Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

21-март - поэзиянын дүйнөлүк күнү. Алыкул Осмонов дагы 21-мартта туулган

21-март  - поэзиянын бүткүл дүйнөлүк күнүнө жана акын Алыкул Осмоновдун туулган күнүнө карата бүгүн акындар, чыгармачыл адамдар салттуу болуп калгандай акындын мүрзөсүндө эскерүү өткөрүштү.


Уюштуруучулардын бири, Жазуучулар союзунун мүчөсү Айсулуу Көкөеванын “Азаттыкка” билдиргени боюнча Алыкулдун мүрзөсүнө гүлчамбар коюлуп, ырлар окулду:


“90-жылдары азыркы депутат, акын, жазуучу Каныбек Иманалиев демилгелеп түзгөн салттуу саамалык бүгүн да уланды. Жыл сайын 21-мартта таң атпай чыгармачыл адамдар Алыкулдун мүрзөсүнө барып, ыр окуп, гүл коюп, эскерип турабыз. Жылыга биз менен кошо барчу айрым акындарыбыз азыр өздөрү Алыкулга кошуна болуп, “Ала-Арча” көрүстөнүнөн түбөлүк жай алышкан. Алардын да мүрзөлөрүнө гүл коюп, таазим кылдык”.


Айсулуу Көкөева залкар акынды эскерүү андан ары Алыкулдун үй музейинде  уланганын кошумчалады. Бул үйдө акын жашап, иштеп, көзү өткөн.


Кыргыздын залкар акыны Алыкул Осмонов 1915-жылы 21-мартта дүйнөгө келип, 1950-жылы 12-декабрда 35 жашында көзү өткөн. Ырлары менен окурмандардын сүймөнчүлүгүнө айланган акын ондон ашуун китеп чыгарып, Пушкин, Шекспир, Низами, Шота Руставели сыяктуу дүйнөлүк адабияттын алптарынын чыгармаларын кыргызчалаган.


Айрыкча Шота Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыр" поэмасы Алыкулдун котормосунда эң мыкты экени айтылып келет. Шекспирдин "Отелло", "Он экинчи түн" сыяктуу драмалары да кыргыз көрүүчүлөрүнө акындын котормосу боюнча сахналаштырылган.



Алыкулдун үй-музейи Бишкек шаарындагы Сокулук көчөсүндө №10 үйдө жайгашкан.(ZKo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus