кырсыгы катталган. Милиция күбөлөрдүн сөзүнө таянып, “Лада-2113” машинеси жөө жүргүнчүлөрдүн жолунан өтүп бараткан тургунду сүзүп кеткенин билдирди. Унааны башкарып бараткан милиция кызматкери учурда ооруканада экени кабарланды. Читать дальше...
Кыргызстанда балдарга карата зомбулуктун жазасын күчөткөн мыйзам күчүнө кирди. Эми мындай кылмыш жасагандар өмүр бою эркинен ажыратылып, салынган айыптын өлчөмү көбөйтүлөт. Бир ай мурун 13 жаштагы кыздын зордукталышы коомчулукта резонанс жараткан. Жарандык коомдун өкүлдөрү өлкө бийлигине кайрылып, тийиштүү чараларды көрүүнү талап кылган. Ушул тапта акыйкаттык издеп, сот отурумдарына катышып жүргөн кыздын атасы "Азаттыкка" жаңы мыйзам тууралуу пикирин билдирди: "Биздин иш да ушул мыйзамдын алкагында каралса экен деп турам. Читать дальше...
Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жол долбоорунун 2022-жылы пландалган беш чакырымын куруу иштеринин 70% аяктады. Учурда беш чакырымдан сырткары дагы үч чакырымды куруу пландалып жатат. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасы маалымдады. Учурда долбоордун биринчи баскычы болгон узундугу 63 км түзгөн Балыкчы-Кочкор тилкеси курулуп жатат. Эң орчундуу болгон Боз-Бармак тоосун тешип, казуу иштери уланууда. "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы жүзөгө ашырып жаткан "Балыкчы–Кочкор–Кара–Кече" (186... Читать дальше...
Сокулук районунун тургуну күйөөсүнөн токмок жегенин айтып, милицияга кайрылды. Бул тууралуу Чүй облусттук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Милиция тараткан маалыматка ылайык, 16-августта Улуттук госпиталга сабалган аял кайрылган. 28 жаштагы аял аны күйөөсү токмоктогонун айтып, милицияга арызданган. Бул факты боюнча аялга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, учурда тергөө жүрүп жатканы кабарланды. Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда жылдан жылга үй-бүлөдөгү зомбулуктун саны өсүүдө. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Фейсбук колдонуучусу Ырыс Жекшеналиевдин камалышы боюнча пикирин айтып, президент Садыр Жапаров бул окуяга көңүл бураарын ишенерин билдирди. Эл өкүлү бул тууралуу Телеграм каналында билдирген. "Ырыс Жекшеналиев деген баланы тааныбайт болчумун. Аны 19 жашта жана блогер, активист деп жатышат. Бийлик аны таанымал кылды. Мен анын билдирүүлөрүнөн сындан башка кандайдыр бир чакырык тапкан жокмун. Эми 19 жаш, жалындап турган жаштык, 50-60 жаштагылар жаңылат. 19 жаштагы баланы камап... Читать дальше...
Кыргызстандын Коргоо министри Бактыбек Бекболотов Москва шаарындагы коопсуздук боюнча конференцияга катышты. Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы жыйын 15-16-августта болгонун билдирди. Мекемеден конференцияга Кыргызстандан башка дагы кайсы мамлекеттер катышканы тууралуу маалымдаган жок. Кыргызстандагы Орусия элчилигинин Телеграм каналы эки өлкөнүн Коргоо министрлери жолукканын жазды. Анда Орусиянын Коргоо министри Сергей Шойгу эки өлкө ортосундагы аскердик кызматташтыкты өнүктүрүүнүн 2025-жылга... Читать дальше...
Өзбекстан менен Тажикстандын расмий өкүлдөрү Сурхандарыя жана Хатлон облустарынын бийлиги менен ишкерлердин ортосунда кызматташуу боюнча 23 келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Тажикстандын улуттук “Ховар” маалымат агенттиги жазды. Документтерге өткөн жуманын аягында форумдун алкагында кол коюлган. Келишимдердин арасында өз ара түшүнүшүү меморандуму жана туризм тармагында кызматташуу боюнча жол картасы бар. Мындан тышкары иш-чаранын алкагында 26,6 миллион долларга товар жеткирүү боюнча алты келишимге... Читать дальше...
Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден Конгресстин эки палатасы тең кабыл алган инфляцияны азайтуу мыйзамына 16-августта кол койду. Бул тууралуу “Америка авазы” радиосу билдирди. Жо Байден жаңы мыйзамга кол коюлганга чейин эле аны “таза энергияга жана өндүрүшкө негизделген экономикалык өсүштү калыбына келтирүүнүн ачкычы” деп атаган. Ак үй документ инфляцияны төмөндөтүүгө, бюджеттин тартыштыгын азайтууга жана америкалыктардын медициналык төлөмдөргө короткон чыгымын кыскартууга жардам берет деп үмүттөнөт. Читать дальше...
Мирзохалим Каримов - "Даңк” медалынын ээси, кыргыз-тажик жазуучусу, белгилүү котормочу, публицист. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт. Котормочулук өнөр өксүп калды Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун залкар чыгармаларынын шарапаты менен дүйнөгө таанылган кыргыз адабиятын башка элдерге которуп жайылтуу жаатына совет доорунда өзгөчө маани берилчү. Жазуучулар союзунун алдындагы Адабиятты пропагандалоо бюросу акын-жазуучуларды эл менен жолугуштуруп, таасирдүү иш-чараларды жүргүзүп турган. Читать дальше...
Казакстандагы “Кахарман” укук коргоо уюму бийликтен Январь окуясында набыт болгондор тууралуу толук маалымат берүүнү талап кылды. Бир күн мурун Башкы прокуратура башаламандыктан жети ай өткөндөн кийин гана каза болгондордун тизмесин жарыялаган. Бирок тизмеде 238 маркумдун аты-жөнү гана жазылган. Алар кантип жана кандай шартта каза болгону тууралуу маалымат жок. Ысымы кыскартылып, баш тамгасы менен гана берилген. Адамдардын жаш курагы тууралуу да жазылган эмес. Алардын кимисин күч кызматкерлери... Читать дальше...
Орусиядагы кыргызстандыктар үч айлык убактылуу миграциялык каттоого турушу керек деген маалыматты Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги четке какты. Мунун алдында мигранттар каттоого туруу татаалдашканын, 3-сентябрдан тарта каттоосу жоктор "кара тизмеге" киргизилерин айтып чыгышкан. Москвада бир нече жылдан бери курьер болуп иштеп жүргөн кыргызстандык Айтмырза Садыков убактылуу миграциялык каттоого ортомчу фирмалар аркылуу турган. Ал өзү Москвада башка мигранттар сыяктуу эле улам батир алмаштырып, бирок каттоосу башка даректе. Читать дальше...
Бишкек шаардык мэриясы тогузга чыкканга чейин мектепте такыр окубаган бала тууралуу социалдык тармактарда тараган маалыматтардан улам түшүндүрмө берди. Анда Биринчи май райондук администрациясынын тиешелүү кызматкерлери бала жашаган үйгө барганы, аны учурда энесинин бир тууганы багып жатканы айтылат. "Баланы багып жаткан жаран ал Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Чоң Кызыл-Суу айылында жашаган бир тууган эжесинин уулу экенин, 2014-жылдан бери асырап алуу максатында багып келатканын айтты. Ошондой... Читать дальше...
Мектеп директорлорун тандоо сынагынын алкагында 17-августта Чүй менен Талас облустарында компьютердик тестирлөө жүрүп жатат. Билим берүү жана илим министрлигинин билдиришинче, Чүйдө 44, ал эми Таласта 146 бош орун бар. Буга чейин комьютердик тестирлөө Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында өткөн. Анда Баткен облусундагы мектеп директорлорун тандоо сынагына катышкан 147 талапкердин ичинен 60 адам тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн. Жалал-Абадда 220 талапкердин 61и, ал эми Ошто Ошто 372 адамдын 88и керектүү балл топтогон. Читать дальше...