Добавить новость


World News in Kyrgyz
Ria.city


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Март
2021

Новости за 21.03.2021

Azattyk.org 

Депутат Кумтөрдөгү калдык сактоочу жайдагы 106 тонна алтынды иштетүүнү сунуштады

Кумтөр алтын кени боюнча Жогорку Кеңеште түзүлгөн мамлекеттик комиссия жеринде барып өндүрүштү көрүп келди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы маалымдады. Комиссиянын мүчөсү, парламент депутаты Каныбек Иманалиев калдык сактоочу жайдагы 106 тоннадай алтынды кайра иштетүү керектигин айтып, жаңы тендер өткөрүү мүмкүн экенин билдирди. “Мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен алтын өндүрүшүнүн жаңы формуласын иштеп чыгышыбыз керек”, – деди эл өкүлү. Ал эми депутат Рыскелди Момбеков... Читать дальше...

Azattyk.org 

Министр Ажыкеев курулуш компанияларын сындады

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министри (ӨКМ) Бообек Ажыкеев Бишкек шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн курулушунда экологиялык талаптар сакталбай жатканын айтып, ишкерлерди кескин сындады. Министр мындай пикирин өкмөт башчы Улукбек Марипов тийиштүү мамлекеттик органдардын катыщуусунда үй куруучулар менен бирге өткөргөн көчмө жыйында билдирди. “Мен архитектор жана курулушчуларга суроо бергим келет. Биздин шаарды эмнеге айлантып салдыңар? Тротуар жок, жол куушурулган. Түтүн! Шаарда жашаган мүмкүн болбой калды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Байсалов: Күрөновдун маселеси сөз эркиндиги эмес

Кыргызстандын Британиядагы элчиси Эдил Байсалов «Азаттыктын» «Эки-бир» берүүсүнө маек куруп жатып жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулунун (Куренов) кармалышы боюнча пикирин билдирди. Байсалов жарандык активисттин социалдык тармактарда жазган постторун сөз эркиндиги деп эсептебейт. “Күрөнов (ред: Тилекмат Кудайберген уулу “Фейсбукта” Күрөнов деп катталган) боюнча айтсам. Мен түшүнбөйм, сиз мактаган жарандык коом айтып жатат “ал “Фейсбукка” пост жазганы үчүн жоопкерчиликке тартылып жатат” деп. Читать дальше...

Azattyk.org 

Көк бөрү: "Ынтымактын" жеңиши

21-мартта Чолпон-Ата шаарында Нооруз майрамына арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдеште жогорку лигада Таластын “Ынтымак” командасы жеңүүчү аталды. Бул команда финалда Оштун “Достук” командасын жеңип алды. “Нооруз-2021” мелдеши коомдук ишмер, экс-депутат Болот Шердин жана белгилүү кинорежиссерлор Болот Шамшиев, Темир Дүйшекеевдин жаркын элестерине арналды.

Azattyk.org 

Түркиянын аялдарды коргогон келишимден чыгышы сынга кабылды

Түркиянын аялдарды зомбулуктан коргоо келишиминен чыгуу чечими өлкө ичинде жана сыртында катуу сынга кабылды. Президент Режеп Тайып Эрдогандын Европа Кеңешинин келишиминен чыгуу жарлыгы ишембиде (20-мартта) чыкты. Эл аралык коомчулук бул чечимди кескин сынга алды.    Европа Биримдигинин жогорку өкүлдөрү Түркиянын Стамбул келишиминен  чыгуу  тууралуу чечимин кескин сындап, Анкараны бул келишимге кайтууга чакырышты. 21-мартта Еврокомиссиянын төрайымы Урсула ван дер Ляйен документке кол койгон... Читать дальше...

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Мындай катуу тиреш чанда болот. "Ынтымактын" "Достукту" утуп алган видеосу

Көк бөрү боюнча республикалык турнирдин финалында "Ынтымак" менен "Достук" командалары бүйүр кызыткан кызыктуу оюн тартуулады. Катуу даярдык менен келген улакчылар бири-бирине катуу айбат көрсөттү.

Azattyk.org 

АКШ коргоо министри Остин Кабулга барды

АКШ коргоо министри Ллойд Остин 21-мартта Ооганстанга мурда жарыяланбаган иш сапар менен барды. Президент Жо Байден өткөн аптадагы интервьюсунда Ооганстандагы аскерлерди 1-майга чейин чыгарып кетүү кыйын болоорун айткан. Сөз болгон мөөнөт былтыр мурдагы президент Доналд Трамртын бийлиги  менен Ооганстандагы талиптер кыймылынын  өкүлдөрүнүн ортосунда макулдашылган. Быйыл январда бийликке келген президент Жо Байден бул мөөнөт бир нече убакытка создугушу ыктымал деп айтты. NBC News каналы эки башка булакка шилтеме жасап... Читать дальше...

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Баш байгени жулуп алган "Кара-Бууранын" улакчылары. 1-лигадагы кызыктар видеодо

Чолпон-Атада Нооруз майрамына карата салтка айланган Көк бөрү боюнча республикалык турнир өттү. Биринчи лиганын финалына "Кара-Буура" жана "Жети-Өгүз командалары чыкты.

Azattyk.org 

COVID-19: Алдыңкы сапта жүргөн аялдар

"Эже-сиңдилер" берүүсүндө бул жолу коронавирус эпидемиясынын бир жылдыгына сарепсеп салдык. Айрыкча Covid-19 инфекциясы менен күрөштө алдыңыкы орунда өмүр менен өлүмдүн ортосунда жүргөн аялдар тууралуу да кеп курдук.




Azattyk.org 

Ирандын жолбашчысы Ноорузда сүйлөгөн сөзүндө "тоскоолдуктарды жоюу" тилегин айтты

Ирандын руханий жолбашчысы, аятолла Али Хаменейи чыгыш элдеринин Жаңы жылы (кыргызча «Улустун улуу күнү») – ноорузга арналган 20-марттагы түз обого чыккан сыналгы көрсөтүүсүндө быйылкы жыл үчүн “мол түшүм” каалады жана өкмөт өндүрүштү өрчүтүү үчүн ар кандай мыйзамдык бөгөттөрдөн арылсын деген тилегин айтты. Хаменейинин айтымында, быйыл июнда боло турган шайлоо азыркы президент Хасан Роуханинин мураскорун тандоого мүмкүндүк берет жана бул өнөктүк жаңы жылды "маанилүү жана сезимтал" кылаары шексиз. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бажы кызматы: Абхазиядан келген унааларды албагыла

Кыргызстандын мамлекеттик Бажы кызматы жарандарга Абхазиядан алып келинген унааларды сатып алуудан жана бажы каттоосунан өткөрбөй туруп пайдалануудан карманууга чакырууда. Мекеменин маалымат кызматы кабарлагандай, учурда Бажы кызматы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖКККБ) менен биригип Абхазиядан унааларды мыйзамсыз алып келип, сатууну тыюу багытында чара көрүүдө. Маалыматта жазылгандай Абхазиядан алып келинген унаалар ЕАЭБдин товары болуп эсептелбейт. "Абхазиядан убактылуу... Читать дальше...

Azattyk.org 

Илдет маалындагы Нооруз майрамы 

Бүгүн - 21-мартта кыргызстандыктар Нооруз майрамын белгилеп жатышат. Борбор калаа Бишкекте коронавируска байланыштуу Ноорузга карата иш-чаралар токтотулган. Мындай чечим Covid-19 жуктургандардын саны өсүп жаткандыктан кабыл алынган. Башка аймактардын дээрлик баарында майрамга арналган иш-чаралар уюштурулууда. Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды көктөм майрамы менен куттуктап, быйылкы жаз — республикабыз үчүн өзгөчө жаз деп сыпаттады: «Анткени элибиз өтө маанилүү жана жооптуу учурдун ... Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусиянын АКШдагы элчиси "киши өлтүргүч" сөзүнүн жаңжалынан кийин Москвага кайтып келди

АКШ президенти Жо Байдендин орусиялык кесиптеши Владимир Путинди "киши өлтүргүч" деп атагандан кийин Кремль менен Вашингтондун ортосунда чыңалуу күчөп турган кырдаалда, АКШдагы орус элчиси Анатолий Антонов шашылыш кеңешүүгө чакырылып, 21-мартта Москвага кайтып келди. Аптанын башында Байдендин сыналгы үчүн курган маегинде айткан "киши өлтүргүч" сөзү өз кезегинде Владимир Путиндин АКШ президентине "ден соолук" каалаган жообун алды. Путин какшыктап, кээ бир кишилер өздөрү чындыгында ким болсо, башкалардан ошону көрөт, деп кошумчалады. Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусия чет өлкөлүк студенттерге окууга жол ачты

Орусия Федерациясынын өкмөтү чет мамлекеттердин студенттерине, аспиранттарга, ординаторлорго жана даярдоочу курстардын угуучуларына Орусияга кайтып келип, окуусун улантууга уруксат берди. Бул тууралуу Орусиянын Илим жана жогорку билим берүү министрлиги маалымдады. Ага ылайык уруксат эпидемиологиялык абал кооптуу эмес деп эсептелген 25 мамлекеттин жарандарына гана берилген. Алардын ичинде Кыргызстан дагы бар. Министрликтин талабы боюнча чет өлкөлүк студенттер окууга кайтаары тууралуу өздөрү билим... Читать дальше...

Azattyk.org 

21-март - поэзиянын дүйнөлүк күнү. Алыкул Осмонов дагы 21-мартта туулган

21-март  - поэзиянын бүткүл дүйнөлүк күнүнө жана акын Алыкул Осмоновдун туулган күнүнө карата бүгүн акындар, чыгармачыл адамдар салттуу болуп калгандай акындын мүрзөсүндө эскерүү өткөрүштү. Уюштуруучулардын бири, Жазуучулар союзунун мүчөсү Айсулуу Көкөеванын “Азаттыкка” билдиргени боюнча Алыкулдун мүрзөсүнө гүлчамбар коюлуп, ырлар окулду: “90-жылдары азыркы депутат, акын, жазуучу Каныбек Иманалиев демилгелеп түзгөн салттуу саамалык бүгүн да уланды. Жыл сайын 21-мартта таң атпай чыгармачыл адамдар Алыкулдун мүрзөсүнө барып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Пандемиядагы Нооруз

Бүгүн - 21-мартта кыргызстандыктар Нооруз майрамын белгилеп жатышат. Борбор калаа Бишкекте коронавируска байланыштуу Ноорузга карата иш-чаралар токтотулган. Мындай чечим Covid-19 жуктургандардын саны өсүп жаткандыктан кабыл алынган. Башка аймактардын дээрлик баарында майрамга арналган иш-чаралар уюштурулууда.

Azattyk.org 

Көк бөрү: Нооруздун баш байгесин "Ынтымак" кайрадан жеңди (видео)

Бүгүн - 21-мартта Чолпон-Ата шаарында Нооруз майрамына арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдеште жогорку лигада Таластын “Ынтымак” командасы жеңүүчү аталды. Бул команда финалда Оштун “Достук” командасын жеңип алды. Оюндун негизги убактысы 4:4 эсебинде тең чыгуу менен аяктап, булитте 6:5 эсебинде таластык улакчылар демилгени колго алышты. Биринчи таймда таластыктар эки улакты тайказанга салып, алдыга чыгышты. 2-таймда “Достук” оюнчулары эсепти теңегенге жетишти. 3-тайм башталганда “Достук” удаасы менен эки улакты тайказанга салса... Читать дальше...

Azattyk.org 

Австралияны суу каптады

Нөшөрлөп жааган жаандан улам пайда болгон суу ташкыны шаарларды жана эл жашаган аймактарды каптады. Өлкөнүн эл эң жыш жашаган Түштүк Уэльс штатынын өкмөт башчысы Глэдис Береджиклян 21-мартта брифинде маалымдагандай, сел ташкыны күтүлгөндөн алда канча катуу болуп кеткен: «Кечээ биз 20 жылдан бери боло элек суу ташкыны кайталанат деп күткөн болсок, бүгүнкү кырдаал жарым кылымда бир болуучу ташкынды эске салды», – деди Бережиклян. Анын айтуусунда Сиднейдин түндүк-батышында жашаган адамдар турак-жайын таштап кетүүгө аргасыз болушууда. Читать дальше...

Azattyk.org 

Токиодо өтүүчү Олимпиада оюндарына чет элдик көрүүчүлөр киргизилбейт

Токиодо 2021-жылы жайында өтүүчү Олимпиада оюндарына  чет өлкөлүк көрүүчүлөрдү  киргизбөө тууралуу чечимди уюштуруучу комитет коронавирус пандемиясына байланыштуу кабыл алды. Эми оюндарга билет сатып алган 900 миңден ашуун күйөрмандардын акчасы кайтарылып берилмекчи. Мейманкана, жол кире жана башка чыгашалар эске алынган эмес. Ошондой эле чет өлкөлүк ыктыярчылардан баш тартылышы жана оюнга келүүчү делегациянын санына чектөө киргизилиши да күтүлүүдө. Уюштуруучулар башкы орунда оюнчулардын жана жапон элинин коопсуздугу турганын белгилешти. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бирмалык дарыгерлер хунта зомбулугуна каршы нааразылык билдиришти

Бирмадагы аскердик төңкөрүшкө каршы чыккан демонстранттарга каршы зомбулук ишемби күнү да кайталанган соң, өлкөнүн борбор шаарындагы дарыгерлер менен медайымдар 21-марттын таңкы сааттарында көчөлөргө чыгышты. Бирмада 1-февралда болгон аскердик төңкөрүштөн кийин баш-аламандык улантылып келет. Жарандык лидер Аун Сан Су Чжи бийликтен кулатылган соң, калайык демократияга кайтуу талабы менен жалпы улуттук нааразылык чараларын ырааттуу өткөрүп жатат. Коопсуздук күчтөрү демонстранттарга каршы көздөн... Читать дальше...

Azattyk.org 

Украинанын соту “Мотор Сич” аэрокосмикалык компаниясын кытайлык инвесторлордон тартып алды

Украинанын соту дүйнөдөгү тик учактар жана учактар үчүн кыймылдаткычтардын ири өндүрүүчүлөрүнүн бири болгон “Мотор Сич” аэрокосмикалык компаниясынын мүлкүн жана бардык баалуу кагаздарын камакка алды. Украинанын мамлекеттик коопсуздук кызматы 20-мартта жасаган билдирүүсүндө Киев соту “Мотор Сич” компаниясынын бардык мүлкүн жана баалуу кагаздарын камакка алуу тууралуу чечим чыгаргандыгы айтылат. Эми компания жемкорлук жана башка кылмыштар аркылуу алынган мүлктү башкарууга жооптуу болгон мамлекеттик органга өткөрүлүп берилди, делет билдирүүдө. Читать дальше...


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus